Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

"Клооп" сайты бөгөттөлдү, журналисттер соцтармакка көчтү


Кыргызстанда көз карандысыз "Клооп" порталынын сайтын бир нече провайдер бөгөттөдү. Мунун алдында Маданият жана маалымат министрлиги камакта жаткан оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков тууралуу макаланы өчүрүүнү талап кылып, басылма андан баш тарткан.

“Клооп” бийлик өкүлдөрүнүн ысымдары аталган коррупция тууралуу макалаларды, иликтөөлөрдү жарыялап келет. Бишкектин прокурору басылманы толугу менен жабуу өтүнүчү менен сотко да кайрылган. Медиа коомчулук соңку мезгилде бийликти сындаган басылмаларга жана блогер, активисттерге басым күчөгөнүн айтып жатат.

"Маалымат таратуунун башка жолун табабыз"

13-сентябрдан тарта "Клооп" басылмасынын сайты өлкөдөгү бир нече интернет провайдерлерде ачылбай калды. Басылма "провайдер "Фейк маалыматтан коргоо жөнүндөгү" мыйзамга ылайык Маданият министрлигинин талабын аткарып, "Клооптун" сайтын бөгөттөгөнүн" жазды.

Алардын катарында "О!" уюлдук оператору менен Homeline провайдери да бар экени белгилүү болду.

"Клооп" басылмасынын кыргыз бөлүмүнүн редактору Бегайым Талантбекова сайттын бөгөттөлүшү күтүлгөн, бирок мыйзамсыз аракет экенин билдирди. Редакция өлкөдөгү болуп жаткан окуяларды чагылдыруусун токтотпой, эми социалдык тармактарга көбүрөөк басым жасоо менен ишин уланта берерин айтты.

Бегайым Талантбекова
Бегайым Талантбекова

"Маданият министрлиги талап кылгандай Равшан Жээнбеков тууралуу маалыматты өчүргөн жокпуз. Ошондуктан министрликтин чечимие ылайык айрым интернет провайдерлер сайтыбызга кирүүнү бөгөттөдү. Бул биздин иштөө форматыбызды өзгөртөт. Мындан ары социалдык тармактарда көбүрөөк иш алып барабыз. Биз Кыргызстандын элин бейтарап, чынчыл маалымат менен камсыздоонун башка да жолун табабыз".

7-сентябрда Маданият жана маалымат министрлиги "Клооп" жазган камактагы оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун кыйноого кабылганы тууралуу макаланы өчүрүүнү талап кылып, кат жөнөткөн.

Министрлик өз талабын "бул макала фейктер жөнүндөгү мыйзамга каршы келет жана УКМКнын аброюна шек келтирет" деп негиздеген.

12-сентябрда "Клооптун" редакциясы министрликтин талабы мыйзамсыз экенин белгилеп, макала өчүрүлбөй турганын жарыялаган. Аталган медиа буга чейинки бийликтердин тушунда да басымга кабылганын, бирок бул жолу өлкөдө пикирин эркин айткандарга жана тынч жыйындарга чогулууга каршы чоң өнөктүк жүрүп жатканын билдирүүдө.

"Бийликтин бардык аракети "Клоопту" жабууга багытталган. Маселен, буга чейин "Клооп" коомдук фондук юридикалык жактан жабуу керек дешсе, эми сайтты бөгөттөдү. Мындай мамиле бир гана бизге болгон жок. Бир катар медиаларга эскертүүлөр болгон, "Азаттыктын" сайты бир нече ай жабык турду. Андан сырткары активисттер Facebook баракчасына жазган пикири үчүн камалууда. Ошондуктан өлкөдө басма сөз эркиндигине, эркин ой жүгүртүүгө, эркин пикир билдирүүгө жана тынч жыйындарга чогулууга каршы чоң өнөктүк жүрүүдө", - деди Бегайым Талантбекова.

Маданият, маалымат министрлигинин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башкы адиси Зарина Калмуратова "Клооп" басылмасы боюнча комиссия териштирүү жүргүзүп, адилет чечим чыгарды деп эсептейт.

"Kloop.kg сайты Равшан Жээнбеков тууралуу жазган маалыматын төрт кишиден турган комиссия карап чыкты. Андан сырткары аталган басылманын эки юристи, УКМКнын эки кызматкери келген. Отурумдун жүрүшүндө комиссия басылманын өкүлдөрүнө "Бардык маалыматтар туура жана так чыгарылышы керек. Сиздер Равшан Жээнбеков тууралуу жазарда УКМКнын маалымат кызматы менен байланышып, үнүн уктуңар беле? Маалымат такталды беле?" деди. Бирок өз жообунда алар "жок" деген жооп узатты. Ошондуктан комиссия министрликтин чечимин күчүндө калтырып, медианын даттануусун канааттандырган жок".

1-сентябрда kloop.kg сайтында “Саясатчы Равшан Жээнбеков №1 тергөө абагында кыйноого кабылганын билдирди” деген кабар жарыяланган. Макала саясатчынын Фейсбуктагы баракчасындагы билдирүүсүнө таянып жазылган. Жаңылыкка Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) да комментарийи кошулуп, анда "саясатчы тергөө абагында кыйноого кабылбаганы, бардыгы мыйзам чегинде кармалып жатканы" айтылган.

Абактагы Равшан Жээнбековдун билдирүүсүн жергиликтүү бир катар маалымат каражаттары да жарыялаган.

Буга чейин Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко кайрылып, отурум 26-сентябрга белгиленген. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялап жатканы” жазылган. Бул арыз боюнча алгачкы соттук жараян 26-сентябрга белгиленди.

Талаштуу "Фейк маалыматтын коргоо"жөнүндө мыйзамга таянуу менен кезектеги маалымат каражатынын сайты бөгөттөлдү. Бийликтин мындай аракеттерин сөз эркиндигине басым деп бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар тынчсыздануусун билдирген.

8-сентябрда эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) кыргыз бийлигине "Клооп" басылмасына кысым жасоону токтотууга чакырган.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин, аны менен кошо жоопкерчилик болушу керектигин кайталап келет. Сөз эркиндиги, адам укугу жаатындагы жергиликтүү жана эл аралык уюмдар "Клооп Медиа" мекемесин жабуу аракетине тынчсыздануусун билдирген кайрылуу тараткан.

"Эркин медиага басым Кыргызстанга аброй алып келбейт"

Саясат талдоочу Мүсүркул Кабылбеков бийликтин структуралары демократия жана сөз эркиндиги өлкөнү өнүктүрүүдө негизги көрсөткүчтөрү экенин жакшы түшүнбөй жатат деп эсептейт:

Мүсүркул Кабылбеков
Мүсүркул Кабылбеков

"Эгер сөз эркиндиги болбосо, экономика да өнүкпөйт, бул түшүнүктүү. Маселен, өз оюн ачык айтып, пикирин билдирген өлкөлөрдө атаандаш чөйрө, соттун акыйкаттуулугу бар. Ал эми адилеттүү сот бар жерге инвесторлор келип, экономика өнүгөт. Тилекке каршы, биздин бийликтегилер буга жакшы карабай, түшүнгүсү келбей жатат. Эл аралык практикага ылайык, кайсы бир ЖМКга нааразылык же суроолор болсо, сотко кайрылышат. Азыр эми эл аралык уюмдар кандай чара колдонору белгисиз, бирок бул көрүнүш жакшы эмес".

11-сентябрда OCCRP, Kloop, “Власть” жана Temirov LIVE басылмалары биргелешкен иликтөөсүн чыгарган. Анда президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаровдун досторунун Борбор Азияда көмүскө карго компаниясын түзгөн, кытайлык чуулгандуу ишкер Хабибула Абдукадыр менен бирге ири долбоорлорго катышы жөнүндө журналисттик иликтөө жарыяланган.

2008-жылдан бери иштеп келе жаткан “Клооп” басылмасы бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. Анын журналисттери "Азаттык" радиосу менен бирге бажы тармагындагы чуулгандуу иштердин бетин ачкан.

Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:39:12 0:00

"Клооптон" сырткары ушул тапта бийликти сындаган "Кактус медиа" миллиондук доого жыгылып, көз карандысыз “ПолитКлиника” мамлекеттик ЭлТР телеканалы менен соттошуп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG