Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Анкара жоочу деп шек саналган чет өлкөлүктөрдү депортациялай баштады


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Түркия 11-ноябрда «Ислам мамлекети» террорчул тобунун мүчөсү деп шек туудурган АКШ жаранын өз мекенине жөнөттү.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 14-ноябрда Германиянын жети жараны да депортацияланарын маалымдады.

Өткөн аптада түрк ички иштер министри Сулейман Сойлу Анкара «Ислам мамлекети» террордук уюмунун колго түшкөн чет өлкөлүк жоочуларын 11-ноябрдан тартып алардын өз мекенинде жарандыктан ажыратылганына карабастан жөнөтө баштай турганын маалымдаган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган буга чейин Сириянын түндүгүндө күрд кошуундарына каршы жортуулда «Ислам мамлекети» террордук уюмунун 300дөй чет өлкөлүк мүчөсү кармалганын жарыялаган.

Андан сырткары түрк түрмөлөрүндө башка мамлекеттердин жихадчы экени айыпталган бир миңден ашуун жарандары отурат.

Эрдоган Европа мамлекеттерин «Ислам мамлекети» террордук уюмуна кошулуп кеткен жарандарынын тагдырына кайдыгер деген мааниде бир канча ирет айыптаган. АКШнын президенти Дональд Трамп да Европа өлкөлөрүн Сириядагы лагерлерде кармалып турган жарандарын алып кетүүгө чакырган.

Анкаранын Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы жортуулунун учурунда абактарда, лагерлерде кармалып турган жүздөгөн жоочу качып кеткени белгилүү болгон.

Британия баштаган бир катар Европа мамлекеттери «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен жарандарын атуулдуктан ажыраткан. Ошондуктан депортацияланган жарандарын кабыл алар-албасы алар баргандан кийин белгилүү болот.

XS
SM
MD
LG