Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

БУУ Ооганстандагы кризис эстремизмге өбөлгө түзөрүн эскертти


Кабул
Кабул

БУУнун Ооганстан боюнча атайын өкүлү өлкө “гуманитардык апаатка” туш болушу мүмкүн деп эскертти. 17-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Дебора Лайнс 38 миллион калктын 60% ачарчылыкка кабылганын, кырдаал кыштын келиши менен начарлайт деп күтсө болорун билдирди. Ал ошондой эле эл аралык коомчулукту ооган элине финансылык жардам берүү жолдорун табууга чакырды.

“Талибан” кыймылына салынган санкциялар “экономиканын бардык тармактарына залака тийгизип, банк системасын токтотуп салды”, - деп белгиледи дипломат.

Лайнстын айтымында, банк секторунун токтоп турганы терроризмге, адам аткезчилигине, наркотрафикке өбөлгө түзүүдө, азыркы кырдаал “экстремизмдин баш көтөрүү тобокелчилигин күчөтүүдө”. БУУнун өкүлү “Ислам мамлекети-Хорасан” радикал уюму ансыз да Ооганстанда активдүү болуп жатканына басым жасады.

”Талибан” кыймылы бийликке келген августтун ортосунан бери Батыш өлкөлөрү Ооганстандын өз банктарындагы каражаттарын алууну чектеген. Финансылык жардамын токтотушкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG