Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:18

Президент Жапаров Текебаевдин дебатта айтканына жооп кайтарды


Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаров. Коллаж.
Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаров. Коллаж.

Президент Садыр Жапаров "Арыба" сайтына жарыяланган маекте 24-ноябрда Коомдук телерадиоберүү корпорациясында (КТРК) Жогорку Кеңештин шайлоосуна байланыштуу дебатка катышкан "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айткандарына жооп кайтарды. Текебаев ал жетектеген партия азыркы бийликке оппозиция экенин маалымдап, президент Садыр Жапаровдун бир нече күн мурун жаңы конуштардын тургундары менен жолугушканда айткан сөзүн сынга алган. Ошондой эле Кумтөр кени боюнча пикирин билдирген.

Мамлекет башчысы Кумтөр толугу менен Кыргызстанга өткөнүнө токтолгон.

"Текебаев алжып калган же ич күйдүлүк кылып жатат. "Алжып калган" дегеним өзү көрүп турган эле жолду "мына ушул жол туура" деп эле көрүп тура берчү адат бар. Ошентип көгөрүп жүрүп акыркы он жылда мамлекетти сазга батырды. Маселени чечүүнүн башка жолдору толтура да. Кумтөр талаш жок 100% мамлекетке өттү. Чекит коюлду. Муну тигилер да моюндашты. Азыр кылмыш иштери жүрүп жатат. Бир топ аткаминерлер камалды. Тигилер тараптан да жоопко тартылчулар бар. Бир аз убакыт керек. Бүтөөрү менен жыйынтык чыгарабыз", - деген мамлекет башчы.

Жапаров маегинде Текебаев 2012-жылы Кумтөр кенин Кыргызстанга кайтаруу тууралуу маселе көтөрүлгөндө Атамбаевдин буйругун аткарып каршы чыкканын айткан.

"2012-жылы мен "Кумтөр мамлекетке өтсүн" деген маселе көтөрүп, Жогорку Кеңеш ызы-чуу түшүп турганда Текебаев фракциясын кабинетине чогултуп алып "атажуртчулар" ушул маселени көтөрүп чыгат, биздин арабызда жокпу көтөрүп чыкчулар деп фракциясын зекийт. Ичи күйөт... Кийин добуш берерде "Ата Мекен" фракциясы тобу менен добуш бербей залдан чыгып кетишкен", - деген президент.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчынын "Арыба" сайтына жарыяланган маегиндеги сөздөр бурмаланбаганын "Азаттыкка" билдирди.


КТРКдагы дебатта Өмүрбек Текебаев "Чындыкты айткандар душман" деп жарыялады.

"Садыр Жапаров саясий оппоненттерин эле эмес, кыштын суугуна үшүгөнүнөн, кымбат баалардын азабынан бүгүнкү кырдаалга нааразы болгон жөнөкөй адамдарды да өзүнүн душманы деп жарыялады. Президент – Конституциянын, элдин биримдигинин гаранты. Элди бөлүп-жарган президенттин статусуна туура келбейт. Президент ар бир жаран үчүн бирдей кам көрүп, бирдей мамиле жасаш керек”, - деген.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 22-ноябрда Бишкекте жаңы конуштардын тургундары менен жолугушуп жатып, “саясатчылардын арасында эле эмес, эл арасында да душмандары бар” экенин айткан. Ал муну көмүр рыногундагы спекуляцияга байланыштуу кеп кылган.

“Ордо” партиясынын лидери Мирбек Мияровдун “2012-жылы Садыр Жапаров Кумтөр кенин Кыргызстанга кайтаруу тууралуу маселе көтөргөндө эмне үчүн колдобой койгонсуз?” деген суроосуна жооп берген Текебаев:

“Садыр Жапаровдун 2012-жылы Жогорку Кеңешке сунуштаган токтомун колдосо Кумтөр мамлекетке өтүп калат экен деген жаңылыш түшүнүк бар. Ал токтомду биз колдогон эмеспиз, анткени “2003-жылкы, 2009-жылкы элге каршы келишимдерге кол койгон чиновниктер жазалансын” деген сунушубуз ага кирбей калган. Биз чыккынчыларды, коррупционерлерди эл билиш керек деп талап кылган элек. Бүгүн баары “Кумтөрдү биз алдык” деп айтып жатышат. Мен ачык айтып коёюн, биз “Центерранын” бир дагы акциясын алганыбыз жок, “Кумтөр Голд Компанинин” бир мыгын алган жокпуз. Алыш үчүн кызыл китеп дегендей эле документ кылып, өзүбүзгө өткөрүшүбүз керек. Биз антип өткөрбөй эле, Кумтөрдү жөн эле басып жатабыз. “Гаишник” машинени алып, айып короосуна токтотуп койгондой эле болуп жатат. “Ээси качан келет экен, канча берет экен” деп күтүп олтурабыз. Эгер мен туура эмес айтсам, президенттин пресс-кызматы эртең “Текебаев туура эмес айтып жатат” деп чыксын. “Ата Мекен” партиясы 2010-жылдан бери Кумтөрдү улутташтыруу жөнүндө эки мыйзам киргизген. Аны кабыл алсак, кен толугу менен мамлекетке өтмөк. Бирок Садыр Жапаровдун бийлиги келгенден бери да ал мыйзамдар ордунан жылган жок”, - деп жооп берген.

2012-жылы Садыр Жапаров депутаттык комиссиянын төрагасы катары Кумтөр кенине Кыргызстандын атынан оперативдик башкаруу киргизүүнү сунуштаган. Ал муну “Кумтөр Алтын Компани” аттуу мамлекеттик ишкана түзүп, ошол аркылуу ишке ашырууга болорун айткан. Ал кезде буга“улутташтыруу эмес” деп баа берген. Бирок анда парламент бул чечимди колдобой койгон, кийин өзү ушул боюнча митингдерден кийин камалган.

Садыр Жапаров быйыл президент болуп шайлангандан кийин, май айынын ортолорунда Кыргызстан “Кумтөр Голд Компани” ишканасына сырттан башкаруу киргизген. Бул боюнча ишканага ээлик кылган канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен соттошуу да, сүйлөшүү да уланып келет.

Коомдук каналдагы саясатчылардын дебаты 28-ноябрдагы Жогорку Кеңештин депуттарын шайлоого байланыштуу өтүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG