Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:33

Ливиядагы «вагнерчилердин» карааны


Ливияда өкмөттүк күчтөр менен орус жалданма аскерлери колдоору айтылган генерал Халифа Хафтардын жоокерлери кармашып келет. Сүрөттө БУУ тааныган өкмөттүн күчтөрү тартылган.
Ливияда өкмөттүк күчтөр менен орус жалданма аскерлери колдоору айтылган генерал Халифа Хафтардын жоокерлери кармашып келет. Сүрөттө БУУ тааныган өкмөттүн күчтөрү тартылган.

БУУнун адистери Ливияда орусиялык жалданма аскерлер куралдуу жаңжалдарга аралашып жүргөнүн ырасташты.

Алардын баяндамасына ылайык, «Вагнердин жеке менчик компаниясынын» жоокерлери ливиялык генерал Халифа Хафтарга көмөктөшүп жатат. Кремль Ливиядагы мындай түзүмдөргө тиешеси жок экенин билдирип жүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адистер тобу даярдаган жаңы баяндама жарандык согуш токтобой жаткан Ливияда орусиялык «Вагнердин жеке менчик аскердик компаниясынын» (ЧВК Вагнера) жоокерлери бар экенин дагы бир жолу бышыктады. 24-апрелде БУУнун Коопсуздук кеңешине жөнөтүлгөн бул баяндама менен «Associated Press», «France-Presse» жана «Reuters» маалымат агенттиктери таанышып чыгышты.

Баяндамада Ливиянын БУУ тааныган өкмөтүнө каршы күрөшүп жаткан генерал Халифа Хафтарга 800дөн 1200гө чейинки «вагнерчилер» көмөк көрсөтүп жүргөнү айтылат. Арасында көзгө атарлар, атайын тапшырма аткарган топтор бар экени, жалданма аскерлер орус күч түзүмүнө таандык курал-жарактарды колдонору белгиленген.

БУУнун эксперттери билдиришкендей, орус компаниясы менен келишимдик негизде иштеген жалданма аскерлер Ливияда 2018-жылдын октябрынан бери иш жүргүзүп келет. Мисалы, 2018-жылдын август айынан 2019-жылдын августуна чейин Орусиядан Ливиянын чыгышына 20дан ашык жарандык учак каттамдары жүргүзүлгөн. Ливиядагы «вагнерчилердин» арасында орус жарандарынан тышкары Украинанын, Беларустун, Молдованын жана Сербиянын да жарандары бар.

«"Вагнер" компаниясы аскердик унааларды оңдоого техникалык жактан көмөк көрсөтүп, куралдуу кагылыштарга жана таасир көргөзүү операцияларына катышып келген. Алардын жөнөтүлүшү Хафтардын күчүн натыйжалуу бекемдеген», - деп айтылат баяндамада.

Сириядагы орусиялык жалданма аскерлер.
Сириядагы орусиялык жалданма аскерлер.

«Вагнер ЧВКсы» президент Владимир Путиндин «ашпозчусу» атыккан олигарх Евгений Пригожинге таандык экенин, анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө иш алып барып жатканын орус маалымат каражаттары байма-бай жазып жүрүшөт. Бирок Пригожин да, Кремль да расмий түрдө мындай аскердик түзүмдөр бар экенин ырасташкан эмес.

АКШнын медиасы «вагнерчилер» Ливияга жөнөтүлүп жатканын буга чейин бир нече жолу кабарлаган. Бирок БУУнун Ливия боюнча санкцияларга көз салган эксперттик тобу өз баяндамасында мындай маалыматтарды биринчи жолу ырастап отурат. Мындан тышкары, адистер Түндүк Африкадагы бул өлкөдө орусиялык башка коопсуздук компаниялары да бар экенин ишарат кылышты. Антсе да Москва Ливияга жалданма аскерлерди жөнөтүүгө тиешеси жок экенин билдирип жатат. Кезинде Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Ливия түрдүү өлкөлөрдөн чыккан жалданма аскерлердин жана террордук элементтердин чордонуна айланганын айтуу менен гана чектелген.

Ливияда орус жалданма аскерлери жүргөнүн Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да февраль айында билдирген.

«Ливияда Түркиянын машыктыруучу күчтөрү жүрөт. «Эркин Сирия армиясынын» адамдары да бар. Эми Хафтар менен анын жактоочулары алардын чыгып кетишин талап кылып жатат. Бирок азыр ал жакта орустардын «Вагнеринин» 2,5 миң кишиси жүрөт. Эмне үчүн алар бул тууралуу сөз кылышпайт?», - деп суроо салган Эрдоган.

Триполинин Митига аэропортуна урулган сокку. 13-апрель, 2020-жыл.
Триполинин Митига аэропортуна урулган сокку. 13-апрель, 2020-жыл.

Ливияда 2011-жылы диктатор Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери ич ара согуш токтобой келет. БУУнун арачылыгы менен 2016-жылы түзүлгөн Улуттук биримдик өкмөтү баш калаа Триполини көзөмөлдөп турат. Бирок өлкөнүн чыгыш аймактарын башкарган генерал Халифа Хафтардын «Ливиянын улуттук армиясы» өкмөттү тааныбай, Триполиге дээрлик бир жылдан бери маал-маалы менен чабуул коюп келет.

Генералдын күчтөрүн Орусия, Кытай, Египет, Бириккен Араб Эмираттары жана Иордания колдой тургандыгы кабарланып келет. Түркия БУУ тааныган өкмөткө жардам бериш үчүн Ливияга аскерлерин жөнөткөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG