Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

Камчыбек Жолдошбаев жапырт добуш сатып алууну уюштурган деп шектелүүдө


Камчыбек Жолдошбаев.
Камчыбек Жолдошбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Камчыбек Жолдошбаев шайлоочулардын добушун жапырт сатып алууну уюштурган деп шектелүүдө.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабековага ушундай мазмунда кат жолдоду. Каттын көчүрмөсү Боршайкомдун сайтына жарыяланды.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, Жолдошбаев жакындары аркылуу Бишкек шаарынын Ленин районундагы үй комитеттеринин төрагаларын көндүрүү жолу менен шайлоочуларды ири өлчөмдө сатып алууну уюштурган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, бул иш талапкердин тууганы Муктарбек Сыдыков аркылуу ишке ашырылган. Ал 16-ноябрда төрт шайлоочуга 8 миң сомдон бергенде кармалган. Тинтүү маалында Сыдыковдун автоунаасынан 39 миң сом табылган. Шайлоочулардын тизмеси жазылган кагаз да табылгандыктан УКМК бул каражатты шайлоочуларга арналган деп божомолдойт.

Жазык кодексинин "Шайлоочуларды сатып алуу" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталып, Сыдыков УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Ошол эле күнү Жолдошбаевдин үгүтчүлөрүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, 138 миң сом жана шайлоочулардын тизмеси табылган.

УКМКнын каты БШКнын Ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобунда каралып жатат, анын жыйынтыгында талапкердин шайлоого мындан аркы катышуусу боюнча чечим кабыл алынат.

Жолдошбаевдин шайлоо штабы бул иш боюнча комментарий бере элек.

Камчыбек Жолдошбаев - азыркы Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутаты. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү. 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округдан ат салышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG