Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:02

Акылбек Жапаров "Центерра Голд" жаңы сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштаганын билдирди


"Кумтөр" ишканасы.
"Кумтөр" ишканасы.

“Центерра Голд” компаниясы Кумтөр боюнча жаңы жылга чейин сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүүнү сунуштап жатканын кабарлады.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал Кумтөр маселеси толугу менен чечилгенин, “Центерра Голд” Кумтөргө толук ээлик кылбай калганын тастыктаганын кошумчалады.

“Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өткөндө Женевада сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы өткөн. Алар жаңы жылга чейин жолугушабыз деген сунушун жөнөттү. Биз шайлоолор өткөндөн кийин дагы бир жолу, акыркы жолу жолугуп, өзүбүздүн эсеп-чотту тактап бүтөбүз”, - деди Жапаров.

Өткөн аптада "Центерра Голд" Кумтөр үчүн күрөштү, кенге байланыштуу Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди улантарын билдирген:

"Буга чейинки чыгарган маалыматта ачык белгилегендей, "Кумтөр" мындан ары да толугу менен Centerra Gold Inc. компаниясына таандык туунду компания болуп саналат жана биз Кумтөр кенин мыйзамсыз басып алгандыгы үчүн Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди улантабыз", - деп айтылган маалыматта.

Мындай билдирүүнү «Центерра Голд» ага чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтканына жооп иретинде жасаган. Жапаров “Центерра Голд” Кумтөр кенине мындан ары ээлик кылбай турганын расмий жарыялаганын айткан. Буга "Центерра Голддун" расмий сайтында жарыялаган маалымат негиз болгон.

Кыргыз тарап быйыл май айынан бери Кумтөргө сырттан башкаруу киргизип, иш жүзүндө көзөмөлдөп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG