Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Сузакта шайлоого байланыштуу аты аталган жетекчи кызматтан бошотулду


Сузак айыл өкмөтү.
Сузак айыл өкмөтү.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы Бекзад Абдурашидов кызматынан бошотулду. Бул маалыматты 18-ноябрда "Азаттыкка" район акими Баратбек Сыдыкназаров тастыктады.

Облустук прокуратуранын маалыматына караганда, сентябрь айынан бери анын үстүнөн жергиликтүү тургундардан, депутаттардан арыз-даттануулар түшкөн.

«Мектептерге көмүр алууга, Сузак айыл өкмөтүнүн имаратынын өрттөнүүсүнө шалаакы мамилеси тууралуу арыздар келип түшкөн. Өрттөн мамлекетке 7,5 миллион сомдук зыян келтирилген. Райондук прокуратуранын сунуш берүүсүнө ушул жагдай да негиз болгон. Экинчиден, айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгү, аракеттери боюнча жазылган», - деп айтылат облустук прокуратуранын арыз-даттануулар тууралуу маалыматында.

Райондук прокуратура 16-ноябрда акимчиликке айыл өкмөт башчысын тартиптик жазага тартуу тууралуу сунуш бергени маалым болду.

Кызматка төрт ай мурда дайындалган 35 жаштагы Бекзад Абдурашидов өзү кызматтан мыйзамсыз алынганын айтып президент Садыр Жапаровго видеокайрылуу жолдоду жана ишти жеке көзөмөлүнө алууну суранды:

"Сузак айыл өкмөтү жер сатуу боюнча рекордсмен болуп кетти. Эски токтомдор менен жерлер сатылып кетти. Ушуларга каршы күрөшөм деп, жакшы ниет кылып, сиздин саясатыңызды колдоп, коррупционерлерге каршы катуу күрөшөм деп келгем. Сузак айыл өкмөтүнүн мурунку орун басары "30-40 чек жер карызым бар, ошону сатып алайын, 1-2 ай иштеп турайын" деп суранды. Бирок мен ага жол бербедим. Ошол күндөн тартып мага облус жетекчилигинен баштап телефон чалуулар болуп, аны кызмат ордуна кайра коюуну суранышты. Бут тосуулар ошондо башталды".

Учурда айыл өкмөт башчысынын милдетин орун басары Замир Жанбаев убактылуу аткарып жатат.

Буга чейин "Ишеним" партиясынан парламенттик шайлоого катышып жаткан талапкер Шерзод Умарбеков Сузак районунун акимине чалып, бир тууган иниси Бекзад Абдурашидовду президент колдой турганын айтып опузалаганын аким Баратбек Сыдыкназаров айтып чыккан.

Умарбеков акимге чалганын бышыктаган, бирок “президенттин атын атап опузалаган" деген дооматты четке каккан. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG