Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:57

Түркия ИМдин мүчөлөрүн кууй баштады


Сирия менен Түкриянын чек арасы.
Сирия менен Түкриянын чек арасы.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги 11-ноябрдан тарта “Ислам мамлекети” террордук тобунун мүчөлөрү катары кармалып турган чет өлкөлүк жоочуларды өз өлкөлөрүнө депортация кыла баштады.

Британия баштаган бир катар Европа мамлекеттери "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуп кеткен жарандарын атуулдуктан ажыратып, аларды кайра кабыл алууга каршы болушту.

Түркия 11-ноябрда "Ислам мамлекети" террорчул тобунун мүчөсү деп шек саналган Кошмо Штаттарынын жаранын өз мекенине жөнөттү. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 14-ноябрда Германиянын жети жараны да депортация болорун маалымдады.

Өткөн аптада түрк ички иштер министри Сулайман Сойлу Анкара "Ислам мамлекети" террордук уюмунун колго түшкөн чет өлкөлүк жоочуларын 11-ноябрдан тарта алардын өз мекенинде жарандыктан ажыратылганына карабастан жөнөтө баштарын маалымдаган.

Түркиянын ички иштер министри Сулайман Сойлу.
Түркиянын ички иштер министри Сулайман Сойлу.

- Европа биз алардын жарандыгын алып койгонбуз деп айтып жатат. Эмне кылсаңар, ошол кылгыла. Ишибиз жок. Силердин каршылыгыңарга карбастан, алардын жарандыгын алсаңар да, албасаңар да биз “Ислам мамлекетинин” согушкерлерин депортациялайбыз. Булар силердин адамдар жана жарандар, эмне кылсаңар өзүңөр билгиле. Биз буга чейин айткандай, «Ислам мамлекетине» эч кандай мейманкана боло албайбыз.

Сойлунун айтымында, Түркияда "Ислам мамлекети” террордук тобунун 1200 согушкери бар. Ал эми Анкаранын өткөн айдагы Сириянын түндүгүндө күрд кошуундарына каршы “Тынчтык булагы” деп аталган жортуулу учурунда түрк аскерлери "Ислам мамлекети" террордук уюмунун дагы 287 чет өлкөлүк мүчөсүн кармашкан. Алардын арасында аялдар жана балдар да бар. Бирок түрк абактарындагы "Ислам мамлекети” террордук тобунун согушкерлери кайсы өлкөнүн жарандары экени тууралуу расмий маалымат жок.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогон да Сириянын түндүгүндө күрд кошуундарына каршы жортуулда аталган террордук уюмдун 300дөй чет өлкөлүк мүчөсү кармалганын жарыялаган.

Эрдоган Европа мамлекеттерин "Ислам мамлекети" террордук уюмуна кошулуп кеткен жарандарынын тагдырына кайдыгер деп бир канча ирет айыптаган. АКШнын президенти Дональд Трамп да Европа өлкөлөрүн Сириядагы лагерлерде кармалып турган жарандарын алып кетүүгө чакырган.


Британия баштаган бир катар Европа мамлекеттери "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуп кеткен жарандарын атуулдуктан ажыратып, аларды кайра кабыл алуудан баш тартып келишкен.

Германиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Кристофер Бургер түрк бийлиги аларга бир канча адамды депортация кылып жатканы тууралуу маалымат беришкенин айтты:

- Түрк бийлиги жети адамды 14-ноябрда, ал эми эки адамды 15-ноябрда жөнөтө турганын айтышты. Мунун баары немис жарандыгы тууралуу маселе болбогон учур. Бизде алар "Ислам мамлекети" тобунун жактоочулары экени тууралуу тастыкталган далилдер жок. Буга карабастан, чынында эле ушундайбы же башкачабы, биздин укук коргоо органдары аныктайт.

Түркиянын “Ислам мамлекети” террордук тобунун мүчөлөрүн өз өлкөлөрүнө жөнөтө баштаганы анын Сириянын түндүгүндөгү күрддөргө каршы аскердик операциясын Батыш мамлекеттери колдобой, катуу сындагандан кийинки учурга туш келди. Анкара күрддөрдү сүрүп чыгарган операциянын максаты Сириянын түрк чегине жакын аймагында коопсуз тилке түзүү, ал жерге өз аймагындагы сириялык 2 миллион качкынды жайгаштыруу экенин билдирген.

Анкара “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштө Вашингтондун союздашы болгон, сириялык күрддөрдөн турган “Сирия демократиялык күчтөрүн” “террорчулар” деп санайт.

2013-2014-жылдан бери Сирия менен Ирактагы жоочуларга Кыргызстандан да 800дөй адам барып кошулганын, анын 200гө жакыны каза болгонун күч органдары расмий кабарлаган. Кеткендердин 150гө жакыны кыз-келиндер болсо, көбүнүн балдары бар.

Экстремизмдин тору, энелердин шору
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:36 0:00

“Ислам мамлекети” тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктар да ал жакка негизинен Стамбул аркылуу өтүшкөн. Бирок азыркы учурда Түркиянын абактарында террорчу топтун мүчөлөрү деп саналган кыргызстандыктар бар-жогу белгисиз.

26-октябрда “Ислам мамлекети” тобунун анабашы делген Абу Бакр ал-Багдади америкалык аскерлер жүргүзгөн атайын операция учурунда өзүн-өзү жардырып жиберген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG