Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:11

Түркия Ливияга аскерлерин жөнөтөт


Сириянын Манбиж аймагындагы түрк күчтөрү, 2019-жылдын октябрь айы.
Сириянын Манбиж аймагындагы түрк күчтөрү, 2019-жылдын октябрь айы.

Түркия өкмөттүк күчтөр менен генералдын тиреши токтобой жаткан Ливияга өз аскерлерин жөнөткөнү жатат. Түндүк Африкадагы бул өлкөнүн Бириккен Улуттар Уюму тааныган өкмөтү да Анкарадан аскердик жардам сурады.

Ливиянын Триполиде жайгашкан Улуттук биримдик өкмөтү 26-декабрда Анкарадан аскердик жардам сурады. Ага ылайык, өкмөт генерал Халифа Хафтардын армиясынын чабуулдарынын мизин кайтаруу үчүн Түркиянын жөө аскерлеринин гана эмес, аба жана деңиз күчтөрүнүн да жардамына муктаж.

- Хафтар эч кандай келишими жок эле аэропорттор менен базаларды чет өлкөлөргө берип койду. Чыңалуу уланып жатат. Биз өз укугубузду жана Триполидеги элди коргоону улантабыз. Түркиядан расмий түрдө аскердик жардам сурайбыз. Мындай жардам Хафтардын акча төлөнгөн күчтөрүнө каршы туруу үчүн колдонулат, - деп билдирди Ливиянын ички иштер министри Фатхи Башага.

Ливияда 2011-жылы диктатор Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери ич ара согуш токтобой келет.

Улуттук биримдик өкмөтү БУУнун арачылыгы менен 2016-жылы түзүлгөн. Триполини көзөмөлдөгөн бул өкмөт өлкөнүн чыгыш аймактарын колуна алган генерал Халифа Хафтар жетектеген "Ливиянын улуттук армиясы" менен тирешип жатат.

"Ливиянын улуттук армиясынын" күчтөрү, 7-апрель 2019-жыл.
"Ливиянын улуттук армиясынын" күчтөрү, 7-апрель 2019-жыл.

Быйыл жазында Хафтардын күчтөрү Триполиге бир нече жолу чабуул коюп, декабрь айында баш калаа үчүн күрөштүн акыркы фазасына аз убакыт калганын эскерткен. Генералдын күчтөрүн Орусия, Кытай, Египет, Бириккен Араб Эмираты жана Иордания колдору кабарланып келет.

Эми Түркия Ливиянын өкмөтүнө колдоо көрсөтүү алдында турат. Президент Режеп Тайып Эрдоган Триполинин өтүнүчүнүн негизинде түрк күчтөрү Ливияга жөнөтүлөрүн 26-декабрда жарыялады.

- Коопсуздук жана аскердик чөйрөдөгү кызматташтык тууралуу келишимге ылайык, биз аскердик жардам боюнча уруксат кагазды парламентке жөнөтөбүз. Парламентибиз колдогондон кийин Ливиянын өкмөтүнө дагы натыйжалуу жардам бере алабыз. Чыккынчы командирди согуштук учактар жана танкалар менен, ошондой эле жалданма күчтөр менен жабдыган өлкөлөр биздин кадамдарыбызга каршы, - деди Эрдоган.

Түркиянын чечими боюнча генерал Хафтардын армиясы үн ката элек. 26-декабрда АКШ президенти Дональд Трамп Египеттин президенти Абдел Фаттах ас-Сиси менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү, эки лидер тең Ливиядагы кырдаалга чет өлкөлөрдүн кийлигишүүсүн четке какканы белгилүү болду. Орус президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков үчүнчү күчтөрдүн аралашуусу Ливиядагы жаңжалды жөнгө салбай турганын эскертти.

Генерал Хафтар (оңдо) менен Иорданиянын падышасы Абдалла II.
Генерал Хафтар (оңдо) менен Иорданиянын падышасы Абдалла II.

Бирок түрк президенти Эрдоган Ливияда Кремлге байланышы бар деген “Вагнердин менчик аскердик компаниясынын” 2 миңдей жалданма жоокерлери жүргөнүн эске салды.

"Алар согуш төбөлүнө жардам берип жатышат. Бизди болсо өлкөнүн мыйзамдуу өкмөтү чакырып жатат", - деди Эрдоган.

Орусиялык жалданма аскерлер Сирияда, Украинада жана Африка өлкөлөрүндө иш алып барып жатканын, мындай жоокерлерди жалдаган компаниялардын эң ириси президент Владимир Путиндин "ашпозчусу" атыккан олигарх Евгений Пригожиндин "Вагнер" ЧВКсы экенин орус маалымат каражаттары байма-бай жазып жүрүшөт.

Бирок Пригожин да, Кремл да расмий түрдө мындай аскердик түзүмдөр бар экенин ырастаган эмес. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Ливия түрдүү өлкөлөрдөн чыккан жалданма аскерлердин жана террордук элементтердин чордонуна айланганын айтуу менен гана чектелди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG