Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:50

Жамбылда катуу шамалдан киши өмүрү кыйылды


Тараз шаары. Архивдик сүрөт
Тараз шаары. Архивдик сүрөт

Казакстандын Жамбыл облусунда 17-ноябрдагы катуу шамал бир кишинин өмүрүн алды. Саламаттык сактоо башкармалыгы өспүрүм жер тамдын чатырынан кулап каза тапканын, медициналык жардам сурап 53 киши кайрылганын, төртөө ооруканага жаткырылганын билдирди. Алардын көбү терезелер сынганда, бак-дарак, дарбазалар кыйраганда башынан, буту-колунан жаракат алышкан.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, маркум антеннаны оңдоо үчүн чатырга чыккан, бирок катуу шамалдан улам жерге кулап түшкөн.

17-ноябрдын кечинде Жамбыл облусунда болгон катуу шамалдын ылдамдыгы секундасына 32 метрге жетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги облус борборунда жана бир нече айыл-кыштактарда инфраструктурага зыян келтирилгенин маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG