Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:45

Күндөлүк. Абак - азап, чыгармачылык жаңы демим


Олжобай Шакир, Бишкек шаардык соту. 18-сентябрь, 2023-жыл.
Олжобай Шакир, Бишкек шаардык соту. 18-сентябрь, 2023-жыл.
  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз
  • Олжобай Шакир - жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист. Учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык баш аламандыктар”) менен кылмыш иши козголгон. Ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан.

(Олжобай Шакир абактан жазган экинчи катын адвокаты аркылуу берип жиберген).

Үйдө жүргөнүмдө эске келген учурда сүкүт (медитация) чалып, эске келбесе жүрө берер элем.

Көп учурда тоо-ташка үй – бүлөбүз менен чыкканда дарыя жээгинде сүкүт чалмай адатым бар. Бул жакка келген күндөн бери күнүгө 1-2 маал сүкүт чалуу кадыресе адатка айланды.

Адам өзүн өзү өзгөртүүнү эркиндикте жүргөндө анча ойлонбойт экенбиз.

Бул жактагы ар бир күнүм бекер өтүп аткан жок. Таң эрте туруп улам жаңы ойлорду кагазга түшүрмөй. Китеп окумай. Бир убакта эле күндүн жарымы өтүп кеткен болот.

Абак менин чыгармачылык демимди ачты. Жаңы дем ал. Турмушка башкача кароого абак гана чоң түрткү берди мага. Көндүм турмуштан бошонуп, көртирликтин деңгээлинен өйдө көтөрүлө албай келген болсом, абактан эми өзүмдү издегидей экемин...

09.09.23

“Камакта жазылган казал” аттуу ыр түрмөктү баштап алып, эртеден кечке эрмегим болуп калды. Мага бөтөнчө жаккан эки сап бар анда:

Мокоп келсем өз үйүмдүн бурчунан,
А түрмөдөн мүнөз таптым курчуган.

10.09.23

Өткөн жуманын аягында келинчегимден келген катты адвокатымдын колунан алып, чала окууга гана үлгүрдүм. Адвокатымды жөнөтүп, камерага келатсам, кароол жигиттер ой-боюма койбой катымды алып коюшту. “Оперлер окуп чыгууга тийиш” деген шылтоо менен алып калышкан. Кийин кайра беребиз деген бойдон кайтарыша элек. Үч күн өттү. Оперлерине да, кароолдо тургандарына да күнүгө айтам, бирок ар шылтоону айтышат...

Сыягы, бизде бирөөнүн жеке турмушуна, жеке мүлкүнө кийлигишүү наадандыгы калбайт көрүнөт.

Адам укугу, адам эркиндиги мамлекеттик органдын кеңсесинде ушинтип тебеленип атса, биз кайдан демократия дөөлөтүн калыптайбыз?..

Мага карата козголгон кылмыш боюнча 5 жылдан 10 жылга кесүү тагдыры турат. Бирок маңдайга жазганын көрөрбүз. Ошентсе да соттон толук акталаарыма бөркүмдөй ишенем. Себеби онлайн митингге элди үндөгөнүм үчүн 5-10 жылдык мөөнөткө кесилип кетишим акылга сыйбас жосун.

***

Бүгүн китеп окууга таптакыр убактым боло элек. Кечки саат 20 болуп калды. Жазып аткан казалым баарынан кызык көрүнүп, буга чейин баштап койгон эки аңгемеге да убакыт таппай атам.

Түнү бою уктаганым жок. Көз илинип баратканда эле капкайдагы кош саптар өзүнөн өзү келип, улам жазганымды улам оңдоп олтуруп, таң атып кетти. Күндүз да уктай албадым. Улам жаңы саптар мээмден кетпей, унутуп калбас үчүн жазып коюп атамын. Кызыгы, чарчаганым жок. Болгону, медитацияга убакыт бөлгөнүм үчүнбү, кечээтен бери чарчоону билбей жазып отурам.

11.09.23

Чыгармачылыктагы изденүүчүлүккө абактын жакшы жактары өтө көп экен. Муну эркиндикте жүргөнүмдө да ойлончумун. Оюң чачылбай, сөз багып иштөөгө, сапаттуу ойлонууга аргасыз кылат! Мурда ой-келди жашап келсем, бул жакта ар бир саат, ар бир күнүмдү туура пайдаланууну гана ойлонуп, убактым бошко кетип аткан жок. Үйдө жүрүп дене бой катып баштаган экен, а бул жакта тынымсыз кыймылдап улам денем ийкемдүү болуп, уйкум да сапаттуу, тамак-ашка да табитим ачылып, айтор, сергек жашоого үйрөндүм.

***

Үйдөн тажап келгенимден улам абактагы жашоону мактап отурганым жок. Тек гана Кудай маңдайыңа жазган буйрукка көнүп, жашоо кадырын темир тор артынан терең аңдайт тура адам.

Эгер өзүм үчүн ар бир мүнөт, ар бир саат, ар бир күндү туура пайдаланууну ойлонбосом, мен дагы айланамдагы абак ичинде бук болуп, куса болуп отургандарга окшоп мүңкүрөйт элем.

Көңүл чөгүп, сынмакмын. Ден соолуктан ажырайт элем. А менде мамлекеттик машиненин адилетсиз саясаты менен күрөшүү үчүн колумдан келишинче кайратымды бошотпой, баардык жагынан кубат-күчкө ээ болгондон башка амал жок.

***

Сакал-мурутум агара баштаганынан улам келинчегим Назгүл элден уялчубу, анын асылганы эле сакал-мурутум эле. “Алчы сапсайтпай” деп, көп учурда Назгүл аргамды кетирчү. А бул жактан үйдөгүдөй айдатмалыгым жок, душка барган сайын кырынып, менден өткөн тыкан киши жок...

***

Абактарда радио-теле берүүлөр бар экен. Бирок баары эртеден кечке мамлекеттик саясаттын гана рамкасынан чыкпаган, элди бир жактуу гана маалымат менен караңгы кылып келген баягы эле совет заманы...

Мамлекетте өсүп-өнүгүү укмуштай деген пропаганда күчүндө экен бул жакта. Эч кандай эркин маалымат каражаттарынын маалыматы жок. Анан калса интернет жаңылыктары бул жактагылар үчүн таптакыр таңсык.

***

Жанымда жаткан жигит башында абак жетекчилеринен телевизор алдырууга ушунчалык аракет кылды эле. Мен көнгөнүм жок. “Анда башка камерага которул, мен мамлекеттик каналдардын жаагы жап болуп турган жерге гана чыдайм”, - дегенимден кийин, мага көнүп калган ал жигит акыры менин айтканыма макул болду окшойт. Ал да керелдин кечке китеп окуйт. Менин жаңы чыгармаларымды окурман журтунан мурда укканына корстон...

***

Айланада бир жылдан ашык жаткандар көп экен. Бечаралар бук болуп, өздөрүнө батпай, жарыла турган абалдабы: түнкүсүн терезеге баш сунуп, бирин бири чакырат да, кыйкырышып сүйлөшөт. Түн ортосунда уйкусу бузулган кээси кыйкырып сүйлөшкөндөрдү бакырып-өкүрүп сөгөт. Айтор, тынч жаткан борбор калаанын чок ортосундагы түнкү кыйкырыктар короо сыртында жашаган шаардыктарга угулабы, жокпу – билбейм.

А мага баары кызык. Түрмөнүн түнкү жашоосу да, күндүзгү жашоосу да. Жазуучу болом деген мендей апендиге эрмек экен өзүнчө.

Түрмөдөгүлөрдүн диалогунан турган пьеса жазсамбы деген ой бар.

***

Өткөндө үйдөн электр плита алдырып алганмын. Күнүгө муздаткычтагы тамактарды жылытып жеп, кээде чырылдатып тамак бышыра коём. Буюрса, эртең эртең менен күрүч ботко бышырсам дейм.

12.09.23

Абак шарты: бычаксыз сөөк мүлжүмөй,
Адам гана жок жаныңда күлгүдөй.

Зэктер чегип бүткүчө бир чылымды –
Ойлонушат бүт өмүрдү, кыйырды.

***
Абактарда бычак аттуу жок экен,
Эт мүлжүп жейм деген адам кор экен.

***
Темир торду тиктеп жемкор кадалат:
“Сотту кантип чыксам экен паралап?”

***
Бийликтин сүрү – түрмөдө,
Дудук бол, кул бол, үндөбө!

***
Түркөй адам корккон сымал китептен,
Түркөй бийлик коркот митинг, пикеттен.

***
Билимдин күчүн ойлобой,
Бийлик да чала молдодой.

***
Эркиндик жок болгон үчүн түрмөдө,
Эсиң болсо тилиңди көп күрмөбө.

***
Эркин сөздүн болгон үчүн күчү көп,
Алсыз бийлик турат оозун бүчүлөп.

***

Бүгүн шаардык сотто ишим каралып, 1-Май рай сотунун өкүмү күчүндө калтырылды. Анысы мага алдын ала белгилүү болчу. Себеби “колго түшкөн коёнду, коё берүүгө болобу” деген саясат менен эл башкаруу жолуна өтүштү булар. Баш көтөрүп, бийликтин катасын ашкерелегендерди четинен камоо тапшырмасы жогору жактан берилип, мамлекеттик машина диктатуралык жолду тандаганы бул.

Эл сөз эркиндигин алдырып коюшу тез эле...

***

Сот башталганга чейин темир торду кайтарган солдаттар менен сонун тамаша кылдым бүгүн. Сот башталганга чейин Шаардык соттун темир торунда 1,5 саатча кармашты. Бир убакта скамейкасында чалкалап жатып уктап калыптырмын. Коңурукту кош тарткан экем, солдат ойготту: “Эмне уктайсыз? Туруңуз!” “Эй, бала, убакыт өтпөсө уктайм да?..” Ордуман туруп, солдатка басып келдим.

- Кел, тиктешмей ойнойбуз, -десем солдат күлүп ийди.

- Бала күнүңдө тиктешмей ойночу белең?, - дедим.

- Ооба, -дейт.

- Кел анда тиктешебиз, - дедим. Экөөбүз көпкө тиктештик. Арбаштык. Солдаттын бети дирт-дирт дей түштү. “Демек, жеңилет экенсиң”, - дедим ичимден.

- Эй үкам, эгер сен жеңилсең, мени бул жактан бошотосуң, макулбу? - дедим. Күлүп ийди. Мен күткөндөй эле бир убакта көзүн ирмеп жиберди...

Эне сүтү кечээ эле оозунан үзүлгөн солдат көзүмө сүйкүм көрүндү.
Андан ары сот залына күлүп-жайнаган бойдон кирип бардым...

***

Сот залынан келерим менен курсак тойгозуп, ушул күндөлүктү жазып отурсам, оперлерге чакыртышты. Ал жактан опер жигит менен маектешүүдө: бийлик деле өз катасын анализдөө үчүн баш катырып атышкандай көрүндү. Себеби суроолордун мүнөзүнөн улам демократиялык баалуулуктардын, диний чөйрөдөгү адамдардын, улут катары жолубуздан адашып келаткан жагдайлар боюнча жеке пикиримди сурашты. Ал боюнча менин пикиримди билүүнү каалагандар Ютубдагы “РухЭш” каналындагы контенттерди көрсө болот. Опер жигит менен болгон маектешүүдө деле буга чейинки коомго какшанып айтып келген тезистеримдин айланасындагы маектешүү болду. Төңкөрүшкө жол бербөө үчүн бийликтегилер демократия багытында гана саясат жүргүзбөсө, азыркы саясий абал 4-төңкөрүшкө алып баруусу толук мүмкүн экендигин түшүндүрүүгө аракет кылдым. Учурда оппозицияга, жарандык коомго каршы аёосуз күрөш жарыялаган Кыргыз бийлигин “Узкий коридор” жана “Великая шахматная досканы” окууга чакырар элем. Болбосо азыркыдай кыл чайнашкан тиреш, калың масса күтүүсүз жарылуусун жаратышы толук мүмкүн. Биздин эл адилетсиздик тебеленген өлкөнү каалабастыгын буга чейинки үч жолку төңкөрүш сонун көрсөттү. Андыктан эки дос ушул 3 төңкөрүштүн тарыхын, мүнөзүн, күтүүсүз жаралуусун түшүнүүгө тийиш. Мен буга чейинки видео кайрылууларымда деле ушуну какшап келатканымды кылмыш катары санаган соттордун эс-акылына түшүнбөйм.

Ар бир жаран жеке пикирин, эркин сөзүн айта албаган мамлекеттин бүгүнкү опурталдуу жолу – менин тагдырымдан да кейиштүү болуп калышы толук мүмкүн. Эгер эстерине келбесе...

***

Буюрса, абактан чыкканымдагы китебимди чоң тираж менен чыгарып, китептен түшкөн акчаны аялдар колониясындагы эң зарыл муктаждыктар үчүн жумшайм деген ниет бар. Себеби абактарга гуманизмдин жарыгын киргизбеген коомдо келечек болобу? Бүтүндөй өмүрүмдү адабият менен катар коомдук иштерге арнап, өзгөчө түрмөлөрдөгү кейиштүү абалды элге чагылдыруу зарылдыгы бар экенин ушул жактан сездим. Мен үчүн ар бир мекендештин тагдыры бөтөн кайгы эмес. Биз өтө чакан улут болгонубуз менен, адам тагдырына кылымдар бою кесир мамиле кылып келген элбиз. Ошол кесир мамилебизди элдик макал-лакаптардан көргөн сайын мага Аялзат тагдыры тынчтык бербей келет. Энелерге канчалык жалындуу сөздөрдү арнаганыбыз менен, жалпы аялзатына жасаган зөөкүр мамилебиз калбай келет.

Аялдар колониясындагылар тургай үй-бүлө кутун, очогун сактап келген кыз-келиндерибизге адамдай мамиле кылбайбыз, ал эми абакта жаткан асылзаадалардын көргөн турмушунан кабарыбыз барбы?!

Андыктан “Абактан адабий базарлык” аттуу китебимди окурмандардын калың катмарына тарагандай кызыктуу жазсам, китептин кирешеси колониядагы аялдардын күнүмдүк турмушуна эң зарыл муктаждыктарга кантип жарабасын?..

Элибизде илгертен ашар түшүнүгү болуп келген, андыктан китептин кирешесинен сырткары да элден кантип тыйын чогулбасын? Кудайдан сооп издеген диний уюмдар четте калбас буга келгенде. Эң башкысы, бул менин дагы бир улуттук долбоорум болоруна бөркүмдөй ишенем! “РухЭш” агартуу айдыңы катары өз жолун тапкандай эле, бул долбоорум деле коомчулуктун колдоосуна ээ болоруна ишенем.

Абакта мага дем-шык берген идеяларды эркиндикке чыкканымда билек түрүнүп ишке ашырам, буюрса!

13.09.23

Сот залында

Жаназаны окуй турган молдодой,
Сот отурду сустайган,
Үчөөсү тең суз маңдай.
Мен үчөөнүн колундагы олжодой...

Залда көздөр – сотту тиктеп үмүттүү.
Кургандар – ай, кургандар.
Туугандар – ай, туугандар.
А мен сезип турам болор күйүттү.

Баам салганы – залды түрө карасам:
Пикирлешип жүргөндөр,
Мага жаны күйгөндөр.
Баарында бар бересем да, аласам.

Унутпагын жана дагы дос жөнүн:
Сураштырар амандык,
Каалабастыр жамандык.
Бири да жок тагдырыма кош көңүл.

Эрдин кырча тиштейт залда колуктум.
Кантейин – ай, кантейин!
Жароокерим, алпейим.
Карегине каканактап толуп муң.

Эң алдыда турат уулум. Тирегим.
Менден да курч кайраты,
Көөдөнүндө айбаты.
Беттегенин бербес көк жал. Билемин.

Баарысынын адилеттик күткөнү:
Ишенимдүү көздөнөт –
Сот өкүмү өзгөрөт.
А мен шектүү темир тордо – түптөгү.

Адвокатым туйбадыбы, туйдубу?..
Кенебес сот керилген,
Жогорудан берилген
Өкүмдардын аткарылмак буйругу.

Жеке адам өз бийлигин кылганда,
Диктатордун айтканы –
Кыйын артка кайтмагы.
Жалгыз башын сот бермекпи кыйганга?

Чоң саясий оюн көрдүм сахнадан.
Билем муну биресе;
Жазган үчүн пьеса.
Сот чечимин күткөнүм жок актаган.

13.09.23

Оор кыйынчылык башка түшкөндө, адам адамдык касиетине кайтабы деп калдым. Сыртта эркиндикте жүргөндөрдө адамгерчилик сапаттар өтө чанда учураса, мен абакка келген күндөн баштап күн сайын арестанттардын адамгерчилигине көңүлүм жылыйт.

Камерадагылар бири бирин билбесе да, ал тургай биринин өңүн бири тааныбаса да, кимдин колунда эмне жок экенин укса дароо бөлүшөт. Албетте, ар бир камеранын темир тор эшиктери жабык болсо да, коридордогу кароол жигиттер аркылуу бири экинчисине тамак-аш бердирет. Тамак-аштан сырткары деле кем-карчтар толтура дечи, бири самынга жетпей, бири тамекиге, бири насывайга, бири нанга, чайга жетпей отурганын билсе, коридордон кароол көрүнө калса дароо чакырып, баландай номурдагы кишиге ушул аманатты берип кой деп тапшырышат. Ал эми Эркиндикте жүргөндөр кошунасынын кем-карчысына карайбы, жокпу?..

Абактагылардын алышып, беришкендеринен улам мага ушул суроо келди. Берешендикти, кайрымдуулукту түрмөдө жаткандардан күн сайын көрүп таңгалам. Алыш-бериш адамдар ортосундагы улуу мамиле экен абактагыларда.

Бир жылдан ашык мөөнөт жаткандар андан бетер боорукер, кайрымдуу келишет экен. Ал тургай Чеченстандын бир жараны бизден алыс эмес камералардын биринде жатат. Р. Кадыровдун жырткыч саясатынан заарканган ал бечарага бирибиз тамак-ашыбызды, бирибиз тамеки, бирибиз чай-чамегибизди берип, айтор ачка калган киши жок.

Кээси бул жактан ысык тамак жасаса, тамагын ысык кезинде башка камерадагылар менен бөлүшүп жегеничи – улуу адамгерчилик эмеспи?..

***

Бир камерада 2-3төн арестант бар. Демек, камерада чоң казан тамак бышыруу мүмкүн эмес. Ошентсе да ресторандын мыкты ашпозчусундай тамак жасагандар өздөрүнүн ырыскысын башкалар менен бөлүшкөнүн көрүп, адамдын адамдык сапаттары кыйынчылыкта ойгонобу дедим...

***

Камерадагылар биринин өңүн бири тааныбайт, үн алышып таанышып алышат. Анан ошол өңү тааныш эмес адамдар менен ырыскы бөлүшүп, аласа, бересе кылышат.

***

Күнүгө биринен бири жаңылык сурашат. Үй-бүлөлөрүнө кат-кабар билдирүү да бул жактагыларда укмуштай. “Мага адвокат келет, сыртка аманат айттырбайт белеңер?”- деп калды бирөөсү бүгүн. “Сен ким деген болосуң?..” Тигиниси өз атын жана камерасынын номурун айтып, үй-бүлөсүнө аманат айттырып жиберди: “Мага камсанаа болушпасын. Баары жайында деп айтып койсун адвокатың. Жанагы мен айткан дарыны эле берип жиберишсин. Жанымдагы киши ооруп атты эле”, - деген арестанттын адамгерчилигине суктандым.

***

- Эмне жаңылык уктуң? – деди бири.

- Эмне жаңылык болмок эле. Баягы эле мамлекеттик теле каналдардын жаңылыгы.

- Эмне дейт?

- Эмне болмок эле. Күндөгүдөй эле баланча кылмышкерди кармашты деген жаңылык.

- Кыргызстанда кылмышкерлер кармалды дегенден башка жаңылык жокпу?

- Ооба десең... Азыркы бийлик түрмөлөргө элдин баарын камайт окшойт минтип отурса...

***

- Кимде кола бар? – деген үн угулду.

- Бизде! – деди жанымдагы жигит.

- Кайсы камерадансың?

- Отуздан. А өзүң кайсыда?

- Отуз үчтө.

- Азыр берип жиберем кароолчу келсе.

- Э-эй отуздагылар! Мага да кола барбы? Мен отуз бирден болом.

- Бар. Берип жиберем.

- Болсо мага да бергилечи.

- Макул, берип жиберебиз, - деген жанымдагы жигит үч “коко кола” жөнөттү.

Бул биздеги күнүмдүк жашоо.
А сырттагылардачы..

14.09.23

Диогендин жакшы айтканы бар: “Музыкант, - дейт – лирасын күүлөгөн менен, жан дүйнөсүн колундагы музыка аспабындай күүлөбөйт. Чынында адам аткырың адам болууга машыкпайт экенбиз. Жакшы өнөрдүн же кесиптин ээси болууга машыгабыз. Окуп, чокуйбуз, изденебиз. Бирок адам болуу үчүн изденбейбиз. Мен жинди түрмөдөн изденип атам. Таң атпай турам. Кечке өзүм менен гана алекмин. Албетте, түрмө жашоосун мактагым жок, ошентсе да эмнеге түрмөгө келгенге чейин өзүмдү мынчалык издебедим? Эң кызыгы, оозуман ыр чубуруп, эргүү өзүнөн өзү келип, үйдө жүргөндө чыгарманы ыйынып жараткандай абалда боло элекмин. Ушул күндөлүк жазганым деле шыдыр кетип, тек гана турмушта болгон окуяларды ылгап жазганым болбосо, жазганда калемим шыдыр кетип, оюм чачкын болбой калды.

Мунун себеби эле ашыкча маалыматтан башымдын ичи бошогондон го дейм. Мурда унутуп койгон айрым ырлар бул жактан өзүнөн өзү эсиме келип, короого сейилге чыккан маалда кыңылдап ырдайм. Ал эми эркиндикте жүргөнүмдө мени ырдап бер дегендерге канча уят болдум. Аткарып аткан ырларымдын сөзүн унутуп калып, тамтаңдаган күндөрүм канча...

***

“Олжобай байкенин эмне үнү чыкпайт”, - деп калышат камерада бук болуп олтургандар.

- Жазып отурат, - дейт жанымдагы жигит.

- Дагы эле бүтө элекпи?

- Күндө эле жаза береби? - деп таң калышат.

Ооба, эртеден кечке отурам, турам, жазам. Китеп окуйм. Эки керебеттин ортосунда 4-5 километрдей басып коёт окшойм күнүгө. Кечкисин буттар чарчап, суй жыгылып уктайм.

- Аябай тынч уктайт экенсиз, байке, - деп жанымдагы жигит таңгалат. Өзү түнү бою түйшөлүп, чабалактап, ой-санаа жүгүнөн бошобогон жигит.

***

Мени бала күнүмдөн апам айтып калар эле: “Жатының жаман”, - деп. Көрсө, төшөктө тынч жатпаган кишини кыргызда “жатыны жаман” деп коюшат экен. Азыр деле бала кездеги төшөктө тынч жатпаган, туйлаган, үстүмдөгү төшөктү сыйра тепкен адатым калбады. Үйдөгү жаздыкташым Назгүл байкуш да мени “жатының жаман” деп калат. Анткени андан төшөктү тартып алат экемин. Же ордуман оодарылып, аны дивандын кырына чейин жөөлөп жатып алганымдан, ал кургур көп учурда башка бөлмөгө барып жатып алган күндөрү канча... көп учурда эки кишилик керебетке батпайм. Самолёт күүлөнүп, аэродромду айлангандай айланып чыгам төшөктү. Эртең менен ойгонсом, жаздыгым бут жакта, башым таптакыр башка тарапта болуп калат. Көзүмдү ачканда таңгалбайм деле. Бирок үйдөгүдөй туйлап жаткандын азабын бул жактан тарттым аябай. Бир кишилик керебетте кысылып, чыканагымды дубалга 2-3 жолу катуу уруп алган экемин, көзүмдөн от чагылып ойгондум. Тизем менен дубалды тээп алып, түн ортосунда онтогонум канча. Абакта мени кыйнаган эле – керебет.

***

Бүгүн да чыканагым менен тумбочкага чыканактай албай отурам. Түндө катуу урунупмун дубалга. Коркконум эле – катуу уйкуда жатып, бир күнү колумду же бутумду сындырып албасам эле болду. Керебетти дубалдан алыс жылдырып алууга да мүмкүн эмес экен. Түрмөдөгү керебеттер тээ илгерки эле ордунан жылгыс болуп кадалыптыр.

***

Кээде уйку таттуу кезде дубалга урунган этим ооруп, матрасты эки керебеттин ортосуна салып уктасамбы дейм, кайра корком, башымды темир керебетке урсам соо каламбы деп...

***

Өткөндө күн ысыкта камерада турсийчен отурсам, кароолдо тургандардын: “Үйүңүздөн тамак-аш келди, ылдыйкы этажга түшүңүз”, - дегенин угуп, шортикти шаша-буша кийип, жөнөп калдым. Ылдыйга учуп баратып эле чөнтөгүмдү таппайм. Сыйпалайм улам. Чөнтөк жок. Көрсө, шортикти тескери кийген бойдон чуркапмын. Менин шашмалыгымды кароолдо тургандар да билип калышты. Камерадан сыртка чыгарарда “Эч нерсеңизди унутпадыңызбы?” деп турушат...

***

Качан өтсө эле кагаз жазып олтурганымды көргөн кароолдогулар башында сурап калышчу эмне жазып отурганымды. Азыр эч кимиси сурабайт. Жазуучу экенимди түшүнүштү окшойт.

***

Башында мага толтура калем, кагаз келгенин көргөн жанымдагы жигит катуу таңгалды:

- Мынча кагаз, мынча ручкени эмне кыласыз?

- Көрөсүң, -деп койгомун.

Ал мага кечээ таңгалат:

- Сизге калем менен кагаз түтпөйт экен го, - деп.

Ооба, үйдөн бир пачкадай кагаз келди эле, жарымынан азы калды. Аңгеме жазууда кагаз түтпөйт. Улам-улам көчүрмөй, өчүрмөй, ыргытмай меники.

***

Үйдө келинчегим өстүргөн кооз, бажырайган гүлдөр толтура. Өткөндө бирөөсүн камерага алдырсам, камерага гүл киргиздирбей коюшту. Абактын жетекчисине чейин бардым, гүлгө уруксат бергиле деп. Көнбөй коюшту: “Бул жакта гүл өстүргөндөргө болбойт”, - дешип.

Эч болбосо терезебизде бажырайып гүл өсүп турса дедим эле...

***

Түрмөлөрдү коом өзү өзгөртмөйүн, мамлекеттик саясат дагы эле советтик инерция күүсүнөн чыга элек. Болбосо камерада отургандар абак жайларын эмнеге үй шартындай гүлдөтүп, таза кармаса болбойт?..

***

Чындап келгенде абактардагы кейиштүү абалды оңдоого чоң акылдын деле кереги жок. Эл аралык демократия институттары жана финансылык институттар менен тыгыз кызматташып, түрмө саясатын түп тамырынан өзгөртүүнү эмнеге ойлонушпайт? Өз элине таш боор мамиле кылып келген совет өлкөсүнүн террордук саясаты эмне үчүн Эгемен Кыргызстанда кайталанышы керек?! Түрмөлөр элди кулдук мүнөзгө, баш ийүүгө гана тарбиялаган мамлекеттик машине экенин качан түшүнөбүз?!

***
Эр уул-кызын камап жатса
түрмөлөр –
Эл бийликтин кулу болуп
үйрөнөр!

***
Жемкор соттор чыйт түкүргөн чөйрөдө,
Өлкө кантип көтөрүлөт өйдөгө?

***
Мусапырлар түрмөлөрдө олтурган,
Чоң күч болмок казынаны толтурган.

***
Өрдөк уурдап, өзөгүнөн кан сызган,
Колония, түрмөлөрдө алсыздар.

***
Жумушчу күч, чөнтөк кулу шокторун,
Түрмөлөргө шыкап салган сотторуң.

***

Айта берсек, арман көп. Өлкөнүн эң башкы байлыгы – адам ресурсу. Ушуну түшүнсөк, өлкөбүздүн абалы ушуга келет беле? Паракор соттордун алкымдары араандай ачылган үчүн айыпсыз соттолгондорду четтен тапсак болот. Аттиң, эрдиги бар, эси жок элибиз 3 жолу мамлекеттик төңкөрүш кылганда Акүйдү, Генпрокуратураны, акимиат, мериялардын имараттарын талкалап, өрттөгөндөн көрө, соттордун үйлөрүнө барып, көргүлүктү көрсөтүшү керек эле! Сотторду үймө-үй кыдырып, ар бирин кежигеден кармап барып эле абактарга тыксак, азыр абал таптакыр башкача болуп, адилеттүү мамлекеттик саясатты орнотмокпуз!

***

А бизде кандай болду? Ар бир келген бийлик жана саясий топтор өз кызыкчылыгынан алыс кетпей, бир да жаңы келген бийлик сот реформасын жүргүзө албады. Тескерисинче, бийлик алмашкан сайын сот системасы начарлап, элдин сотторго болгон ишеними өчтү. Көрсө, бийлик башындагыларды өзгөртүү менен гана мамлекеттик саясатты туура жолго коё албайт экенбиз. Эң башкысы, соттордон баштасак болмок экен чоң өзгөрүүнү.

Сыягы, азыркы процесстер акыры ошого алып барат. Албетте, элди төңкөрүшкө үндөгүм жок, бирок кокус 4- жолу төңкөрүш болуп кетчү болсо, эл сотторду соо койбойт. Эмки кезекте соттордун тагдыры кыл учунда болуп калышы ыктымал... Кокус бир балээ болсо!

***

Күндөлүктүн так ушул жерине келерим менен күтүүсүз иш болду. Жумуртка кууруп, колбаса кесип тамактанар болгондо кароолдо тургандар шаштырып калышты: шаардык сотко барасыз деп. Эки күн мурда эле соттон келдим, адашып атасыңар го десем, кайра такташып атып, чын эле менин ишим каралмак болуптур. Чала-чарпыт тамактанган бойдон жөнөдүм сотко. Эмне мындай болуп калганына таңгалып бүтө элегимде, сот процессин да баштамай болушту. Карасам, залда адвокатым жок. Жайнаган соттор отурат.

- Адвокатым келбесе эле сот ишин карай бересиңерби?- дедим.

- Эгер сот курамына ишенсеңиз., ишти баштайбыз,-дешти.

- Анда кана, ар бириңдин көзүңөрдү тиктейинчи, - дедим куудулданып.

- Та-ак, сиздин көзүңүз күлүп турат, анча жаман киши эмес көрүнөсүз, дедим четте отурган соттун көзүнө кадалып. Ортодогусуна тиктедим, анын да көздөрү күлмүңдөп атып эле, өңү сустайганын көрүп:

- Сиздин көзүңүзгө анча ишенбей турам,-дедим. Үчүнчүсүнө тиктедим:

- Сиздин көзүңүз да анчейин жакпай турат, - десем, сол жакта тизилген соттор күлүп жиберишти.

Маңдайымда протокол жазган келинге кайрылдым:

- Кана бери карап, жоодураган көзүңүз менен мени тиктеп коюңузчу, - десем, башын көтөрөр эмес.

- Сизге бул жер цирк эмес! - деп сот алып баруучу күрсүлдөдү эле, мен да жиним кармап кыйкырдым:

- Адвокатым жок, макул эмесмин! Бөөдө мени эркиндикке бошотуп ийсеңер, анык шерменде болом элге. Мени кайра алып барып эле камап койгула, - дедим.

Камерама кайра алып келишти. Эртең менен кууруп кеткен жумурткаларым менен карынды кампайттым да, калемди кайрадан колго алгандагы кербезим...

***

Бул жакта шаңыраңдап көңүлдүү жүргөнүмдү көргөн кароолдо тургандар таңгалып сурашат:

- Ушул жакта жатканыңызга эмне мынча сүйүнөсүз? - дешип.

- Сүйүнгөн себебим, азыр күз. Той-ашка чакыргандар тажатаар мезгил. Телефон чалгандар, мага келип-кеткендер - убактымдын уурусу. Андан көрө бул жерде жатып, бүтпөй келген чыгармаларды четинен жайлап атам, - дегениме, кээси күлөт, кээси шектүү карайт, “бул киши соо эмес” дегендей...

***

...чыгармачылык процесс өмүрүмдө болуп көрбөгөндөй боркулдап кайнаганына өзүм таңмын. Адам эркиндикте жүргөндө эмнеге жалкообуз, чыгынбайбыз, күнүмдүк майда-барат нерселерге убакыт коротобуз?..

Үйдө экенимде иш үстөлүмө барып отургандан заарканган күндөр болгон. Айрыкча “РухЭш” сайтын жаңыдан негиздегенимде. Сайттан эч кандай киреше түшпөсө деле суткасына 14-15 саат иштеп жүрдүм башында. Үй-бүлөдөгү кемкарчыбыз кыстап атса да, улуттук адабияттын чоң аянтчасын негиздейм деген жинди кыял менен компьютерге байлап-матап койгон эле.

“РухЭш” коммерциялык эмес долбоор болбогондуктан, финансылык жүгүмдү досторго артканымды кантейин... Алар мени ушул күнгө чейин колдоп келген үчүн “РухЭш” өзүнүн чоң аудиториясын таап алды. Улуттук онлайн адабиятынын фонотекасы даяр болуп калган кезде Айбек Сарыгул аттуу мекенчил бизнесмен менен ушул жылдын 12-декабрь, кыргыз адабиятынын күнүнө карата “Куйма кулак” аттуу жаңы долбоорубузду ишке салган кезде, мен бул жакка кабылып калдым. Бирок командабыздагы ишенимдүү адамдар азыр “Куйма кулактын” үстүндө ишти токтото элек. Орустарда “Книги вслух” аттуу тиркеме бар, биз аны кыпкыргызча “Куйма кулак” китепканасы деп атадык.

Бул тиркеменин артыкчылыгы – подкаст же аудио адабиятка караганда өтө ыңгайлуу. Интернет жок жерден да ачып алган тиркеме менен каалаган китебиңди уксаң болот. Кыргыз адабияты менен гана чектелбей, буга чейин түпнускадан кыргызчага түз которулган дүйнө адабиятынын шедеврлери “РухЭш” архивинде топтолуу. Эми ошол адабий казынаны актёрлорго көркөм окутуп, сапаттуу студияларда жаздыруу мезгили келгенде кара өзгөй бийликтин камагында отурсам да эч бир иш токтобойт. Адабий коом агартуу ишимди абакта деле токтотуп койбодум.

“Адам +” китебимди жайылтууну абактан деле кылып атам. Бул жакта китебимди окугандарынын көз караштары кыйла өзгөрүп, үй-бүлө баалуулуктары үчүн жазылганын аңдап атышат четинен...

Буга атайы токтолгон себебим, коомду өзгөртүүнү кааласак, адам аткыр түрмөдө жатабы, эркиндикте жүрөбү – ишин улай бериши керек. Айрыкча биздей өчөйүп өнүкпөгөн элдердин чыгармачыл адамдары, илим чөйрөсү кол куушуруп отурганы кечиримсиз. Алар коомдук процесстерге аралашмайын эркин журналисттер менен жарандык коомдун, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү коомду өзгөртүүсү өтө оор экенин учурдагы абал көрсөтүүдө.

Коомдун эң активдүү бөлүгүн мамлекеттик машине элге бузуку катары сыпаттап, эркин журналисттерди, активдүү жарандарды абакка четинен тыкканы – өлкөнүн өнүгүүсүнө зыяндан башка эмне алып келерин түшүнбөгөндөр толо.

***

Элге эркеч болор абийирдүү азчылык коом калыптабаса, Кыргызстан деле Түркмөнстандын кейпин кийип калуусу тез экен.

Акыркы 3 жылда Кыргызстанды эркин өлкө атоого мүмкүнбү? Жок! Өлкө жарандары Конституциялык укугунан пайдаланып, митингге чыгууга мүмкүн болбогон шартта, эркин, эгемен өлкө курууга мүмкүнбү? Элди кулдук мүнөздө жалтак кылып алган бийлик заматта түптөлдү, мындан аркы жолубуз кантер экен, бурадар?

***

Эл, жердин тагдыры үчүн башын байлаган эр азаматтар, келин-кесектер абактарга камалып жатканда бийликке адилеттикти талап кылып кайрылуу жасаган аттуу-баштуу аксакалдар болдубу? Жок. Илим-билим жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү чогулуп, расмий бийликке коңгуроо какканга жарадыбы? Жок! Бийлик менен элдин ортосунда өкүл болуп берер парламент барбы бизде? Жок! Демек, эл өзүн өзү кантип коргошу керек? Караламан калк кайсыл коомдук катмарга үмүтүн, ишенимин арта алат эми? Бийлик баш көтөргөндүн баарын четинен камап, элдин жаагын жап кылуу саясатын көрүп, билип, угуп, бирок баарына кайдыгер аттуу-баштуулар, аксакалдар кантип бетиңер чыдабай, бийликтин бүгүнкү адилетсиз саясатын кубаттап отурасыңар? Силер үчүн мамлекеттик сыйлык, наамдан жогору баалуулук жокпу?! Иттин каргысынан эмне айырмасы бар – көңдөй көкүрөгүңөрдө жылтыраган темирдин?

15.09.23

Күлкү

(Жарандык активист Эмил Бекиевге)

Бир күлкү бар аралаган абакты,
вирус сымал тараган.
Камерадан жадаган
Ачат дароо үңүрөйгөн кабакты.

Санаа басып турган кезде кабаттап,
жымжырт болуп айлана,
жарылат үн кайра даа,
карманалбай каткырабыз шарактап.

Силкингенсип муңдуу, муздак дубалдар:
кыткылыктап алабыз,
саныбызды чабабыз.
Маанай өсөт арестанттар кубанган.

Күнүн санап уктайт, турат Эринген...
Кээси болот үңкүйгөн,
ыйлап көзү бүртүйгөн.
Андайларга күлкү белек Эмилден.

Кудай ага бериптир зор күлкүнү.
Бир жыл ашык камалган,
эрк, кайраттуу жарандан
көңүлүбүз жаркып турат күнү-түнү.

16.09.23

Бүгүн келинчегим Назгүл жолугушууга келди. Мен абакка түшкөн күндөн бери ага канчалык оор сыноо келгенин сездим. “Азаттыкка” жарыяланган күндөлүгүмдө абактарга арча менен шыбактын жыты көздөн учаарын жаздым эле, кургурум мен үчүн тоого барыптыр арча менен шыбак издеп. Тоо жаңырта ыйладым дейт...

Азыр күз маалында шыбак кайдан табылсын ага, тоо беттен, эч бир күнгөйдөн шыбак издеп таппай, айласы куруганда – тоо жыттанган өсүмдүктөрдү терип келиптир. Азыр ошол тоо жыттанган өсүмдүктөрдү моокум кана жыттап, Кудай менин бактыма жараткан жаншеригиме жалынып отурам...

***

Келинчегимдин айтымында, аттуу-баштуу далайлар менин таламымды коргоп, бийликке кайрылуу жолдошкон экен. Алардын ар биринин аттарын бул жерде атабасам да, баарынын тилектештиги жүрөгүмдө. Ар бирине терең алкыш! О.э. чыгармачыл чөйрөдө сымаптай кылтыңдаган, мүлтүлдөгөндөрдүн да жүзүн тааныдым, алардын ысымдары да жүрөктө. Чыгармачыл сапарда үзөңгүлөштөрдүн кимиси ким экенин тааныганыма абактын да сыноосу жаман болгон жок... Коомдун күрөө тамырын сезбеген жазуучу да жазуучубу? Мен өз заманымдын да, замандаштарымдын да жүзүн тааныганга абактан өтөр улуу мектеп жок эле. Ар бир замандаш, калемдештин кимиси ким болсо, алардын бейнесин чагылдырар боёктор, түстөр табылды. Турмуш сахнасынын каармандары канчалык түрдүү болсо, ал – менин олжом.

***

Көркөм чыгарма жаратууда асман айдан каарман издеп кереги жок. Алардын баары – өз айланаңда. Тек гана ар бир доордун күзгүсү болууга өзүбүз жарамсыз болуп келатканыбызда кеп. Конфуцийдин жакшы накылы бар: “Эгер устундардын бири узун, бири кыска болсо, кыска устундарды керексиз деп ыргытып ийбе. Кокус көпүрө курар болсоң, так ошол кыска устун узун устундарды ашташтырар жерине керек болот”. Анын сыңарындай, чыгармачыл чөйрөдөгү кылтың мүнөздөр да кайсы бир көркөм чыгармамдын табылгыс штрихтери...

***

Мага көп сөз короткон каскүмөн пенделерге менден кыска жооп бул:

Туяктарын курчутушат кийиктер,
артта жырткыч болгон үчүн үркүткөн.
Чоң каршылык канча болсо бийиктен,
көктө ошончо шукшурулат бүркүттөр.

***

Абакта олтурган киши ар нерсеге баамчыл болуп баштайбы, мурда маани бербеген майда-бараттарга көңүл бурчу болдум. Эртең менен эрте камерада арчаны коюу түтөтүп болуп, керебетке отуруп китеп окуюн десем, терезенин темир торунан күндүн ушундай бир кооз нуру тамып, узун шооланы карасам, бир шумдук. Көрсө, арчанын түтүнү терезеден сыртка, а күндүн нуру терезеден ичти карай төгүлүп тургандыктан, көк түс менен сары түс жуурулушканы – Асан-Үсөндүн нурундай кооз керемет болуп көрүнөт экен.

Адатта терезенин темир тору көзгө суук көрүнчү эле, бул жолу дал ошол торчо-торчо нурлар бир башкача шоола чачты абакка. Күн нуру торчолорго бөлүнүп, арчанын түтүнү мелмилдеген майда шоолаларга жуурулушкан кубулушка ушунчалык кумарлана тиктеп жаттым көпкө. Жол-жол болуп төгүлдү шоола...

16.09.23

Толубай сынчынын төгөрөгү төп келген күлүгү бар го. Чоң жазуучулук дымагы бар калемгер да Толубайдын артынан кууп жетпеген биринин туягы жука, биринин маңдайы жука күлүктөрдөй болбой, таштак жол болобу, айтор турмуштун кандай сыноосу башка түшсө да төрт аягын кере таштаган аргымактай болушу керек. Ансыз марага жетүү кайдан?..

***

Бала күндөгү шоктугум азыр да кала элек. Шоктугум үчүн илгери эне-атамдан тил угуп келсем, азыр келинчегимден тил угам. Ал да мени жоошута албай келет. Кечээ аны менен жолугушканымда келгенден кеткенче тилдеди: “Отурсаң! - дейт, - Туйлабай... Мен эмне үчүн келдим!”

- Сүйлөшкөнгө да үлгүрөбүз. Азыр сен экөөбүздүн ортобуздагы секс маанилүү десем, мени өзүнөн алыстатып, көпкө тилдеди. Анан ичимден ойлодум: “Муну маам деп жүрүп, чын эле бул апама окшоп тилдеп отурганын кара...”

Назгүлдү “маам” дегенимдин себебин да, бизди жакындан билгендер көп сурашат: “Эмнеге келинчегиңизди мама дейсиз?”

"Маам" дегеним ошол – үйдө болсун, кайда болсун, ал мага энелик мээримин төккөн өзгөчө жан. Мен кээде өз башыма өзүм ээ боло албай атканымды Назгүл сонун сезет. Мына анан тыйат, тилдейт: “Сен, - дейт, - тынч жүргөн күнүң болобу?! Дагы бирдеңкенин ичинен чыгайын депатасыңбы?! Жетет мага! Тойдум... Шайтандаганыңды токтот!”

Бирок мен токтолууга көп эле аракет кылдым. Болбойт экен. Мага тынч жүргөн жакпайт. Жашоомдо баары удургуп турганын каалайм. Сенек коом өзгөргөнүн каалайм. Мен жашаган коом тынчып, баарына кайдыгер жашаганы жакпайт. Баары эскиче коомго өзүмдү батыра албай, бассам да, турсам да туйлайм. Тынч уйкуда жатып да төшөгүмдү сыйра тебем. Самолёт күүлөнүш үчүн аэродромдо айлангандай, эки кишилик керебетке таң атканча айланып, тегеренип уктайм. Назгүл ошон үчүн жанымдан туруп кетип, башка бөлмөгө уктайт.

***

Жан дүйнөмдө болсун үчүн дүрбөлөң,
Эл жашоосун көргүм келет түрмөдөн.

***

Түрмө жашоосу, албетте, жакшы эмес. Оор. Азаптуу. Бирок ал азапты адабияттын, искусствонун өкүлү көрбөсө, коомдо гуманизм сезими ойгонобу?.. Ким ойготушу керек коомду? Эмне үчүн мамлекеттик теле каналдарда күнү куру эмес жаңылыктар өңчөй кылмыштуулук жөнүндө?! Күнүгө кылмыштуу топтордун өкүлү кармалып, күнүгө коррупционерлер тутулуп, күнүгө зордук-зомбулук, зордуктоолорго элибиз бышы кулак болуп көнүп баратканы кооптуу эмеспи? Жаңылыктардан күнүгө кылмышкерлер кармалганы жөнүндө окуялардын себеби эмнеде? Эмнеге убактылуу жайлар менен түрмөлөрдө, колонияларда, лагерлерде “кылмышкерлер” шыкалып батпай, азыркы бийлик дагы да түрмө кура турган саясат бизди кайда алып баратат?! Ушуну түшүнгүм келет.

***

Оноре де Бальзактын урааны бар: “Мен жазбаган тема калбашы керек!”. Улуу жазуучу Бальзак өзүнө ушул озуйпаны койгон үчүн капиталисттик коомду ичегисине чейин аңтарып жазган. А мен Эгемен Кыргыз мамлекетинин иче-кардын аңтарып түшүнмөйүн эмнени жазам?! Совет доорундагы акын-жазуучулардын дээрлик көпчүлүгү коммунисттик идеологияны гана пропагандалап келсе, эгемен өлкө болгонубуздан бери деле кыргыз адабияты советтик инерция менен келатат. Күүсүндө. Дале бийликтин колунда куурчак болгон акын-жазуучулар четтен табылат. Баары Эл акыны, Эл жазуучусу наамына жеткиси бар. Алар ошон үчүн дудук. Бийлик колунан жем жегилери келет. Тооктой. А мен өз жемин өзү таап жеген алгыр кушту сүйөм...

***

Кыргыз акын-жазуучулары ысык-суукка чыдамдуу, көтөрүмдүү жаңы тукумдагы канаттуу куш болсо дейм...

***

Баардык тобокелчиликтен корккон жазуучу менен акынга калем-кагазды жыйыштырып коюп, тынч оокат кылуудан өтөрү жок.

***

Окторулуп, оодарылып турбаган дайра да дайрабы?.. Ал жөн гана жылжып аккан суу. Кыргыз акын-жазуучуларынын көбү дал ошол жылжып аккан суудай. А кээси токтоп калган көлчүк суудай сасык.

***

“Мен акынга турмушка чыгам деп өмүрү ойлогон эмесмин. Мен өзүмдү күйөөгө тийдим деп ойлосом... А сенин кылганың бул...” - деди Назгүл. Он жыл мурда рактан каза болгон Светаны жерге бергенден кийин алты ай өтөрү менен Назгүлдүн колун сураган элем. “Сен мага турмушка чыксаң, 100 %кепилдик берем, бактылуу болосуң. Мен сага сонун күйөө болуп берем”, - деген элем... Ушул сөз үчүн ал мага башын кошкон.

***

Назгүл бир маалда бутума карап күлдү:

- Апапакай ак байпак кийип алыпсың го...

- Адам кандай жайда болбосун, адамдай кейпинен ажырабашы керек, - дедим.

Апапакай ак байпак, ак турсийди мага Токмокто жашаган Анара эжем жөнөтүптүр.

***

Назгүлдү сыртка узатар маал келгенде ага “Абактагы кыялым” аттуу жаңы бүткөн ырымды окуп бердим:

1.

Өзүң менен жаным бир
Табиятты сагындым.
Барганымда абактан
Тоону карай камынгын.

Суу боюнда шар аккан
Толо куюп шараптан:
Арбын сага жан биргем,
Айтып берер санаттар.

Окторулган дайрадай
Ой дүрмөт көп кайнаган.
Сага болгон сагыныч
Сыйбай агат сайга даа.

2.
Сен экөөбүз бөлүнсөк,
Азап кандай – көрдүң э!..
Махабатка көмүлсөк,
Эрийт кошо мөңгүлөр.

Ортобузда сыр жанат,
Барам бошоп аз күндө.
Бул сагыныч ырдалат
Баардык учур, мезгилде.

Бул ырды Назгүл мага келер күнү 16-август таң эртең менен жазган элем.

***

Абакка түшкөн адамдан мурда анын үй-бүлөсүнө түшкөн оор кыйынчылыктардын бирин да тушүнбөйт экенбиз. Бир айдан бери бизге тамак-аш келгенине сүйүнүп, муздаткыч толо азыктарыбызды четинен ойгонубуз менен, анын сырттан кандай азап менен кирерин ойлобоптурмун. Кечээ Назгүл айтып отурса, азабы көп экен. А биз, жанымдагы жигит экөөбүз, үйдөн келген тамактарды экинчи кабатка түшүп, эки-үч жолу каттап араң ташып бүтчүбүз. Ал эми сырттан тамак киргизе турган киши бул жакка таң атпай келип, узун кезекке турууга аракет кылат экен.

УКМКнын короосунда шыкалган машине толтура дейт, баары багаж толо тамак-аш алып келгендер. Маселен, менин келинчегим мага блоктоп “Легенда” суусун келген сайын киргизет. “Ушу жиндим чайды крандын суусунан кайнатып ичпесин”, - деп. Андан башка тамак-ашы канча. Айтор, сомодой эки жигит 2-кабаттан 3-кабатка эки-үч жолу каттап атып ташыган жүктү жароокер жаншеригим өзү жалгыз ташыганы эле эмне деген азап?! Дүкөндөн ташып чыгып жүктөгөнү аз келгенсип, бул жактан да ташыса, мен аны анык шорго кабылтканымды эми түшүнүп отурам!

***

Мүмкүн, менден башка акылдуу акын-жазуучулар, өнөрпоздор катындарын азапка салбас үчүн көчүктөрүн кысып, тилдерин тишке катып жашаганы да ушундан болуп жүрбөсүн?..

Төш белгилер

Төш белгилер... Эх төш белги – көптөрдү көңдөй көөдөн, көйрөң кылып өткөрдү. О канчалар эки көзү төрт болуп, төш белгиге жетпей ичи өрттөнүп: өлүп кетти. Өлгөндөрдүн артында тирүүлөр да - өлүк наамың, баркың да.

Төш белгиге жетиш үчүн далайлар
ар намысты алмаштырды калайга.
Төштөрүнө шагыратар буюм бу,
кур сыймыкты сүйгөндөргө буюрду.

Чоң таланттар майдаланды жүгүрүп,
Төш белгини берчүлөргө жүгүнүп.
Жойполоңдоп... “Кылсам эле кошомат,
Төш белгини алперет, - деп, – ошо бат”.

Кошоматтык чоң кесипке айланган,
Тирүүсүндө өлдү көптөр. Кайрандар.

17.09.23

Көгүчкөн

Маңдайымда уясы бар көгүчкөн
канат кагып сурайт: "Кандай? Сонунбу?"
Кошунадай бири-бирин көрүшкөн
ага мен да күндө булгайм колумду.

Жатканымды түшүнгөндөй камакта,
Тынчтык кушу шаарды түрө айланат.
Уясына келип канат кагат да:
“Акталасың!”- көңүлүмдү жайгарат

18.09.23

Биздин коом

Коомубуз анык ичи көңдөй челектей,
Көңдөй үчүн катуу чыгат үнүбуз.
Дан сыртынан сыйрылган бир кебектей,
Тез жалындап, өчкөн оттун күлүбүз.

Келген кезде шайлоо, үгүт, өнөктүк,
Добуш саткан элбиз – арзан кунубуз.
Шылуундарды даңктап чуркап, өрөпкүп,
Мамлекеттин ээси эмес, кулубуз!

18.09.23

Кофе менен ачыткы
Кандай күчкө ээ – билебиз, ачыткы.
Бир чымчымдай болсо да,
Ачыйт камыр чоң чара.
Кем акыл да коомдо шондай сасыткы.

Кофенин да күчүн сынап көргөнү,
Сууну куйсаң артынан -
Жыпар жыт бар аңкыган.
Кеменгердин коомдо шондой өрнөгү.

18.09.23

Сотко барар алдындагы ыр
Темир каалга кыйынсып:
“Арестантты тыкса!”- дейт.
Саат байкуш тынымсыз:

“Чык! Чык!Чык! Чык!” – чыкса дейт.

18.09.23

Шаардык сотто бүгүн да каралат ишим. Жаңы эле аталган соттун камерасына алып келишти. Өткөндө го адвокатым келбеген үчүн сот курамындагыларга ишеним арткан эмесмин. Ошол себептен бүгүн кайра каралат.

Бир айга жуук (23-август- 18-сентябрь) абак жашоосунда бир да күнүм, бир да саатым текке кетпеди. Чыгармачылыгым өнүмдүү болду. Демейде текст курарда ойлонуп, толгонуп жазып келсем, негедир камерадв жатканда ойлор оргуштап, оюм менен колумдагы калем тең жарышканына таңмын. Менимче, эркиндикте жүргөндөгү убактымдын көбүн башаламан өткөрүп келгенимден болсо керек бул. Албетте, бул менин абак жашоосун жактырып калганымды билдирбейт. Тек гана кыска убакыт ичинде жандүйнөмдөгү уйгу-туйгу удургуп жүргөн абалымды тынч калыпка салганымдан болсо керек. Демек, буюрса, эркиндикке чыкканымда өзүм менен дагы көбүрөк күрөшүп, өзүмдү табууга аракет керек экен...

***

Бир топ аңгемелердин сюжети кагазга түштү, тек гана көркөм арсеналдар менен үстүнөн дагы бир сыйрадан иштеп чыксам, алар да окурмандарга тааныш эмес абак дүйнөсүнөн кабардар болор дейм. Кыргыз жазуучулары көп учурда каармандардын психологиясына терең үңүлбөй, адамдын жандүйнөсүнө үстүртөн карайбыз. Ал эми абакта отургандардын абалын жөн гана тийди-качты анализ менен жазып коюу мүмкүн эмес.

***

Өз жон териң менен сезгенден өткөн турмуштук мектеп жок. Өзгөчө абактагы ар бир күн – көп күндөргө тете. Сая кеткен өмүрүңө кайра кылчайганга абак турмушу чоң түрткү экен. Демейде эркиндикте жүргөн адам оозун ачып жүрө берип, ойлонууга убактысы жок.

Ал эми абак - кимди болбосун ойлонууга аргасыз кылат. Ойлонбоюн десең да ойлондурат. Анткени абактын ар бир саат, ар бир күнү - Азап.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG