Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 30-март, 2020 Бишкек убактысы 15:56

Ливия өкмөтү тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн чыгарын эскертти


Ливиянын картасы.

Ливиянын Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тааныган өкмөтү атышпоо тууралуу макулдашуу кайрадан бузулганын, андыктан Женевадагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышпай турганын билдирди. Анын алдында өлкөнүн чыгышындагы аскердик күчтөр баш калаа Триполинин портуна сокку урушкан.

Улуттук биримдик өкмөтү эгер «агрессорго» катаал чара көрүлбөсө, БУУнун ортомчулугу менен өтүп жаткан сүйлөшүүлөргө катышпай турганын 18-февралдагы билдирүүсүндө эскертти.

Триполини көзөмөлдөгөн бул өкмөт өлкөнүн чыгыш аймактарын колуна алган генерал Халифа Хафтар жетектеген «Ливиянын улуттук армиясы» менен тирешип жатат. Түркия Ливиянын өкмөтүн колдосо, Орусия баштаган бир катар өлкөлөр генерал Хафтарды жактап келет.

Январь айында Түркия менен Орусиянын биргелешкен билдирүүсүнөн кийин Ливиядагы жаатташкан тараптар атышууну токтото турууга макул болушканы кабарланган. Бирок андан бери кармаштар токтогон жок. Ливияда 2011-жылы диктатор Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери ич ара согуш уланып келатат.

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG