Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:50

Ташкентте ондогон эркектин сакалы мажбурлап алынды


Икрам Холматовдун сакалы алынгандан кийинки сүрөт.
Икрам Холматовдун сакалы алынгандан кийинки сүрөт.

Өзбекстандагы Ташкент облусунун полициясы ондогон мусулман эркекти ички иштер бөлүмүнө чакырып, алардын сакалдарын мажбурлап алдыртты. “Азаттыктын” өзбек кызматына жергиликтүү активисттердин бири кабарлагандай, акыркы учурда облуста сакал койгон эркектерге каршы рейддер күчөтүлгөн. Активисттин айтымында, полиция динчил эркектерди гана бутага алууда.

Бирок Өзбекстандын Ички иштер министрлиги мындай аракеттер динге байланышкан деген айыптоолорду четке какты.

Маалыматка ылайык, акыркы айда эле Ташкент облусундагы Янгиюл айылында 22 кишинин сакалы алынган.

Янгиюлдун 38 жаштагы тургуну Икрам Холматов аны жана дагы төрт эркекти 22-ноябрда полиция бөлүмүнө чакырып, сакалын алдырткан.

“Полиция үйүмө келип, издөөдөгү бир аялдын иши боюнча суракка алабыз деп алып кетишти. Ички иштер бөлүмүнө кирген соң алар менин чөнтөгүмдү аңтарып, телефонумду чукулап, эч нерсе табалбай, мени сүрөткө тартып башташты. Сакалыңды өзүң албасаң, биз мажбурлап алабыз дешти. Мен сакалымды атайын узун кылбай өстүрүп жүргөнүмдү айтып макул болбой койдум. Анда алар “атаң бизге балам сакалын алат деп сөз берген, сага атаңдын сөзү сөз болбой калганбы” деп кысым көрсөтө башташты. Атам жөнүндө айтып башташканда мен сакалымды кырып салууга мажбур болдум. Андан соң алар мени дагы бир жолу сүрөткө тартып туруп кое беришти,” – деди Икрам Холматов.

Соңку жылдары полиция 32 миллион калкы бар Өзбекстанда эркектердин узун сакалдарын күчтөп алдыртууну ислам радикализмине каршы күрөшүү аракети катары түшүндүрүп келет.

Былтыр жарыяланган АКШнын Мамдепартаментинин баяндамасында Өзбекстанда дин тутуу эркиндигин чектеген учурлар дагы эле кездешери белгиленген. Мисал катары эркектерди сакалдарын алууга мажбурлоо, аялдарга хижаб кийүүгө уруксат берилбеши жана окуу жайларга жоолукчан студент кыздарды киргизбей коюу өңдүү көрүнүштөр келтирилген.

XS
SM
MD
LG