Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Бишкекте прокурордун орунбасары паракорлукка шек саналып кармалды


Опузалап пара алуу фактысы менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокурорунун орунбасары кармалды. Бул тууралуу 17-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Шектүү укук коргоо кызматкерлеринен 5000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылганы, "болбосо кылмыш жоопкерчилигине тартам" деп коркутканы айтылууда. Колго түшкөн учурда 200 миң сомдон ашуун акчаны алганы тууралуу далилдер табылган.

Атайын кызмат кармалган адамдын аты-жөнүнүн баш тамгаларын атады. Ал инициалдар район прокурорунун орунбасары Алтынбек Айдаровдун ысымына дал келүүдө. Башка басылмалар колго түшкөн аткаминер Айдаров экенин жазышты. Прокуратурадан азырынча комментарий боло элек.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG