Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

Түркмөнбашы шаарында жаңы порт ачылат


Түркмөнбашы порту. Архивдик сүрөт.
Түркмөнбашы порту. Архивдик сүрөт.

Түркмөнстанда 2-майда эл аралык Түркмөнбашы порту ачылганы турат.

Жаңы деңиз порту 2013-жылы мартта курула баштаган. Аны түрк ишкери Ахмет Чалыкка таандык «ГАП Иншаат» компаниясы 2 миллиард долларга салган.

Мурунку Красноводск шаарында «Азиянын каалгасы» деп аталган деңиз порту совет доорунда иштеген. 1991-жылга чейин ага Дагестандан, Махачкаладан, Астрахандан, Бакудан жүргүнчү кемелери каттап, жүк ташуучу кемелер өткөн. Азыр бул портко Баку менен Астрахандан эки-үч күндө бир жолу жүргүнчү кемеси каттайт.

13-апрелде өкмөттүк жыйында президент Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстан чөлкөмдөгү жана континенттеги транспорттук каттамдардын маанилүү кесилишинде орун алганын, бул мүмкүнчүлүктү толук колдонуш керек экенин айткан.

Түркмөнбашы портунун мурдагы көрүнүшү.
Түркмөнбашы портунун мурдагы көрүнүшү.

Анткен менен Түркменбашы портунан бир гана Волга суусу аркылуу Кара деңизге чыкса болот. Айрым серепчилер мындай узакка созулган жолдон киреше түшөөрүнө анча ишене беришпейт. Ошондой эле алар Түркмөнстандагы экономикалык каатчылыкка карабай ишке ашырылып жаткан айрым долбоорлор шаан-шөөкөт менен коштолуп, мамлекеттик казынага бир топ чыгым алып келип жатканын белгилешет.

Азыркы кезде Австрияда жашаган Түркмөнстандын оппозициялык партиясынын башчысы Нурмухамед Ханамов Түркмөнстандын жетекчилиги эл көзүнө жасаган айрым иштери өлкөнүн казынасын чоң чыгашага учуратаарын айтты.

Долбоор өлкө үчүн маанилүү. Бирок түркмөн өкмөтү экономикалык каатчылык башталганда пландарын кайрадан карап чыгып, чыгашаларды азайтышы керек эле.

- Бул долбоорлор 2010-жылдары түркмөн газы жакшы баада сатылып турганда башталган. Кийин газ эки эсе арзандап кетти. Кыйынчылыктар ошондо башталды. Порт өзү Орусия менен Азербайжанга жүк ташуу үчүн ыңгайлуу жолдорду ачат. Долбоор өлкө үчүн маанилүү. Бирок түркмөн өкмөтү экономикалык каатчылык башталганда пландарын кайрадан карап чыгып, чыгашаларды азайтышы керек эле. Мисалы, миллиондогон акча салып «Аваза» сыяктуу курорттук зоналарды курушту, Азия оюндарын шумдук шаан-шөкөт менен өткөрүштү. Ашхабаддын өзүндө бир министрликтин үстүнө бир министрликтин мекемесин куруп жатышат. Бул президенттин дымагы менен жасалып жаткан иштер. Обу жок, бардыгы башкалардын көзүнө жасалган.

Учурда Каспий деңизинин боюнда жайгашкан «Аваза» курортунда мейманканалар чет өлкөлүк ишкерлерге сатылып жатканы маалымдалууда.

Апрелдин башында түркмөн казнасындагы каатчылыктан улам мамлекеттик «Алтын Асыр» байланыш мекемеси менен «Туркмен хова ёллары» авиакомпаниясы жабык акционердик коомго өткөрүлгөнү жарыяланган.

Ашхабаддагы көчөлөрдүн бири.
Ашхабаддагы көчөлөрдүн бири.

Баяндамачы Аманмырат Бугаев түркмөн өкмөт азыркы реалдуулукту, кошуналар менен экономикалык жана саясий мамиленин акыбалын эске албай жатат деген ойдо. Ал эгемендик жылдарында Түркмөнстанда курулган темир жолдорду мисал кылат.

- Азыр Түркмөнстанда 72 жаңы темир жол станциясы курулганын айтып жатышат. Алардын канчоо азыр кандай колдонулуп жатканы, курулушка кеткен чыгымдары канчалык акталганы чоң суроо жаратат, - дейт Бугаев.

Түркмөнстанда жакында Казакстан-Түркмөнстан-Иран темир жол тилкеси пайдаланууга берилген. Бул темир жол Түркмөнстанда 700 чакырым узундукта, анын боюна 27 вокзал жана шаарча курулган. Азыркы кезде бул долбоор толук ишке ашпай, темир жол жарым-жартылай колдонулуп жатканы айтылып жүрөт.

Ал эми Москвадагы экономист Елена Кузьмина түркмөн экономикасынын абалын өлкөдөгү башкаруудагы катачылыктар менен түшүндүрдү.

Өлкө азык-түлүктү өзү чыгарбайт, дээрлик баарын сатып алат. Калктын кирешеси аз.

- Түркмөнстандагы бир топ ири долбоорлор убагында Кытайдын жана Түркиянын ишкерлери менен башталган. Деңиз портун, газ түтүктөрүн жана жолдорду курууда чет өлкөлүк инвестициялар бар. Ал эми түркмөн экономикасы негизинен газга, андан кийин органикалык химия өндүрүшү менен текстил экспортуна байланган. Өлкө азыкүлүктү өзү чыгарбайт, дээрлик баарын сатып алат. Калктын кирешеси аз. Каатчылыктан улам өкмөттөн мурунтан берилчү жеңилдиктер да азайтылган. Экономикада баланс жок болгондуктан, оор кырдаал пайда болду. Мунун алдын алыш үчүн өкмөт киреше булактарын көбөйтүшү керек эле.

Эл аралык Валюта Фондунун миссиясы түркмөн бийлигине административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүүнү, мамлекеттик мекемелерди жеке менчике чыгарууну тездетүүнү жана чет өлкөлүк инвесторлорду тартууну сунуш кылган. Ошондой эле ал мамлекеттик инвестицияны сарамжалдуу колдонууга жана аз камсыз болгон калктын катмарын колдоого чакырган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG