Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:54

Касаболотов: Бийлик Олжобай Шакирди саясий фигурага айлантты


Жыргалбек Касаболотов.
Жыргалбек Касаболотов.

14-майда Аламүдүн райондук соту жазуучу, акын Олжобай Шакирди Массалык башаламандыктар беренеси менен күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратты. Соттун бул чечими коомдо талкууларга жем таштады.

Калемгердин айланасындагы соңку окуя боюнча акын Жыргалбек Касаболотовду ат жалында маекке тарттык.

- Жазуучу, акын Олжобай Шакир Кыргызстандын эгемен тарыхында соттолгон алгачкы калемгер болуп калды окшойт. Сиз анын калемдеши катары райондук сот чечимин кандай кабыл алдыңыз?

- Мен Олжобайдын кайрылуусун көрүп чыккам. Менин түшүнгөнүм боюнча ал жерден бийликти күч менен басып алуу боюнча эч кандай чакырыкты көргөн эмесмин. Ал тургай бир топ жери зеригиштүү болуп уктап кала жаздагам, ачыгын айтканда. Анан анын эмнесин мынчалык коркунучтуу көрүп, маани беришти, түшүнбөйм. Анткени бийликти басып алууга чакырыктын даана, конкреттүү белгилери болот да. Олжобай "барып басып алалы, курал топтойлу" деген жок, болгону митингге чакырып жатат. Митингге чакырууга биздин мыйзам мен билгенден жолтоо болбойт. Миттингге өз убагында азыркы бийликтин өкүлдөрү өздөрү деле чыгып жүргөн да. Алар деле ошол кезде бир топ беренелер менен соттолуп жүрүшпөдүбү. Бул өздөрүнүн биографиясында деле белгилүү. Ошол жагынан алганда, салыштыра келгенде мен Олжобайдын кайрылуу видеосунан эч кандай бийликти басып алууга чакырыкты жана коркунучту көргөн жокмун.

Азыр ансыз деле бул бийликке коркунуч келтире турган күч жок. Бардык жоопкерчилик өздөрүнүн моюнунда. "Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса" деген кеп бар го. Мен эгерде бийликтин пиар тармагында иштесем, тескерисинче Олжобайды жөн коймокмун. Жалгыз барып митингин өткөрүп кайра келсин, саясий салмагы көрүнсүн деп атайын жөн коймокмун. Чынында азыр мындай чечимдер жөнөкөй эле адамдарды саясий фигурага айландырып жатпайбы.

- Тогуз айга чукул тергөө абагында отурган Шакир өзүнө тагылган айыпты мойнуна алган эмес. Сотто ал акыркы сөзүн сүйлөп жатып да онлайн митинг уюштуруп, эл менен бийликти диалогго чакыргысы келгенин айтты. Буга чейин ал коомдо болуп жаткан окуяларга өз пикирин билдирип, бийликти сындап жүргөнү белгилүү. Анан адатта айрымдар аны "саясатка аралашпай, жеке чыгармачылыгы менен алек болбойбу" деп сындап келе жатышат. Сиздин пикириңизде калемгерлер чыгармаларын жазып эле отура бергени туурабы же коомдук турмуш менен камыр-жумур болушу керекпи?

- Алтымыштан ашкандан кийин үйдө эле отурбайбы деген сөз – алтымыштагы киши үйдө отургандан башкага жарабайт деген сөз. Аял киши бала-бакырасын эле карап отурбайбы деген сөз – бул Кыргызстандын жарымы болгон калкты жокко чыгарган сөз. Жаш кезинде аралашпай эле койбойбу деген сөз – бул жаштардын укугун жокко чыгарган сөз. Мындай ыкманы кимге каршы болсо да колдоно берсе болот. Адамдын ар кайсы өңүтү бар да. Ал жазуучу, спортчу же илимпоз болушу мүмкүн. Анан мындай чектөөлөр менен анын баарын ким тыят? Негизи бири-бири менен салыштырбаш керек. Болгону укуктук жагын укуктай, саясий жагын саясий, көркөм жагын көркөм караш керек.

- Эми чыгармачыл интеллигенция Олжобай Шакирге чыгарылган сот чечими боюнча өзүнүн пикирин айтышы керекпи?

- Саясий көз караш, турмушка болгон көз караш ар кандай болушу мүмкүн. Бирок негизи чыгармачыл интеллигенция колдон келсе мындайда биримдикте болгону жакшы. Себеби, бул жалпы жолунан кандайдыр бир деңгээлде кесиптик ынтымак болот. Ошондуктан чыгармачыл чөйрө өз позициясын айтышы керек деп ойлойм. Бирок позициясын айтуу сөзсүз эле камалган кишинин бардык пикирин колдойт дегенди билдирбейт. Болгону бул жерде өз калемдештеринин укугу тууралуу кеп болууда.

- Эгемен тарыхыбызды карап көрсөк, Шакирден башка да өз пикири, позициясы үчүн соттолуп кеткен адабият өкүлү болгонбу? Анан эми оюн ачык айтам дегендерге бул чечим кандай таасир берет?

Кааласак, каалабасак да мезгил таразалай турган учурлар болот. Ушуну ойлоно жүрүшүбүз керек. Ким болбосун адамдардын оюн чындап өзгөрткүсү келсе анда өзгөртө турган иштерди жасаш керек. Ынандыруунун ушундай гана жолдору бар.

- Адабияттын өкүлдөрүн эстей албай жатам, бирок соттолуп чыккан журналисттер, блогерлер көп эле болгон да. Негизи журналистика пайда болгон баштап эле, тагыраагы эркин форматка өтүп, көз карандысыз маалымат каражаттары пайда болгондон баштап эле бийлик менен мындай пикир келишпестиктер, түшүнбөстүктөр дайыма эле болуп келет. Бул табигый көрүнүш. Анан бул кадамдар бийликтин сөз эркиндигине болгон көз карашынан көз каранды. Эгерде бийлик мындай жол менен жүрүп отурса калгандары ооз ачпай коюшу мүмкүн, бирок анткени менен адамдын ою баары бир өзгөрбөйт. Ал мажбур болгондон улам убактылуу унчукпай калышы мүмкүн. Бирок адамдын мээсине кирип, анын оюн каалагандай өзгөртүп алуучу технология чыга элек. Андыктан адамдын пикири учурунда айтылбаганы менен баары бир окуяларга карата ою, мамилеси ичинде кала берет. Эртедир-кечтир бир бийлик кетип, башка бир бийлик келгенде айтылышы мүмкүн. Өзү айтпаса да урпагы айтат. Кыргызда жети атасын билип жүрүүнүн да бир мааниси ошо. Кези келгенде жаманаттысы жаман болот, жакшысы жакшы болот. Кааласак, каалабасак да мезгил таразалай турган учурлар болот. Ушуну ойлоно жүрүшүбүз керек. Ким болбосун адамдардын оюн чындап өзгөрткүсү келсе анда өзгөртө турган иштерди жасаш керек. Ынандыруунун ушундай гана жолдору бар. Адамдын айтканы туура эмес экенин көрсөтүш үчүн да ошого жараша иштерди жасаш керек. Ошондо ал өзү эле унчукпай калат. Башка жолу жок.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

Тектеш

XS
SM
MD
LG