Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Күн жана шамал энергиясы. Чакан ГЭСтерге артылган үмүт


Токтогул ГЭСи
Токтогул ГЭСи

Энергетика министрлиги өлкө аймагында 48 чакан ГЭС курууга ниеттенген 20 компанияга күбөлүк берди. Бийлик ГЭСтер өндүргөн электр кубатын 15 жыл бою 3 сом 27 тыйындан сатып алып, элге кайра арзандатылган баада сатууга убада берип жатат. Бул кадам энергетикалык кризистен чыгууга жардам берет деген планга айрым эксперттер ишенбейт.

Чакан ГЭСтерди, ошондой эле күн менен шамалдан электр кубатын иштеп чыгуучу станцияларды курууга ниеттенген компаниялар 15-ноябрда Энергетика министрлигинен күбөлүк алышты.

Эми ГЭСтерди куруу долбоорлору 2022-жылдын 1-мартына чейин ишке ашырыла башташы керек. Өлкө боюнча жалпы 48 чакан ГЭС курула турган болду.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин бул иш-чарада айтканына караганда, атайы эсептөөлөрдөн кийин чакан ГЭСтер өндүргөн электрди мамлекет 3 сом 27 тыйындан сатып алат деген чечим чыккан.

Доскул Бекмурзаев.
Доскул Бекмурзаев.

“Булар күбөлүк алуу менен реестрге кирип, бизде расмий катталат. Андан ары ишти баштаганга старт берилет деген сөздү түшүндүрөт. Буга чейин айыл өкмөт жана башка органдардан уруксат кагазын алыш үчүн алагды болуп калып жүрүшкөн, көп убактысы текке кеткен. Тактап айтканда, биз менен келишимге кол коюлгандан тарта бул ГЭСтин ээлери өкмөттүк компанияларга электр кубатын 15 жылдык кепилдик менен сата алат”, - деди энергетика министри.

Азыр өндүргөн энергияны майнинг компанияларга жана башка жеке ишканаларга 5 сом 4 тыйындан сатып, иштеп жаткан онго жакын майда ГЭСтер бар. Буларга кошумча жаңы курула турган дагы 48 ГЭС жалпы 300 МегаВат электр кубатын өндүрөт. Бул Токтогул ГЭСиндеги төрт агрегаттын бири өндүргөн энергия менен барабар.

Чакан ГЭСтердин өндүргөн энергиясы калкка мурдагы эле баа – 77 тыйындан, ал эми алтын кен, спирт ичимдиктерин өндүрүүчүлөр жана майнинг компанияларга 5 сом 4 тыйын болду.

Ошентип, ГЭС курам деген айрым компаниялар алган энергиянын 70% жакынын мамлекетке сатабыз деп турушат. Калганын майнинг компанияларга сатууну көздөп жатышат. Алардын бири “ДАТТ Энержи” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Төлөнбек Жапаров Испания жана Финляндиядан 100 миллион доллар инвестиция сала турган компаниялар менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын кабарлады.

“Биз Кыргызстан боюнча жалпы 18 ГЭС курабыз. Жалал-Абад облусунда үч ГЭС, Чүйдө үч ГЭС, Жумгалда эки ГЭС, Ат-Башыда бир ГЭС, Жети-Өгүздө беш ГЭС жана Ак-Суу районунда курабыз. Азыр биз ишти Жети-Өгүздүн эки айылында баштадык. Барскоондо топографиялык сүрөт, видеого тартуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Инвесторлор акча салууга даяр болуп турушат”,- деди Төлөнбек Жапаров.


Чакан ГЭСтерди куруу менен өкмөт өлкөдөгү энерго кризисти алдыңкы үч жылда кыйла азайта турганын божомолдоп жатат.

Энергетика министрлигинин мындай ниети ишке ашарынан күмөн санагандар чыгууда. Эксперт Жаныбек Оморов өлкөгө ири ГЭСди куруу зарылдыгы бар деп эсептейт.

“Албетте, чакан ГЭСтер Кыргызстанга керек, себеби өзүңүздөр билгендей азыр энергетикалык кризис өлкөдө күч алып турат. Бирок, жакынкы 10-20 жылдагы энергетикага болгон муктаждыкты карап көрсөк, мындан да чоң кадамдар керек болот. Орто жана ири станциялар керек, балким күн энергиясына да көбүрөөк көңүл бурушубуз кажет. Өзгөчө кышкы мезгилде электр энергияга муктаждык бир нече эсеге көбөйүп кеткендиктен, Токтогул суу сактагычынан көз карандылыктан чыгыш керек. Балким өзүнүн чоң суу сактагычы менен “Камбар-Ата-1” ГЭСи керек болот. Андан сырткары кичи жана чоң күн станцияларын курууну караштырып, пландарды түзө бергенибиз ашыкча болбойт. Барган сайын электрге муктаждык өсүп жатат”,- деди Жаныбек Оморов.


Техникалык себептерден улам азыр Кыргызстанга электр энергиясын импорттоо убактылуу токтоп турат. Энергетика министри Доскул Бекмурзаев 15-ноябрда "Азаттыкка" курган маегинде кошуна мамлекеттерде дагы ушул багытта тартыштык байкалып жатканын айтты.

"Кошуна мамлекеттерде дагы чоң тартыштык бар. Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Тажикстан дагы чектөөлөрдү киргизип жатат. Биз лимитти аргасыз, жарык менен отуралы деп киргизип жатабыз. Кошуна өлкөлөр, Орусия менен байма-бай сүйлөшүп жатабыз. Анткени, жайында аларга суу керек, бизге электр энергиясы керек. Токтогул суу сактагычынын бир тамчы суусун дагы бүгүн биз ирригацияга пайдаланбайбыз. Анын бардыгы кошуна өлкөлөргө, Өзбекстанга, андан ашканы Казакстанга кетет. Аларда дагы кыйынчылык болуп жатат. Азыр импорт токтоп турат. Өзүбүздүн генерация менен иштеп жатабыз. Өзбекстанда импорт келе турган линияда авария болуп, өздөрүндө станциясында ремонт иштери токтоп турат. Биздин максат - элди кыштан алып чыгуу. Бул техникалык маселелерди саясатка аралаштырбашыбыз керек", - деди Бекмурзаев.


Кыргызстанда 15-октябрдан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирген.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 миллиард куб метрге аз. Өлкө электр кубатынын жана көмүрдүн жетишсиздигин баштан кечирүүдө.

Мындан улам "Улуттук энергохолдинг" жарыкты маал-маалы менен өчүрүү планы жоктугун билдирип, жарандардан электр энергиясын үнөмдөөнү суранган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG