Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Орусия: күрддөр «коопсуз тилкеден» чыгып кетишти


Сириянын түндүгүндөгү Амуда шаарынан чыгып жаткан күрд кошуундары. 27-октябрь, 2019-жыл.
Сириянын түндүгүндөгү Амуда шаарынан чыгып жаткан күрд кошуундары. 27-октябрь, 2019-жыл.

Орусия күрд кошуундары Сириянын түндүк-чыгышындагы "коопсуз тилке" түзүлө турган аймактан чыгып кеткенин жарыялады. Аны улай Анкара орус-түрк күчтөрү аймакты биргелешип күзөтүү ишин жума күнү баштай турганын билдирди.

Күрд кошуундарын Сириянын Түркия менен чек арасына жакын аймактан чыгаруу процесси жыйынтыкталганын Орусиянын Коргоо министрлиги 29-октябрда билдирди. Маалыматка ылайык, Сириянын түндүк-чыгышында түзүлө турган туурасы 32 чакырымдык тилкеден баш-аягы 34 миңдей күрд жоокери аскердик техникалары менен кошо чыгып кетишкен.

"Коопсуз коридор түзүлө турган аймактан куралдуу түзүмдөрдү чыгарып кетүү жараяны мөөнөтүнөн мурда аяктады. Ал жерге Сириянын чек арачылары менен биздин аскердик полиция келди", - деди Сергей Шойгу.

Түркия күрддөр өткөн аптадагы меморандумдун талабын аткарганы тууралуу кабар Орусиядан келип түшкөнүн ырастады. Бирок эгер "коопсуз тилкеде" күрд жоокерлери байкала турган болсо, алар жок кылынаарын эскертти.

Сириянын түндүк-чыгышындагы орус күчтөрүнүн кербени, 23-октябрь 2019-жыл.
Сириянын түндүк-чыгышындагы орус күчтөрүнүн кербени, 23-октябрь 2019-жыл.

Өткөн аптада орус-түрк лидерлери кол койгон документке ылайык, сириялык күрд күчтөрүнө Түркиянын чегине жакын аймактан чыгып кетүүгө 150 саат берилген. Бул мөөнөт 29-октябрда аяктады.

Москва менен Анкара күрд күчтөрү чыгып кеткенден кийин "коопсуз тилке" делген аймакты чогуу күзөтмөй болушкан.

"Бул багытта орустар менен биргелешкен ишти жума күнү баштаганы турабыз. Башкача айтканда, күзөтүү ишин баштайбыз", - деп билдирди шаршемби күнү түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Азырынча күрд кошуундары Москванын соңку билдирүүсү боюнча үн ката элек. Бирок үч күн мурда күрд жана араб жоокерлеринен турган "Сириянын демократиялык күчтөрү" Түркия менен Орусиянын талабына көнүшкөнүн, эми Дамаск өкмөтү менен сүйлөшүүлөр болоорун билдиришкен.

"Борбордук өкмөт менен саясий диалогду баштоо үчүн Орусия арачы болуп берет. Бул сүйлөшүүлөр Дамаскта өтөт. Мунаса табуу үчүн биздин күчтөр болгон аракетти кылып, бардык керектүү кадамдарды таштайт", - деп билдирген "Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" расмий өкүлү Мустафа Бали.

Түркиянын чабуулунан улам жер которгондор, 9-октябрь 2019-жыл.
Түркиянын чабуулунан улам жер которгондор, 9-октябрь 2019-жыл.

Түркия Сириядагы күрд кошуундарын бутага алган операциясын октябрь айынын башында Кошмо Штаттар аймактагы аскерлерин чыгарып кетүүнү чечкенден көп өтпөй баштаган.

Сириялык күрд күчтөрүн "террорчулар" деп атаган Анкара чөлкөмдө коопсуз тилке түзүп, ал жакка Сириядагы сегиз жылдан ашкан жарандык согуштан качкан эки миллион адамды жайгаштырарын билдирген. Бирок Батыш өлкөлөрү Түркиянын чечимин кескин сынга алган. Мындай сын алигиче уланып жатат.

29-октябрда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Анкаранын Сириядагы операциясы үчүн түрк аткаминерлерине санкция салууну жана Түркияга курал сатууга чектөө коюуну көздөгөн мыйзам долбоорун жактырды.

Түркия Сириядагы күрт кошуундарын бутага алган чабуулдарын 17-октябрда Вашингтондун ортомчулугу менен беш күнгө токтоткон. Бул макулдашуу аяктаар алдында Москва менен Анкара жаңы келишим түзүшкөн эле.

Бир күн мурда Түркиянын, Орусиянын жана Ирандын тышкы иштер министрлери Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча чабарманы Гейр Педерсон менен Женевада жолугуп, Сириядагы жарандык согушту токтотуу аракеттерин талкуулашты.

Ал арада Сириянын жаңы Конституциясын түзүп чыгууну көздөгөн комитет расмий түрдө ишин баштап жатат. Комитеттин 150 мүчөсүнүн арасында Сирия өкмөтүнүн жана оппозициясынын өкүлдөрү, жарандык активисттер да бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG