Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:40

Триполинин тагдыры таразада


Ливиядагы курал-жарак колоннасы. 4-апрель, 2019-жыл.
Ливиядагы курал-жарак колоннасы. 4-апрель, 2019-жыл.

Ливия улуттук армиясынын башкы командачысы Халифа Хафтар кол астындагы аскерлерге борбор шаар Триполини алууга буйрук берди.

Өлкө 2011-жылдан бери экиге бөлүнүп турат – бир жагын өкмөт, калган аймагын парламент жана Хафтардын армиясы көзөмөлдөйт.

4-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы, ушу тапта Триполиде жүргөн Антонио Гутерриш жаатташкан тараптарды карманууга, чыңалууну басаңдатууга чакырды:

«Мен Ливияга келатканда аскердик кыймылдардын, бир топ кооптонуу жараткан коомдук кайрылуу-чакырыктардын көптүгүнө таң калдым. Бардык аскердик операцияларды токтотууга, эскалацияга алып келген саясий, аскердик чакырыктарды басаңдатууга, кырдаалды көзөмөлгө алууга чакырам. Жетекчилик менен жолугушууда дүйнөдөгү бир да маселени куралдын жардамы менен чечүүгө болбойт, Ливиядагы кырдаалды аскердик жол менен жөнгө салуу болбойт деген орток пикирге келдик».

Баш катчы бир нече күндөн кийин башталып жаткан Ливиянын түрдүү саясий күчтөрүнүн конференциясына катышуу үчүн барган.

Анын алдында 75 жаштагы фелдмаршал Халифа Хафтар «Триполини бошотуу операциясы» деп аталган видео кайрылуусунда кол астындагы армияга баш калаага карай жылууга буйрук берген. Кайрылуу Триполиге 100 чакырым жакын Гариян шаарчасы аскерлердин көзөмөлүнө өткөндөн кийин ошол жерден жаздырылган.

Халифа Хафтар.
Халифа Хафтар.

«Жараткандын жардамы менен биз жеңишке карай жүрүшүбүздү, күрөшүбүздү улантып жатабыз. Бүгүн биз убада кылгандай эле Триполи элинин сабыры түгөнө электе алардын чакырыктарына жооп берүүдөбүз», - деген өз кайрылуусунда аскер башчы.​

Ливия эли шаардагы «согушкерлер менен террорчулардын бийлигине чекит коюуну талап кылышканын» айткан Хафтар калаанын жашоочуларын «куралдарын таштоого» чакырды. Армияга жайкын тургундарга жана чет өлкөлүк жарандарга ок атпоого буйрук берилди.

АКШ, Батыш өлкөлөрү, Бириккен Араб Эмираттары Ливиядагы жаатташкан тараптарды чыңалууну тереңдетпөөгө үндөп жатышат. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги өлкөдөгү абал күч колдонууга жетпейт деп үмүтөнөрүн билдирди.

2011-жылы жарандык согуш башталып, өлкө лидери Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн кийин Ливияда кош бийлик сакталып турат. Анын чыгышын парламент жана Хафтар жетектеген армия көзөмөлдөйт. Батыш чөлкөмүндө Триполиде БУУнун колдоосу менен түзүлүп, эл аралык коомчулук тааныган улуттук ынтымак өкмөтү жайгашкан.

Премьер-министр Фаиз Сараж Хафтардын армиясын токтотуш үчүн өкмөттүк күчтөрдүн мобилизациясын жарыялады. Ички иштер министрлиги Триполидеги аскерлер толук даярдыкка келтирилгенин билдирди.

Мартта Хафтардын армиясына жардамга орусиялык «Вагнердин жеке менчик компаниясынын» 300дөй жалданма аскери жөнөтүлгөнү кабарланган.

Фелдмаршал акыркы жылдары Москва менен жакшы мамиле курууга жетишкен. 2017-жылы Хафтар Ливияга барган орусиялык «Адмирал Кузнецов» согуштук кемесине барып кетсе, ошол эле жылы Москвада орус коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG