Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

"Ош электр" ишканасы жылыткычтарга мөөр басылганын ырастады


Кадамжай районунда мөөр басылган жылыткычтар.
Кадамжай районунда мөөр басылган жылыткычтар.

"Ош электр" ишканасы өз кызматкерлери Баткен облусунун Кадамжай районунда үйлөргө рейд жүргүзүп, жылыткычтарга мөөр (пломба) басып жатканын ырастады. Мекеме мындай чаралар энергоресурстарды үнөмдүү пайдалануу жана авариялык абалды алдын алуу үчүн жасалып жатканын билдирди.

Буга байланыштуу "Ош электр" Ош, Баткен облустарында жана Ош шаарында рейддерди уюштуруп жатканын кошумчалады. Анын жүрүшүндө, токту чектен ашыкча колдонгон учурлар аныкталып, энергияны көп талап кылган жылыткычтарга убактылуу мөөр басылган.

Өкмөттүн токтому менен Ош, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча электр энергияны керектөөнүн лимити бекитилген. "Ош электр" 2021-жылдын 16-ноябрына карата бекитилген лимиттен 31,5 миллион кВт саат же 21,6%га ашыкча пайдаланды. Ал эми Кадамжай РЭТи боюнча 3,3 миллион кВт саат же 24,4% ашып кеткен. 2021-жылдын 10 айында "Ошэлектро" ишканасынын абоненттери 12 867 көбөйгөн.

17-ноябрда социалдык тармактарда мөөр басылган жылыткычтар тартылган сүрөттөр жарыяланып, интернет колдонуучулардын талкуусуна түштү.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң чоң энергетикалык кризиске туш болду. Буга байланыштуу “Түндүк электр” ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн беш киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизген.

Бийлик, Энергетика министрлиги элди электр жарыгын үнөмдөп пайдаланууга чакырып, кышында өчүрүү болбой турганын билдирип келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG