Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

Түркияда үч шайлоо тилкеси ачылды


Анталия шаарындагы шайлоо тилкесинин комиссия мүчөлөрү. 28-ноябрь, 2021-жыл.
Анталия шаарындагы шайлоо тилкесинин комиссия мүчөлөрү. 28-ноябрь, 2021-жыл.

Бүгүн, 28-ноябрда парламенттик шайлоого карата Анкарадагы Кыргызстандын элчилигинде, Стамбулдагы жана Анталиядагы Башкы консулдуктарында үч шайлоо тилкеси ачылды. Бул тилкелерде Түркияда жашаган жана каттоодон өткөн кыргызстандыктар эртең мененки 8:00дөн тарта кечки сегизге чейин добуш бере алышат.

Үч тилкеде жалпысынан 3131 шайлоочу бар. Алардын 1081и Анкарада, 1279у Стамбулдагы башкы консулдукта, 771и Анталияда катталган.

Анталия шаарындагы шайлоо тилкеси биринчи жолу ачылып жатат. Өткөн айда президент Садыр Жапаров "Түркиянын Анталия шаарында Башкы консулдугун уюштуруу жөнүндө" жарлыкка кол койгон.

Түркиядагы кыргызстандыктардын дээрлик көпчүлүгү Анталия, Измир жана Алания аймактарында жашап-иштегендиктен бул жерлерде шайлоо тилкесин ачуу зарылдыгы бир канча жылдан бери айтылып келген.

Чет өлкөлөрдө жашаган 84 128 шайлоочу жалпысынан 59 добушканада добуш берет. Алардын көпчүлүгү Орусия аймагында жайгашкан. Каттоодо турган шайлоочулар үчүн акыркы добушканалар АКШда ачылат. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG