Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Өлкөдөгү "көмүр кризисине" ким жоопкер?


Кара-Кече кени
Кара-Кече кени

Кыргызстанда көмүр тартыштыгы дале болсо сезилүүдө. Өкмөт муну мойнуна алып, эки апта ичинде жөнгө салуу тапшырмасын берди.

Сайрагүл Абылова Нарын шаарынын тургуну. Сууктан муз тоңо баштаган бул аймакта көмүр жетишсиздиги быйыл өзгөчө сезилүүдө. Өлкөдөгү эң ири Кара-Кече кени Нарында жайгашканына карабай ушул күндөрү нарындыктар сатып алганга көмүр жок болууда.

"Көмүр жок. Көмүр ташыган тааныштар бар эле. Аларга телефон чалсак, көмүрдү ташып келатканда эле кезекке туруп, талап кетип жатышканын айтышты. Азыр отун менен былтыркыдан калган көмүрдү жагып атабыз. Минтип отурсак кыштан кантип чыгарыбызды билбейм".

Быйыл Нарын эле эмес өлкөнүн бир катар аймактарында көмүр жетишсиздиги сезилүүдө. Мындан улам таш көмүргө баа кымбаттап, борбор калаада бир тоннасы 6 000 сомго чейин чыгып кеткен учурлар болууда.

Буга Кара-Кече көмүр кенинде жайында даярдык жүрбөй, "кара отунду" казуу күзгө таяп гана башталганы себеп катары көрсөтүлүүдө. Мындай кырдаалды өлкө бийлиги мойнуна алып, айрым жетекчилердин саботажы деп түшүндүрүүдө. Бул жөнүндө 10-ноябрдагы өкмөттүн кышка даярдыгы боюнча жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтып, көмүрдүн тартыштыгын эки апта ичинде жоюу керек деген тапшырманы берди:

Акылбек Жапаров Кара-Кечеде.
Акылбек Жапаров Кара-Кечеде.

"Негизги милдет – калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана отун менен камсыздоо. Учурда чиновниктердин шалаакылыгынан улам республиканын аймактары көмүр менен толук көлөмдө камсыз болбой жатат. Буга жол берилбеши керек, азыркы кырдаалды жөнгө салуу үчүн сиздерге эки жума убакыт берем. Мамлекеттик органдардын транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоо менен облустарга көмүр ташууну уюштуруңуздар, республиканын бардык аймактары көмүр менен 100% камсыздалсын. Көмүрдү өз убагында камдоо электр тармагындагы жүктөмдү азайтып, белгиленген лимиттерди сактоого шарт түзмөк. Биз ар кандай сценарийге даяр болушубуз керек".

Президент менен өкмөт башчысы буга чейин деле дал ушундай тапшырманы берип, көмүргө байланыштуу кырдаалды тезинен чечүү керектигин айтып келишкен. А түгүл Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин башына келери менен Кара-Кечеге барып, абал менен жеринен таанышкан.

Президент Садыр Жапаров болсо ушул аптада Фейсбуктагы расмий баракчасына Кара-Кечедеги көмүр казууда саботаж уланып жатканын жазып чыккан.

"Жайды жайлай "Кыргыз көмүрдө" саботаж кылышып, көмүр казуу кеч башталды. Муну моюнга алабыз. Бирок саботажга карабай ӨКМдин бардык техникаларын өз убагында жардамга киргизип, көмүр казууну тездетип, үлгүрүп калдык. Азыр да саботаж уланып жатат. Анткени ал жактагы коррупцияны жок кылып жатабыз".

Эмнеге Кара-Кечеде көмүр кеч казылды?

Өлкө жетекчилери улам-улам айтып жаткан "көмүр саботажы" деген эмне жана эмне себептен Кара-Кечеде аны казуу күзгө таяп гана башталды?

Кара-Кече өлкөдөгү ири көмүр кени. Расмий эсептер боюнча андагы таш көмүрдүн кору 312 миллион тоннаны түзүп, өлкөнүн түндүк аймактарын кара отун менен камсыз кылат. Бул кендин басымдуу бөлүгүн "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы иштетип, андан жеке компаниялар сатып алып, керектөөчүлөргө сатат.

Аталган ишкананын учурдагы директору Мирлан Жакыпов быйыл Кара-Кечеде көмүрдүн кечигип казылып башталганына мурдагы жетекчиликти айыптап жатат.

"Кыргыз көмүргө" менин келгениме бир жарым ай болду. Биздин маалымат боюнча, көмүрдүн катмарын ачкан иштер токтоп калган. Андан тышкары, кадрдык алмаштыруу болуп, август айында көп инженерлер кетип калыптыр. Быйыл ошол көмүрдүн катмары ачылбай сентябрда келип ачып, 1-октябрдан баштап көмүр бере баштадык. Азыр калкка да, бюджеттик мекемелерге да берилип жатат. Эки ай кечигип бердик көмүрдү. Ошол себептен көмүр тарткан ортомчулар бааны жасалма көтөрүп, 6 миң сомго чейин жеткирип, ортодон 3700 сом пайда көрүп атат".

"Кыргыз көмүр" ишканасын августка чейин Канатбек Ашырбаев жетектеген. Ошол айда УКМК Ашырбаев жана эсепчини камакка алып, коррупциялык схема түзгөн деп айыптаган эле. Мындан соң атайын кызмат кендеги коопсуздукту сактоо үчүн өзгөчө даярдыктагы аскерлерди да жөнөткөн.

Эми ишкананын жаңы жетекчиси кенде көмүр казуу толук кандуу жүрүп жатканын, жакынкы бир апта ичинде абал турукташат деп убада берүүдө.

Жакыпов көмүрдүн баасын туруктуу кармоо үчүн атайын ыкчам топтор түзүлүп, көзөмөлгө аларын кошумчалады.

Жоопкерчилик кимде?

Бирок айрымдар кандай гана болбосун кеч күздөгү көмүрдүн жетишсиздиги, кымбаттыгы үчүн тиешелүү аткаминерлер жооп бериши керектигин айтышууда. Анын үстүнө өлкө жетекчилиги баш болуп көмүр менен камсыз кылууда кемчилик болгонун мойнуна алууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Аманкул Токтомамбетов мындай болору мурда эле белгилүү болгонун, анын алдын-албаган жетекчилердин жоопкерчилигин кароо керектигин белгилейт:

"Жоопкерчиликти жаңы жылдан бери "кышында даярдык мыкты болот, даярбыз" дегендер алып, ошолор тартышы керек. Аны Министрлер кабинетиби, "Кыргыз көмүр" ишканасыбы же энергетика министриби аныктап, бул маселени көтөрүү зарыл. Абдан эле катуу убадаларды берип жатышпады беле. Жөнөкөй эл кыйналбаш керек. Бирок мындай болору алдын-ала эле белгилүү болчу. Жылда эле "даярдык мыкты, баарын кыйратабыз" деген менен аягында ушундай абал. Дагы жакшы азыр күн кайра жылып калды. Өткөн жумадагыдай күн сууктап кетсе эмне болот эле?”.

Ушу тапта көмүр казуудагы башаламандык Кара-Кечеде эле эмес, Нарын облусунун бир топ бөлүгүн көмүр менен камсыз кылган Турук кенинде да казуу иштери кечигип жатканы кабарланды. "Кыргыз көмүр" бул кенди жеке ишканалар иштетерин айтып, андагы абалга жооп бере албасын билдирүүдө.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG