Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

Ливиядагы атышууну токтотууга чакырык


Ливиядагы кырдаал. 9-октябрь, 2019-жыл.
Ливиядагы кырдаал. 9-октябрь, 2019-жыл.

Орусия менен Түркиянын президенттери Ливиядагы чатакташкан тараптарды 12-январдан тартып атышууну токтотууга чакырышты.

2011-жылдан бери уланып жаткан жарандык согушта Москва менен Анкара каршылаш тараптарды колдоп келишкени маалым.

Орусия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган Ливиядагы чырдашкан тараптарды 12-январдан тартып атышууну токтотууга чакырышты. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 8-январда Стамбулда өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди.

Мевлүт Чавушоглу.
Мевлүт Чавушоглу.

- Бүгүн биздин президентибиз Эрдоган жана Орусиянын лидери Путин 12-январдан, ишембиден жекшембиге караган түндөн тартып Ливияда атышууну токтотууга чакырышты, - деди министр.

Ливиядагы кырдаал бир аптадан бери эл аралык коомчулуктун көңүл чордонунда. Буга өткөн жумада Африканын түндүгүндөгү бул мамлекетке аскер жиберүү жөнүндө Анкаранын чечими түрткү болду. Режеп Тайып Эрдоган аскерлер согуштук аракеттерге түз аралашпай, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тааныган өкмөттүк жоокерлерге «кеңеш берерин» гана айткан. Түркиянын мындай чечими бир топ мамлекеттердин сынына кабылып, ал эми Орусиянын сунушу менен бул маселе БУУнун Коопсуздук кеңешинде жабык каралган. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, Москва менен Анкара Ливия чатагын жөнгө салуу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык орток пикир табышты.

Ливиядагы кош бийлик

2011-жылы жарандык согуш башталып, өлкө лидери Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн бери Ливияда кош бийлик сакталып турат. Анын чыгышын парламент жана генерал Халифа Хафтар жетектеген армия көзөмөлдөйт. Ал эми батышы эл аралык коомчулук тааныган Улуттук ынтымак өкмөтүнүн карамагында.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Орусиянын лидери Владимир Путин. Стамбул. 8-январь, 2020-жыл.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Орусиянын лидери Владимир Путин. Стамбул. 8-январь, 2020-жыл.

БУУнун колдоосу менен түзүлгөн бул өкмөт баш калаа Триполиде жайгашкан. Хафтардын бийлигин Бириккен Араб Эмираттары, Египет, Орусия колдой тургандыгы айтылып келет. Орусия Ливиядагы жаңжалга тиешеси бар экенин такай четке кагып келгени менен Хафтар тарапта орусиялык жалданма аскерлер согушуп жүргөнүнүн далилдери бар. Апрелден бери баш калаа Триполиге чабуул коюп жаткан Хафтардын армиясы Сирт шаарын өз көзөмөлүнө алганын өткөн жумада жарыялаган.

Орусия менен Түркиянын чакырыгын Улуттук ынтымак өкмөтү кубаттады. Аталган өкмөттүн башчысы Фаэз аль-Сарраж 8-январда Европарламенттин президенти, Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары жана Германиянын тышкы иштер министри менен Брюсселде жолугушту. Андан соң жасаган билдирүүсүндө Фаэз аль-Сарраж Триполиге чабуул коюлуп жаткан кезде улуттук ынтымак өкмөтү өзүн коргош үчүн кайсы гана мамлекет менен болбосун кызматташканга акысы бар экенин айтты:

Фаез аль-Сарраж.
Фаез аль-Сарраж.

- Эл аралык коомчулук Триполиге жана мыйзамдуу бийликке каршы чабуулду токтотуу жоопкерчилигин өз мойнуна алышы керек. Биз мыйзамдуу өкмөт катары өзүбүздү коргош үчүн башка мамлекеттер менен келишимдерге кол коё алабыз. Биз муну ачык кылабыз. Биз Орусиядан же Судандан жалданган аскерлерди алып келбейбиз.

Генерал Халифа Хафтар акыркы жылдары Москва менен жакшы мамиле курууга жетишкен. 2017-жылы Хафтар Ливияга барган орусиялык «Адмирал Кузнецов» согуштук кемесине барып кетсе, ошол эле жылы Москвада орус коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG