Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:38

Түркмөн газы дүйнөгө коркунуч жаратууда


Түркмөнстандагы газ кени
Түркмөнстандагы газ кени

Дүйнөнү булгаган Түркмөнстан

Bloomberg кабар агенттигинин 19-октябрдагы көлөмдүү материалында Түркмөнстандагы газ кендеринен бөлүнүп чыккан метан дүйнөгө чоң коркунуч туудуруп жатканы талданган.

Аарон Кларк менен Мэтью Кэмпбелл макаласын “Түркмөнстандын кир (булганыч) сыры” деп аташкан.

Авторлор адегенде мындан эки жыл мурун абанын булганышына көз салган канадалык компаниянын кызматкерлери жасаган ачылыш тууралуу баяндашкан. Спутниктен тартылган сүрөттөрдө Каспий деңизинин айланасында ылай вулкандарын көрүүгө болот эле. Ошол геологиялык көрүнүш зыяндуу газдардын абага бөлүнүп чыгышын шарттайт.

Иликтөөлөр метандын бир бөлүгү кеминде беш жылдан бери Түркмөнстандын Көрпеже газ кенинен чыгып жатканын аныктаган. Авторлор метан атмосферага бөлүнгөндө көмүр кычкылынан 80 эсе жылуу болорун белгилеп, анын климатка таасири Аризона штатында автомашинелер жыл бою бөлүп чыккан зыяндуу заттарга тете экенин жазышат.

Түркмөнстандагы газ кени. Иллюстрациялык сүрөт
Түркмөнстандагы газ кени. Иллюстрациялык сүрөт

Макалада бул ачылыш адистер көптөн бери шек санап келаткан маселени далилдегени айтылат. Атап айтканда - Түркмөнстандагы метан эмиссиясы дүйнөлүк масштабдагы чоң көйгөй жаратууда. Жыты, түсү жок метан жаратылыш газынын курамына кирет. Тийиштүү чаралар көрүлбөсө, кендерден абага бөлүнүп чыгат.

Макаланын авторлору Эл аралык энергетика агенттигине таянып, былтыр мунай жана газдан бөлүнүп чыккан метандын көлөмү боюнча Түркмөнстан Орусия жана АКШдан кийинки 3-орунга жайгашканын жазган. Бирок сөз болгон эки өлкөнүн өнөр жайы алда канча кеңири жана калкы Түркмөнстанга караганда эселеп көп.

Аарон Кларк менен Мэтью Кэмпбелл дагы бир маселеге көңүл бурушат. Башка өлкөлөрдөн айырмаланып, Түркмөнстандан ачык маалымат алуу, диктатор Гурбангулы Бердымухамедовдун режимин бул маселени жөнгө салуу, климатка залакасын азайтуу чараларын көрүүгө көндүрүү кыйын, - дешет журналисттер.

Каддафисиз 10 жыл Ливиядагы абалды оңдогон жок

20-октябрда Ливиянын мурдагы президенти Муаммар Каддафинин бийликтен кулашына 10 жыл болду. Бул датага арналган макалаларында дүйнөлүк басылмалар ошол окуяларды эскерип, өлкөдөгү бүгүнкү абалды талдашкан.

Deutsche Welle 2011-жылдын февралында башталган ыңкылапка сереп салган. Макалада өлкөнү 1969-жылдан бери башкарып келген диктатордун төңкөрүлүшүнө кошуна Тунистеги көтөрүлүш шыкак болгону, бир айдан кийин Улуттар Уюму эл аралык күчтөрдүн Ливиядагы операциясына уруксат бергени баяндалган.

Муаммар Каддафи
Муаммар Каддафи

Каддафи качууга аргасыз болуп, баш калаа Триполиден 450 километр алыс жердеги Сирт шаарына жашынган. Бирок козголоңчулардын курчоосунда калып, туткундалган жана ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн.

Андан ары макалада режимдин кулашына социалдык, саясий көйгөйлөр алып келгени айтылат.

10 жыл мурдагы окуялар оң жылыштарга үмүт тартуулаганы менен иш жүзүндө өлкө жарандык согуштун сазына батты.

Макалада бир топ аналитиктердин пикирлерине орун берилген. Айрымдары Каддафи түзүп кеткен бийлик аппараты алга жылууга мүмкүнчүлүк берген жок деп эсептешет. Башкалары диктаторду кулатууну көздөгөн күчтөр өз ара тил табыша албай кийин ыдырап кеткенин белгилешет. Бир нече шайлоо да мунасага алып келген жок.

Авторлор Ливияда натыйжада мамлекеттик бийлик кулаганын, эки башка өкмөт түзүлгөнүн, жарандык урушка улам бир чет өлкө кийлигишкенин жазышат.

“Мындай абалда Муамар Каддафинин өлүмүнөн бери 10 жыл өтсө да, демократия, саясий стабилдүүлүк жана көз карандысыздык Ливия үчүн максат эмес, куру кыял бойдон кала берүүдө”, - деп жыйынтыкталат Deutsche Welle чыгарган макала.

Президентти COVID-19га байланыштуу сот жообуна тартуу демилгеси

Бразилиянын сенатына президент Жаир Болсонарого COVID-19 пандемияcына каршы жетиштүү чара көргөн эмес деген негизде айып тагууга чакырган доклад сунуш кылынды. Бул тууралуу дүйнөлүк бир катар маалымат каражаттары жазышты.

“Ал-Жазира” кабарлагандай, 1200дөй баракка жазылган баяндаманы оппозициячыл депутат Ренан Калхейрос жарым жыл бою даярдаган. Документ Болсонарого 10 айып, анын ичинде адамзатка каршы кылмыштар үчүн күнөө тагууга үндөйт.

Иликтөө быйылкы апрелден тарта жүргүзүлүп, авторлор өкмөт пандемия жаңы башталганда эле вакцина сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн колдон чыгарып жиберген деген маселени териштиришкен. "Эмдөө кечеңдебесе, болжолу менен 95 миңдей кишинин өмүрүн сактап калса болор эле" деп айтылган баяндама күбөлөрдүн эмоционалдуу, жүрөк титиреткен билдирүүлөрү менен коштолгон.

Анда айтылгандай, Болсонаро “инфекциянын табигый жол менен тарашы жамааттык иммунитетке алып келет деген теорияга негизсиз ишенген”.

Коронавирустан өлгөндөр коюлган көрүстөн. Бразилия, 2020-жыл
Коронавирустан өлгөндөр коюлган көрүстөн. Бразилия, 2020-жыл

Өлкө илдеттен көз жумгандардын саны жагынан дүйнөдө экинчи орунда турат. АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, COVID-19 Бразилияда 604 миңге жакын адамдын өмүрүн кыйды.

Доклад ар кандай түзөтүү, ветолорго туш болушу мүмкүн. Сенаттын комитети аны 26-октябрда добушка коёт.

Макалада айып тагып же такпоону президент өзү дайындаган прокурор чечерин, андыктан Болсонаранонун соттолору күмөн экени белгиленет. Мамлекет башчы пандемияга каршы күрөштө ката кетиргенин четке кагып, сөз болгон иликтөөнүн артында саясат турганын айтып келет.

Болсонаронун COVID-19 илдетин “анча-мынча тумоо” деп атаганы, түрдүү, текшерилбеген дарылануу ыкмаларын сунуш кылганы бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG