"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкек шаарындагы №1214 шайлоо тилкесинде добуш берди. Ал бул ирет шайлоо салыштырмалуу таза, адилет өтүп жатканын билдирди. Буга 2011-жылы өлкөдө реформаланган шайлоо системасы өбөлгө болгонун кошумчалады.
"Шайлоо системасы реформаланып, "Акылдуу үкөктөр" коюлду. Албетте, муну чет элдик жана КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулары жогору баалап жатат. Бирок, коррупция шайлоо тилкелеринен көчөгө чыкты. Добуш сатып алуулар дагы деле болууда. Мунун жыйынтыгын былтыркы парламенттик шайлоодо көрдүк. Сатып алуулар бир күндө эле дароо токтоп калбайт. Ошондуктан, шайлоо кынтыксыз, сатып алуулары жок болду деп айтуу кыйын. Шайлоо кампанияларында акчанын орду мурункудай эле чоң".
Шайлоо өнөктүгү Текебаев теледебатта президент Садыр Жапаровдун жаңы конуштардагы айткан сөзүн сындап, "Кумтөр иши" боюнча көз карашын билдирген.
Ага өлкө башчысы "Арыба" гезитине берген маегинде жооп кайтарып, "Кумтөр мамлекетке өткөнүн", бир топ аткаминерлер камалганын, иликтөө уланып жатканын" айткан.
Бүгүнкү парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54ү депутат болуп келет. Бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат. (BCh)