Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:54

Ливияда жаатташкандар Берлинде жолугушту


Ливия өкмөтүнүн жоокерлери. Триполи, 12-январь, 2020-жыл.
Ливия өкмөтүнүн жоокерлери. Триполи, 12-январь, 2020-жыл.

Ливиядагы чатакты токтотуу боюнча Москвада майнапсыз бүткөн сүйлөшүү эми Германияда уланды.

Сүйлөшүүгө Ливиядагы жарандык согушта жаатташкан тараптардан сырткары бир катар дүйнө лидерлери да катышып жатышат.

Жоолашкан тараптарды жараштыруу боюнча Берлинде өтүп жаткан жолугушууга орус президенти Владимир Путин, түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган, француз президенти Эммануэл Макрон, британ премьер-министри Борис Жонсон келген. Британ өкмөт башчысы Берлиндеги сүйлөшүүгө келери менен журналисттерге пикирин айтты. Ал Ливиядагы согуштун токтошу тышкы күчтөрдөн, айрыкча Орусиядан көз каранды деген оюн ортого салды:

Борис Жонсон.
Борис Жонсон.

- Бул жерде сырткы күчтөр аралашкан чатак тууралуу сөз болуп жатат. Орусия, Египет жана башка өлкөлөр бир тарапта, Түркия жана башкалар экинчи тарапта, Евробиримдиктин өлкөлөрү тигил да, бул да тарапта болуп калды. Мындай тирешүү сырткы күчтөр аны токтотууну чечкенде гана тынчыйт. Британия ушуга чакырат. Бул чатак канчадан бери уланып жатат? Уят да.

Ливиядагы жарандык согуш 2011-жылдагы төңкөрүштө Муаммар Каддафинин режими кулатылгандан бери токтобой келе жатат. Өзүн Ливиянын улуттук армиясынын командири деп эсептеген генерал Халифа Хафтар Ливиянын көп бөлүгүн көзөмөлдөп турат. Ал өткөн жылдын апрелинде өкмөттүк күчтөргө каршы чабуулун баштаган. Ливиянын борборун өзүнө каратып алганга анын армиясынын азырынча чамасы жетпейт. Бирок ушул жылдын январь айында анын карамагындагы күчтөр өлкөдө чоңдугу жагынан үчүнчү орунда турган шаарды жана өлкөнүн эң маанилүү Сирт портун басып алышкан.

Ошондон кийин эки тарап бири-бирине кол салбоо тууралуу убактылуу келишимге кол коюшкан. Бирок эки тарап тең ал келишимди бузду деп бири-бирин айыптап келатат. Дал ошол дооматтар Москвадагы сүйлөшүүнүн ийгиликсиз аякташынын себепчиси болуп калды.

Өткөн жумада генерал Халифа Хафтар өлкөнүн мунайын экспортко жөнөтүүчү ири портторун тосуп салды.

БУУнун Ливиядагы атайын элчиси Гассан Саламе Ливиядагы согуштун мөөнөтүн сырткы күчтөр гана узартып жатат деп эсептейт. Ал өткөн жумада Ливиядагы согушту тыштан колдоп жаткан бардык тараптарды эсине келүүгө чакырган:

Гассан Саламе.
Гассан Саламе.

- Сырттан курал-жарак, ок-дары жана башка аскердик жардам көрсөтүүнү токтотуу керек. Чатакташкан тараптар тышкы күчтөрдү жардамга чакыра беришинин натыйжасында согуш улана берет. Абалдан чыгуунун эң мыкты жолу - кадимки эле саясий диалог. Анткени Ливия - ар түрдүү улуттар жашаган, эли толук куралданып алган, мамлекеттүүлүгү чабал, бирок аймагы абдан чоң өлкө. Ушундай шартта бул өлкөнү бир гана топ башкарып кете албайт.

Генерал Хафтарды Орусия, Египет, Бириккен Араб Эмираттары жана Иордания колдоп жатат. Бирок өткөн жылдын аягында Түркия Ливиянын өкмөттүк күчтөрүн колдоого жол ачкан мыйзам кабыл алган.

Буга чейин Путин менен Эрдоган жолукканда Путин «биз тараптардын сүйлөшүүсү уланат, чатак чечилет деп үмүт кылабыз» деп сүйлөгөн. Бирок мындан аз күн мурда Ливияга аскер жөнөтүүнү чечкен түрк президенти бүгүнкү жолугушуунун алдында «Хафтардын агрессиясын токтотуш керек» деген пикирин жарыялаган.

Мурдараак тараптар Москвада жолугушуп, улам узарып бараткан Ливия согушун токтотуу боюнча бир пикирге келе албай тарап кетишкен. Азыркы жолугушуу эки тарапты жараштыргандан сырткары, аларга сырттан аскердик жардам киргизүүнү токтотуу максатын көздөйт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG