Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Орусия дин эркиндиги бузулган өлкөлөрдүн катарына кирди


"Жахабанын күбөлөрү" уюмунун мүчөлөрү. Москва, 2017-жыл. Архивдик сүрөт
"Жахабанын күбөлөрү" уюмунун мүчөлөрү. Москва, 2017-жыл. Архивдик сүрөт

АКШнын Мамлекеттик департаменти дин эркиндиктери боюнча жылдык докладында Орусияны “кара тизмеге” киргизди. Ага чейин тизмеде Түркмөнстан жана Тажикстан бар болчу.

“Мен Мьянма, Кытай, Эритрея, Иран, Түндүк Корея, Пакистан, Орусия, Сауд Арабия, Тажикстан жана Түркмөнстанды дин тутуу эркиндиги олуттуу, токтоосуз жана ырааттуу бузулушуна байланыштуу чоң камтама жараткан өлкөлөр катары белгилейм”, - деп билдирди Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен.

Дагы төрт өлкө - Алжир, Комор аралдары, Куба жана Никарагуа атайын көзөмөлгө алынчу мамлекеттердин тизмесине кошулду. Ошол эле маалда эл аралык диний эркиндиктер боюнча комиссиянын ал тизмеге Ооганстан, Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстанды камтуу сунушу канааттандырылган жок. Америкалык комиссия конгресс тарабынан түзүлгөн көз карандысыз орган.

Блинкен Вашингтон бир катар өлкөлөрдүн бийликтерине кысым көргөзүп, дин эркиндиктерине тиешелүү мыйзамдардагы кемчиликтерди оңдоттурууга аракет көрүп келатканын белгиледи.

Алсак, Орусия былтыр февралда "Жахабанын күбөлөрү" уюмунун 200дөн көп мүчөсүн экстремисттик же террордук ишмердикке тиешеси барлардын тизмесине киргизген.

XS
SM
MD
LG