Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:37

Борбор Азиядагы энергетикалык кризистин себептери


Жогорку чыңалуудагы электр зымдары. Иллюстрация.

Суук түшөрү менен Борбор Азияда электр энергиясына болгон таңкыстык курчуду.

Борбор Азиянын бүтүндөй калкына, Батыш Казакстандан тартып Тажикстандын түштүгүнө чейин электр жарыгы үзгүлтүк менен берилүүдө. Бул элге чоң түйшүк алып келди. Миллиондогон кишинин жашоосуна таасир эткен мындай жагдай өзгөчө кырдаал жаратып коюшу мүмкүн.

Көп учурда өкмөттөрдүн энергетика тармагын жакшыртуу максатында ири суммадагы каражаттарды салып келгенин эске алсак, үзгүлтүктүн себебин түшүнүү кыйын.

14-октябрда Казакстандын түндүк-чыгышында үч электр станциясындагы авариянын кесепетинен бир нече энергоблок өчүрүлүп, электр энергиясын өндүрүү 1000 МВттан ашык көлөмгө чейин кыскарды. Бул энергетикалык инфраструктурага жүз миллиондогон доллар инвестиция салынганына карабай, тармактын оор абалда калганына бир мисал.

Майнерлер күнөөлүүбү?

14-октябрдагы энергоблоктордун өчүрүлүшүнүн натыйжасында үч электр станциясы: "Экибастуз ГРЭС-1", "Экибастуз ГРЭС-2" жана "Аксуу" электр станциялары жабыркаган.

"Экибастуз ГРЭС-1" - Казакстандагы эң ири электр станциясы болуп саналат. Ал болжол менен 4000 МВт электр энергиясын иштеп чыгат. Бул өлкөдөгү жалпы өндүрүлгөн электр энергиясынын 13 пайызга жакынын түзөт.

Казакстандын электр тармактарын башкаруу компаниясы (KEGOC) көйгөйдүн келип чыгышына айрым тетиктердин иштебей калганы жана оңдоо иштери себеп болгонун айтты. Бирок кийинчерээк өкмөт муну криптовалюта ишмердүүлүгү (майнинг) менен байланыштырды.

Деген менен 8-9-ноябрь аралыгында Чыгыш Казакстан, Түндүк-Казакстан жана Кызыл-Ордо облустарында, Казакстандын эң ири шаары Алматынын жана өлкөнүн үчүнчү шаары болгон Чымкенттин жака белиндеги айыл-кыштактарда электр жарыгы өчүрүлгөн.

Өзбекстанда дагы тургундар электр энергиясы үзгүлтүккө учурап жатканын билдирүүдө. Өлкөнүн Энергетика министрлиги муну “кыска мөөнөттүү өчүрүү” деп жооткотуп жатат. Акыркы апталарда көрүнүп калгандай, быйыл кышта Өзбекстанда газ менен камсыздоо дагы оңой болчудай эмес.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөдө кыш мезгилинде электр жарыгын өчүрүү болбой турганына ишендирүүдө. Бирок “Түндүк электр” ишканасы электр энергиясын колдонууга чектөө киргизип, аны Токтогул суу сактагычында суу аз болуп жатканы менен түшүндүрдү.

Ал эми Тажикстандын көпчүлүк аймактарында электр энергиясы үзгүлтүк менен берилип жатат. Дүйнөдөгү табигый газ запасы боюнча төртүнчү орунда турган Түркмөнстанда дагы электр жарыгы боюнча көйгөй жаралганы айтылууда.

Эмнеге мындай абал жаралды?

Бишкек шаары. 15-август, 2014-жыл.
Бишкек шаары. 15-август, 2014-жыл.

Мындай көйгөйлөрдүн айрым себептери айдан ачык. Чөлкөмдүн калкынын саны өстү. Советтер Союзу ыдырыган мезгилде, 1991-жылдын соңунда Борбор Азияда 50 миллионго чамалуу калк жашаган. Азыркы мезгилде 75 миллионго чамалуу. Муну менен катар керектөөлөр да өстү.

Кыргызстан менен Тажикстан – өзүнүн гидроэнергетикалык потенциалы менен мактанган тоолуу өлкөлөр. Кыргызстанда электр энергиясынын 90 пайызын гидроэлектростанциялары иштеп чыгат. Тажикстанда бул – 98 пайызды түзөт.

Бирок быйылкы региондогу кургакчылыктын кесепети гидроэнергетиканын кыскарышына алып келди. Мындай жагдай бүтүндөй аймакка таасирин тийгизди.

Тажик бийлиги суу сактагычтардагы абал боюнча маалымат берген жок. Ал эми Кыргызстан Токтогул суу сактагычында суу 11,8 миллиард кубометр болгонун кабарлаган. Бул көп жылдардан берки эң төмөнкү көрсөткүч. 2020-жылдын ноябрында 14,7 миллиард кубометр суу топтолгон.

Токтогул суу сактагычы, Кыргызстан.
Токтогул суу сактагычы, Кыргызстан.

Токтогул ГЭСи ички керектөөнүн 40 пайызга чукулун камсыздайт. Быйылкы кышка керектеле турган энергияны өндүрүүдө бир коркунуч бар – алдыдагы жаз жана жай мезгилинде суунун деңгээли критикалык абалга түшүп кетиши мүмкүн. Бийлик Токтогул гидроэлектро станциясында (ГЭС) коллапска жол бербей турганын убада кылууда.

Кыргызстан менен Тажикстан келечекте быйылкыдай кургакчылыкты эске алышы керек. Албетте, гидроэнергетика артыкчылыктуу вариант, бирок климат өзгөрүп жаткан шартта бул ишенимдүү болбой калышы толук мүмкүн.

Кургакчылыктын кесепеттерин Өзбекстан дагы жон териси менен сезип жатат. Эл аралык энергетика агенттигинин маалыматы боюнча, ГЭСтер Өзбекстандын өндүрүштүк кубаттуулугунун 12 пайызга жакынын түзөт.

Өзбекстандын Энергетика министрлиги быйыл ГЭСтеги суунун деңгээли төмөн болгонуна байланыштуу гидроэлектрэнергиясы 23 пайызга кыскарганын билдирди.

Борбор Азиядагы калктын саны боюнча алдыда турган Казакстан менен Өзбекстанда электр энергиясынын көбүн ЖЭБ (ТЭЦ) өндүрөт. Казакстандагы жылуулук электр борборлорунун басымдуу бөлүгү көмүр менен иштесе, Өзбекстанда газ менен иштейт.

Казакстандагы 68 электростанциянын 80 пайызы – көмүр менен иштеген жылуулук электр борборлору. Алардын көпчүлүгү ири көмүр кендерине бай өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан. Казакстан көмүр запасы боюнча дүйнөдөгү 10-орунда турган өлкө.

Өзбекстандын электр энергиясынын 88 пайызга чукулу ЖЭБде өндүрүлөт. Алардын көпчүлүнө газ колдонулат. Өлкөдө аныкталган газ запасы болжол менен 800 миллиард куб метр. Бирок өндүрүшү төмөндөп жатат.

2020-жылдын декабрында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев газды экспорттоону токтотуп, ички керектөөнү камсыздоону тапшырган. Мирзиёев алдыдагы кышка карата дагы ушундай тапшырмаларды берди.

Электр станциялар эскирди

Борбор Азиядагы энергетикалык инфраструктуранын эң чоң көйгөйү анын эскилигинде. Дээрлик бардык электр станциялары союз учурунда, айрымдары СССРдин акыркы жылдарында курулган.

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) 2016-жылдын сентябрында Казакстан боюнча берген отчетунда, “электр тармагындагы инфраструктуранын 70 пайызы кайра курууга муктаж” деп белгилеген.

"Экибастуз ГРЭС-1" – Борбор Азиядагы электр станцияларынын стандарттары боюнча салыштырмалуу жаңы болуп саналат. Анын сегиз энергоблогунун биринчиси 1980-жылы ишке киргизилген.

"Аксу" электр станциясындагы биринчи блог 1968-жылы, ал эми Түштүк Казакстандын Жамбыл облусундагы биринчи газ блогу 1967-жылы ишке киргизилген.

Өзбекстандагы эң ири электр станциясы - Сырдарыя ЖЭБи. Анын кубаттуулугу 3000 МВт. Биринчи блогу 1972-жылы колдонууга берилген.

Ташкент ЖЭБинин 12 агрегатынын жалпы кубаттуулугу 2230 МВт түзөт. Биринчи агрегат 1963-жылы иштей баштаган жана Каракалпактагы Тахтиаташ (770 МВт) жана Навои (1000 МВт) ЖЭБдери да 1960-жылдардын башында курулган.

Көмүр менен иштеген Кыргызстандын Бишкек ЖЭБинин биринчи блогу мындан 60 жыл илгери ишке кирген.

Борбор Азияда дагы бир жалпы көйгөй бар - электр чубалгылары (линия).

Казакстандын башкалаасында тартылган сүрөт. Иллюстрация.
Казакстандын башкалаасында тартылган сүрөт. Иллюстрация.

Маселен, Казакстанда электр энергиясынын жоготуулары (негизинен эски чубалгылардан улам) 15-16 пайызга чейин.

Түркмөнстанда 12 ЖЭБдин сегизи XXI кылымдын башында ишке кирген. Бирок Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө саналуу гана жаңы курулуштарды атоого болот. 2004-жылы курулушу аяктаган Өзбекстанда 1700 МВт кубаттуулуктагы Талимаржан ЖЭБи, Дүйшөмбүдөгү 400 МВт кубаттуулуктагы ЖЭБдин курулушу үч жыл мурун бүткөрүлгөн. Бирок пландаштырылган курулуштар мындан ал канча көп болчу.

Казакстанда болжол менен 2,5 миллиард долларга Балхашта 1320 МВт кубатуулуктагы көмүр жылуулук электр станциясын жана Өзбекстандын Сурхандарья облусунда 1560 МВт газ ЖЭБин (курулушу 1,2 миллиард долларга бааланган) куруу сунушу бар.

Бирок ага чейин эле азыркы маалда иштеп жаткан энергетикалык инфраструктурага ири суммадагы каражаттар жумшалды.

Модернизация жардам бере алабы?

Өзбекстанда 2006-жылы Сырдарыя ЖЭБинин 5-блогун модернизациялоо иши башталды. Анын чыгымы 41 миллион долларга жакын деп эсептелген. Ал эми 2010-жылы 29 миллион доллар каражатка 6-блок реконструкцияланган. 2014-жылга чейин станцияда болжол менен 60 миллион долларга дагы эки агрегат капиталдык оңдоодон өттү.

2018-жылдан бери 3-4-блоктордо, 2019-жылы 5-6-блокто, 2020-жылы 9-10-блокто реконструкциялоо иштери жүрүп, болжол менен 187,3 миллион доллар коротулган.

2013-жылдын сентябрь айында Өзбекстан бийлиги Тахиаташ ЖЭБин модернизациялоого 700 миллион долларга жакын каражат жумшай турганын билдирген. Анын 300 миллион доллары АӨБ насыясынын эсебинен каржыланары айтылган.

2013-жылы Жапония Өзбекстанга Навои ЖЭБин модернизациялоо үчүн 354 миллион доллар бөлгөн.

2019-жылдын июль айында электр чубалгылардагы көйгөйлөрдөн улам ЖЭБдин иши үзгүлтүккө учурап, Өзбекстандын түндүк-батыш аймагынын бир топ бөлүгү жарыксыз калган.

2021-жылдын январь айында Өзбекстанды Казакстан жана Кыргызстан менен байланыштырган бирдиктүү энергетика системасындагы электр чубалгыларындагы көйгөй Тахиаташ, Навои, Ташкент жана Талимаржан ЖЭБдерине таасирин тийгизип, Өзбекстандын айрым райондорунда, Казакстан жана Кыргызстанда электр менен камсыздоодо үзгүлтүктөр болгон.

2008-жылы “Казакмыс” мамлекеттик ишканасы "Экибастуз ГРЭС-1ди" сатып алса, кийинки жылы ГРЭСтин жарымын “Самрук-Казынага” саткан. Эки тарап тең алдыдагы жети жылда ЖЭБке миллиард доллардан ашык инвестиция салууга убада берди.

2012–2017-жылдары "Экибастуз ГРЭС-1" модернизация болду. Бирок 2020-жылы жаңы долбоор бекитилип, кайрадан станцияны модернизациялоону чечишти.

Кыргызстан Кытайдын “Эксимбанкынан” 386 миллион доллар насыя алып, Бшкек ЖЭБди оңдоп-түзөөдөн өткөргөн. Модернизация иштери 2017-жылдын августунда бүткөн. 2018-жылы 26-январда катуу суукта ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган.

2017-18-жылдын кышы Түркмөнстан үчүн дагы оңбогондой сокку урду – өлкө боюнча бир катар аймактарда электр жарыгы үзгүлтүккө учураган.

2018-жылдын ноябрында АӨБ Түркмөнстандын электр тармагын жакшыртууга деп, 500 миллион долларлык ссуда берүүнү чечкен.

Бирок 2020-жылдын декабрынын аягында Түркмөнстандын басымдуу бөлүгүндө, анын ичинде Ашхабадда электр жарыгы үзгүлтүккө учурап, суу менен камсыздоодо көйгөй жаралган. Мурдагыдай эле кыштын суук мезгилинде жана жайдын ысык күндөрүндө, абанын температурасы 50 градустун тегерегинде болгон учурда электр энергиясы өчүрүү болот.

Түркмөнстандан башка региондогу бардык өкмөттөр кайра калыбына келе турган энергия булактарына өтүү үчүн каражат салууга милдеттенме алышты. Акыркы беш жылдын ичинде Борбор Азияга энергетика сектору үчүн берилген тышкы карыздын басымдуу бөлүгү кайра калыбына келүүчү энергия булактарына багытталган. Мунун менен экологиялык зыянды азайтуу тууралуу убадалар айтылды.

Деген менен Борбор Азиянын көпчүлүк тургундары алдыдагы кыштан чыгуу санаасы менен олтурат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG