Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

"Клооптун" иши: Эркин медианын эртеңи кандай болот?


"Клооп" басылмасынын кеңсеси.
"Клооп" басылмасынын кеңсеси.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги саясатчы Равшан Жээнбеков тууралуу кабарды kloop.kg сайтынан эки күндүн ичинде өчүрүүнү талап кылууда. Мекемеге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде кайрылган.

Маданият министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева эки күндүн ичинде мекеменин талабы аткарылбаса, “Клооп” басылмасынын сайты эки айга бөгөттөлөрүн эскертти.

Салкын Сарногоева.
Салкын Сарногоева.

“Мамлекеттик органдын кадыр-баркына шек келтирди деп кайрылган. Негизи өздөрүнүн (ред.- УКМК) катында эки кабар жазылган экен. Бир кабар мыйзамга дал келбегендиктен, андан баш тарттык. Равшан Жээнбеков жөнүндө кабарды өчүрүү талабы боюнча чечим кабыл алдык. Кечээ Санарип өнүктүрүү министрлигине чечимди жөнөттүк”, - деди министрликтин өкүлү.

Сарногоева “Клооп” басылмасы жазган кабардын чын-төгүнү кандай аныкталганын айткан жок.

"Бардык тараптардын пикири берилген".

1-сентябрда kloop.kg сайтында “Саясатчы Равшан Жээнбеков №1 тергөө абагына кыйноого кабылганын билдирди” деген кабар жарыяланган. Макала саясатчынын Фейсбуктагы баракчасындагы билдирүүсүнө таянып жазылган. Жаңылыкка Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) да комментарийи кошулуп, анда "саясатчы тергөө абагында кыйноого кабылбаганы, бардыгы мыйзам чегинде кармалып жатканы" айтылган.

“Клооп” басылмасы министрликтин сайтты бөгөттөө аракетин сөз эркиндигине басым катары баалады. Басылманын башкы редакторунун орун басары Айдай Токоева материалды өчүрбөй турганын билдирди.

“Албетте, биз макаланы өчүрбөйбүз. Анткени ал жердеги маалыматты туура деп эсептейбиз. Себеби биз бардык тараптардын позициясын бергенбиз. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын, Кыйноолорду алдын алуу борборунун маалыматын дагы бергенбиз. Ошондуктан жалган маалымат бар деп эсептебейбиз. Бул басым жасоодогу дагы бир кадам. Буга чейин “Клоопту” жабуу боюнча да кат келген. Өлкөдө эркин медиаларга кысым жасалып жатканынын далили ушул”, - деди Токоева.

Абактагы Равшан Жээнбековдун билдирүүсүн жергиликтүү бир катар маалымат каражаттары да жарыялаган. "Клооптун" юристтери сайттан материалды өчүрүү чечими боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине административдик арыз менен кайрылганы белгилүү болду.

Ал тапта Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков “Клооп” басылмасына жабуу аракетине байланыштуу билдирүүсүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

“Клооптун” журналисттеринин, менин жана көптөгөн прогрессивдүү эгемен жарандардын артынан жылдар бою аңдып, угуп, провокация жасап жүргөн УКМК эми “Равшан Жээнбековду кыйнаган жокпуз, силер жалган маалымат таратып атасыңар” деп “Клоопту” жабууга болгон аракети - акылга сыйбаган кадам”, - деп айтылат билдирүүдө.

Прокуратуранын "Клоопко" каршы арызы

Буга чейин Бишкек шаардык прокуратурасы Октябрь райондук сотуна “Клооп” басылмасын жабуу жөнүндөгү арызын 22-августта жазганы бир аптадан кийин белгилүү болгон. Көзөмөл орган катында “Клооп Медиа” уюму уставында көрсөтүлгөндөн сырткары ишмердик жүргүзүп, “сайтында жана социалдык тармактарда жарыялаган материалдары азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын кескин сындоого багытталган” деп билдирген.

Анын алдында Клооп" басылмасы Жалал-Абаддагы “Барселона” футбол академиясынын ачылышына атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин жакындарынын катышы тууралуу иликтөө жарыялаган.
Көп өтпөй иликтөөгө президент Садыр Жапаров комментарий берген. Ал "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде "Клооп" басылмасын сынга алган:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Ошол "Клооп" баш болгон башка сайттарга, өздөрүн эркин журналистмин деген Эшмат-Ташматтарга кайрылуу менен баштайм. Силердин илгертен бери кыргызга кылган зыяныңардан башка пайдаңар жок. Мындан ары деле болбойт. Кыргызстаныбызга пайдаңар тийбесе дагы зыяныңарды тийгизбей тургулачы, сураныч. Жалаң негатив жазып, жамандык издеп, өлкөгө келип жаткан миллиарддаган инвестицияларды, инвесторлорду үркүтүп жатасыңар."

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин, аны менен кошо жоопкерчилик болушу керектигин кайталап келет. Сөз эркиндиги, адам укукугу жаатындагы жергиликтүү жана эл аралык уюмдар "Клооп Медиа" мекемесин жабуу аракетине тынчсыздануусун билдирген кайрылуу тараткан.

Медиа серепчи Семетей Аманбеков бийликти журналисттер менен диалогго барууга чакырды.

“Мыйзам тандалма иштеп жатат. Жалаң бийликтин көз карашына туура келбеген, иликтөөлөрдү жасап, коррупциянын бетин ачкан ЖМКлардын оозун жабууга аракет болууда. Биринчиден, баары укуктук талаада болушу керек. Экинчиден, демократиялык өлкөдө бийлик менен медиа диалогго барышы зарыл. ЖМК көйгөйдү көрсөтүп берет, бийлик аны чечет. Буга чейин болуп көрбөгөндөй басымдар болуп жатат”, - деди Семетей Аманбеков.

2008-жылдан бери иштеп келе жаткан “Клооп” басылмасы бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. Анын журналисттери "Азаттык" радиосу менен бирге бажы тармагындагы чуулгандуу иштердин бетин ачкан.

Ушул тапта бийликти сындаган "Кактус медиа" миллиондук доого жыгылып, көз карандысыз “ПолитКлиника” мамлекеттик ЭлТР телеканалы менен соттошуп жатат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG