Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Беларустагы 200 мигрант Польшага кирүүгө аракет кылды


Беларустун чек арачылары мигранттарды кармап турган учур.
Беларустун чек арачылары мигранттарды кармап турган учур.

Польша-Беларус чек арасындагы 200дөй мигрант тосмолорду жиреп өтүп, Польшанын аймагына кирүүгө аракет кылды. Бул тууралуу Польшанын чек ара кызматы кабарлады.

Окуя Черемча кыштагынын жанында орун алды. Евробиримдикке кирүүнү көздөгөн мигранттар менен польшалык чек арачылардын ортосундагы мындай кагылышуулар күндө болуп турат.

Мигранттар чек арадагы зым тосмолордун үстүнө устундарды узунунан таштап өтүүгө аракет кылган, бирок Польшанын чек арачылары ага жол берген эмес. Натыйжада беш мигрант ооруканага жеткирилген.

Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн 27си учурда Беларуска каршы жаңы санкциялардын бешинчи пакетин даярдап жатат.

Беларустун Коопсуздук кеңеши 25-ноябрда билдирүү таратып, быйыл өлкөгө 11500мигрант мыйзамсыз киргенин, алардын беш миңи кайра депортацияланганын айтты.

Быйыл жайында Беларус баштаган миграциялык кризис Евробиримдиктин мүчөлөрү Польша, Латвия жана Литвага коркунуч жаратып, бул өлкөлөр чек араларын күчөтүлгөн тартипте кайтара баштаган.

Жакынкы Чыгыштан ташылып келген мигранттар Беларустун аймагы аркылуу чек араны бузуп кирүүгө далалат жасап жатат. Европа Биримдиги беларус лидери Александр Лукашенкону президенттик шайлоодон кийин киргизилген санкциялар үчүн өч алууда деп айыптады. Минск мындай айыптоолорду четке кагууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG