Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:48

Кытай саясатчысын айыптаган теннисчинин тагдыры камтама жаратты


Пэн Шуай Австралиянын ачык чемпионатында. 21-январь, 2020-жыл
Пэн Шуай Австралиянын ачык чемпионатында. 21-январь, 2020-жыл

Аялдардын Эл аралык теннис ассоциациясынын жетекчиси Стив Саймон кытайлык спортчу Пэн Шуайдын тагдырына камтамасын билдирди. Саймондун айтымында, Пэн жазды деген электрондук кат күмөн саноого жем таштайт.

Чоң Шлемдин жуптар арасындагы эки жолку жеңүүчүсү таасирдүү саясатчы, мурдагы вице-премьер Чжан Гаолиге арткан дооматынан баш тартканын маалымдаган. Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттарында жарык көргөн катта Пэн анын буга чейин айткандарын төгүндөп, азыр “үйүндө эс алып жатканын, баары жайында экенин” билдирген.

Эки жума мурун спортчу аткаминер менен бир нече жыл мамиледе болгонун, зордуктоого кабылганын жазган. Кийин ал билдирүү өчүрүлүп салган. Пэндендин дайыны ошондон бери чыккан эмес.

Саймон бир нече жолу спортчу менен байланышууга аракеттенгенин, бирок андан майнап чыкпаганын кошумчалап, Пэнге эч нерсе болбогонун далилдеген айныксыз фактыларды көргөзүүгө чакырды.

Кытайдын өзүндө ал окуяга байланыштуу үн каткандар жок. Коммунисттик партиянын жогорку өкүлүн сексуалдык ыдык үчүн ачык айыптоо учурлары буга чейин болуп көргөн эмес.

35 жаштагы Пэн Шуйа 2013-жылы Уимблдондо, 2014-жылы Ролан Гаррос турниринде жуптар арасында мелдештерди жеңген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG