Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

"Акынды айтканы каматты". Аскат Жетигендин абактагы мөөнөтү узарды


16-марттан бери камакта отурган акын Аскат Жетиген.
16-марттан бери камакта отурган акын Аскат Жетиген.

"Массалык башаламандыкка чакырууга" шектелип камалган акын жана активист Аскат Жетигендин иши сотко өткөрүлдү. Бул иш боюнча алгачкы отурум 14-майда Бишкектин Свердлов райондук сотунда болду.

Жетиген өзүнө тагылган айыптарды негизсиз деп, анын тарапташтары өнөр адамынын кармалышын сындап келет. Күч органдары Жетигендин ишин саясатташтырбоого чакырууда.

Бир өндүрүшкө бириктирилген иш

30 жаштагы Аскат Жетигендин иши тергелип бүтүп, Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөрүлдү. Бул иш боюнча 8-майдагы алдын ала угууларда судья Жолдошбек Сулайманов акын Жетигендин камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартып, 8-июлга чейин камакта калтырды.

Активисттин адвокаты Самат Матцаков 2022-жылдын март айы жана 2024-жылдын март айындагы видео кайрылуулары үчүн ага эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкөн бириктирилгенин айтты:

Самат Матцаков
Самат Матцаков

"Алдын ала угууда жактоонун өтүнүчү каралды. Тагыраагы, биз Аскат Жетигендин бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүүнү сурандык. Маселен, эки кылмыш ишинин бири боюнча ал эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулган, экинчисинде камакка алынган. Жогорку соттун пленумунун токтомундагы 15-пунктка ылайык, бир эле жаранга карата эки башка бөгөт чарасы колдонулбайт. Баш мыйзамда да Жогорку соттун пленумунун токтомун соттор кынтыксыз аткарышы керек деп жазылган. Ошондуктан тергөөчү судья бул токтомду да, конституцияны да бузган. Экинчиден, биз Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде жаңы жазылган 109-беренеге таянуу менен Аскат Жетигенге электрондук билерик тагып, аны үй камагына чыгарып берүүнү суранганбыз. Бирок сот бул өтүнүчтөрдү четке какты".

Аскат Жетигенге козголгон кылмыш иштеринин бири 2020-жылы март айында жасаган видео кайрылуусуна байланыштуу. Анда акынга Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен айып тагылган. Ал эми экинчиси боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу") менен шектелүүдө. Бул беренеге ылайык, айып активисттин ушул жылы 15-март айында жасаган видео кайрылуусунан кийин тагылган. Дал ушул ишти негиз кылып Аскат Жетиген 20-мартта кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган.


Алгач тергөөнү УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы жүргүзүп, кийин ишти Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгына өткөрүп берген.

Аскат Жетиген өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет. 18-мартта ал өзүнө каршы козголгон кылмыш иши боюнча журналисттерге учкай комментарий берип, өз аракетин кылмыш деп эсептебей турганын билдирген. Аскат Жетиген ошондой эле буга чейин сылык-сыпаа иш алып барганга аракет кылганын, бийликтегилерге айткан ачуу сөздөрүнүн баары айла кеткендеги иш экенин кошумчалаган.

"Күнөөсүн далилдеп, коомго көрсөтүү керек"

Активист Руслан Акматбек тергөө органдары иш козголгондон кийин Аскат Жетигенге тагылган айыптарды так жана даана далилдеп бериши керек болчу деп эсептейт. Маселен, 278 жана 327-берене да оор кылмыштардын катарына кирет, акынга бул беренелер негизсиз тагылган болушу ыктымал.

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

"Укук коргоо органдары айыпкерлердин күнөөсүн далилдеп көрсөтүшү керек. Маселен, "Массалык башаламандыкты уюштуруу", "бийликти күч менен басып алуу" бир гана куру сөз менен, фантазия менен же ой менен болбойт. Буга конкреттүү түрдө кандайдыр бир мерчемделген ресурс керек. Мисалы, материалдык, техникалык ресурс болсо, алар ошону колдонууга даярдашы мүмкүн. Укук коргоо органдары финансылык далилин, балким, уюштуруу аракетин, кандайдыр бир буга тиешеси бар топторду көрсөтсө болмок. Дүйнө жүзүндө ушундай берене менен камалгандар болсо, укук коргоо органдары коомдогу күмөн ой калтырбай, адилеттүүлүккө терс таасир тийгиздирбей, бийликти жаманатты болтурбаш үчүн бардык документтерди ачыктап, сүрөт, видео далилдерди келтирет. А Аскат - жөн эле акын, ал сөз менен басып ала турган болсо, анда бийлик органдары эмнеси менен бийлик? Эл аралык практикада бул нерсе айтыла берет, бирок качан гана аракетке өткөндө, курал-жарак табылганда, элди уюштуруп чыгып, басып алуу аракети болгондо гана ал кылмыш болуп эсептелинет. Бизде болсо видеодо сөз менен айтып эле анан ал ишке ашып кетсе, анда биздин абалыбыз тууралуу суроо жаралат".

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өлкөдө мыйзам иштеп, бардык маселелер анын негизинде чечилиши керек деп эсептейт. Аскат Жетиген, Олжобай Шакир өңдүү акын, публицисттердин камалышын сындаган депутат укук коргоо органдары аларга эскертүү берсе эле жетиштүү болмок дейт:

Тазабек Икрамов
Тазабек Икрамов

"Менин пикиримде, ар бир кыймыл-аракет үчүн катуу жазалоо болбошу керек. Бул жөн гана сөз, аны менен ким гана өз нааразылыгын айтпай койбойт. Сөз үчүн беш жылга камоо же акынды камакка алуу - бираз аша чапкандык. Бир эмес эки өнөр адамынын камакта отурганы боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат азыр. Жогорку Кеңеш ал иштерге кийлигише албайт. Балким, Жогорку Соттун чечими чыккандан кийин комиссия түзүп же ишти кайра иликтеп чыкканга аракет кылсак болот. Буга чейин деле камалган башка жарандар боюнча деле парламентте сөз болгон. Бүгүнкү күндө бийлик да бул маселелер боюнча иш алып барып жаткан укук коргоо органдарынын ишине кийлигише албайт, эч ким буга кирише албайт. Негизи биз укуктук мыйзам талаасында мыйзам менен жашашыбыз керек".

"Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз, саясатташтыруу болбойт"

Ал арада президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев ар бир жаран мыйзамды сактоого үйрөнүшү, көнүшү керек деп жатат. Мындай шарт укуктук мамлекетти курууга жол ачат дейт Абыкеев. Ошондуктан акындын окуясын саясатташтырбоого чакырат:

Чолпонбек Абыкеев.
Чолпонбек Абыкеев.

"Мыйзам жазуучу, акын. музыкант, обончу, курулушчу же темир жолчу деп бөлүнбөйт. Мыйзам баарына бирдей таасир берет жана анын алдында баарыбыз бирдей болушубуз керек. Азыркы тапта укуктук мамлекет куруунун реформасы жүрүп жаткан маалда мыйзам көчөдөгү кайырчыдан баштап президентке чейин бирдей иштесин деген такилип жүрүп жатат. Ошондуктан баягыдай бул акын, бул ырчы, бул болсо койчу деген мыйзамсыз түшүнүктөрдөн арылышыбыз керек. Анткени ал бир эле тилде жазылат жана бир эле маанини берет. Бөлүп-жаруунун кереги жок. Болгону буга көнүп, үйрөнүшүбүз керек. Ошентип, биз укуктук мамлекет курабыз. Мыйзам бузган болсок, баарыбыз жооп беришибиз керек. Анан мен жазуучумун, мен мыйзамды буза берсем болот, мен ойду-тоону буза берсем болот деген болбойт".


Ырчы Аскат Жетигенге тагылган "Массалык башаламандыктар" беренесинин негизинде ал беш жылдан сегиз жылга чейин, ал эми “бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Аскат Жетиген - ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал соңку жылдары азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Мисалы, казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларды сындаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG