Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Абак күндөлүгү: Бүгүн эсибизге келип, түз жол издөөгө милдеттүүбүз


Олжобай Шакир сот залында
Олжобай Шакир сот залында

Олжобай Шакир - жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист. Учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен кылмыш иши козголгон. Ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан.

Олжобай Шакир абактан жазган кезектеги катын адвокаты аркылуу берип жиберген. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Тумбочканын үстүнө сексеңдеп чыга калып, терезеде темир кружке менен данек чагып жей бергендин азабын эки күн тарттым... Шамал уруп коюптур. Чүчкүрүп-бышкырып, жөтөл күрсүлдөп, аз жерден сасык тумоого кабылар болуп, бүгүн кыйла оңолдум.

Суук тарта баштагандан бери темир каалгалар жабылып, кишинин башы бата тургандай эле тешик бар. Терезе ачык кезде камера ичиндеги өтмө жел билинбей согуп, төшөккө жаткырып коё жаздады. Эки күн лимон менен имбирди, сарымсакты тынымсыз жей берип, ооруну “оомийин” кылып коюп отурган кербезим...

Кудай жалгап жанымдагы шеригиме жугузганым жок. Болбосо мурдум шырылдап, жөтөлүм күрсүлдөгөн сайын анын эки көзү тостоюп аткан. Ал да жакшы шерик болчулардан экен. Жаңы чыгармаларымдын эң биринчи күбөсү, угарманы ошол.

Башында ыр окуп бергениме көңүлсүнбөй, кунт койбой укчу эле, азыр “кайра окуңузчу” деп, сөз артында сөз катылып жатканын туя баштады. Кээде зеригип кеткенде менин бош отурганымды көрүп, “жаңы жазганыңыз болсо, окуп бербейсизби” деп калат. Болбосо эки күн мурдагы маанайынан жүрөгүм “болк” дей түшкөн.

– Ушундан көрө асынып өлсөмбү?.. – дейт жанымды чыгарып.

– Асынып өлөр эмне таптың? Арканың барбы? – дедим.

– Мына бул шейшепти айрып-айрып эшем да, – деп аркан маселесин эбак ойлонуп коюптур.

Аны айтып, муну айтып отуруп, ал оюнан кайттыргандан башка не кылат элем, шеригимдин кабак-кашын тиктеп отурам...

Жаңыдан келген күнү сүлкүлдөп көпкө ыйлады. Ак жеринен күйгөн кишинин чыныгы күйүтү башкача болот экен. Анан эки күн жыргатып тамак жебей, жаңы кыртышка отургузулган жаш көчөттөн бетер өтө аянычтуу абалын көрүп, көзүмдү албадым. Алаксытып бир нерсе айтканыма да, ыр окуп бергениме да эч көңүл бурбай атты эле, буюрса кечээтен бери күлдүрсөм күлүп, кээде өзү суранып “ыр окуп берчи” дегенине көңүлүм тынчып калды...
16.10.23

***
Башында өзүмдөн өзүм кооптончу элем, азыр тынч уктап, тынч турганга көндүм. Болбосо канча жолу чыканагым менен тиземди дубалга кагып куурадым. Тынч уйкуда жатып эле көзүмдөн от чагылып ооруган тиземди же чыканагымды кучактап, кайсы күнү бир жеримди сындырып алам деген ойлор коштоп жүрдү. Күнү куру эмес кол-бутумдун сөөгүн оорутуп алганымдын азабы кеткенче соо коёбу дедим эле, азыр андай иттиктен арылдым...

Абактын керебеттери ордунан жылгыс болуп, дубалга бекем кадалып, буттарын ширетип салгандыктан, эч жакка жылдыруу мүмкүн эмес. Эки керебеттин ортосуна жатып алайын дейсиң, бирок керебеттин кырын чекем менен сүзүп алсам эмне болот деп, айтор эч айла таппай жүрүп эми минтип төшөктө тынч жатканыма сүйүнөм.

Буюрса, үйгө барганымда Назгүлдүн да уйкусун бузбаганга үйрөнүп калдым. Болбосо ал кургурумду эки кишилик керебеттен да кысып, айласы кеткенде башка комнатага жуурканын көтөрүп алып каччу эле. А мен асманга учууга күүлөнгөн самолёттой таң атканча эки кишилик керебетти айланып, тегеренип, ошондо да кээде полго тарс этип кулап кетип, таң атканча ооналактаган адатымдан арылган эмес элем. Эми мен башкамын...

***
Абак мага физикалык закүндүн бирин үйрөттү! Ал өтө жөпжөнөкөй экен. Муну үй шартында үйү түтөгөндөр да эстерине алсын үчүн күндөлүгүмө жазып коюуну эп көрдүм.

Бул жакка келгенимден бери жанымдагы шеригим камераны улам түтөтүп, улам чоң сүлгүлөр менен көк түтүндү желпип, сыртка айдап, кер-мур айтышканыбыз канча. Айрыкча күн ысык кезде көк түтүндү сыртка кубалап чыгыш азап эле.

Көрсө, экөөнүн бирөө жабык кезде бөлмө түтөбөйт экен. Мисалы, терезени жаап коюп, каалганын түбүнө барып чылым чекчү болдум. Түтүн ичке эмес, сыртка тартылган бойдон кетет, коридорго. (Кокус бирөө терезени ачып ийсе, түтүн ийрелеңдеп, кайра артына каптайт.) Абаны желдетип да убара болбой, күнү-түнү таза аба болуп калды.

Албетте, келгенимден бери чылымды да азыраак чегип, мурунку шеригимди да аз чегүүгө үйрөттүм эле, жаңы шеригим да кеңешип иш кылууда тез эпке келгендерден болуп чыкты.

***
Жанымдагы шеригимди сотко алып кетишти. Жакшы ырым болсун деп чыгып баратканда көчүккө тептим.

– Ушундан ары үйүңө кет! – дедим.

– Ыракмат байке! – Кудайга жалынып жалбарган бойдон күбүрөнүп узап кетти...

***
Ага дейре маңдайыма отургузуп батамды бердим:
– Бүгүн менин эмес, үй-бүлөңдүн, туугандарыңдын маңдайында отур.
– Оомийин!
– Бүгүнкү күн өмүрүңдөгү эң кубанычтуу күн болсун.
– Оомийин!
– Сен экөөбүз эркиндикте эсен-аман көрүшөлү! Бүгүнкү жолуң шыр болсун!
– Оомийин!
– Үй-бүлөңдүн, сенин бактыңа адилеттүү сот туш келсин бүгүн!
– Оомийин!
Экөөбүз боор кысыша кучакташтык.
– Эми, баатыр, – дедим, – чыгып баратканыңда жакшы ниет менен көчүккө тээп узатам, капа болбойсуң, – дедим.
– Жо-ок... эмнеге капа болоюн, жакшылап эле тээп коюңуз, – деди.

***
Бул шеригимдин келгенден бери көз жашы кургабады. Тендер боюнча бирөө жалган көрсөтмө берип коюп, жалган жалаа менен отурам деп буркурайт.

Өткөн ишембиде үй-бүлөсүнөн тамак-аш келди эле, ар бирин баштыктан алып чыгып, буркурап ыйлайт тимеле. Үйүнөн келген кийимдерди баса калып жыттап, боздогонучу! “Үйдүн жытын... алтындарым десе!” Баштыгынан таттуу-паттуулар чыкса да боздоп ыйлаганын айт: “Кагылып кетейиндерим... менин жакшы көргөн шоколаддарымды салышканын...” Ой деги ыйын баса алсачы.

“Өздөрү ачка отурат, ушунун баарын мага эмнеге жөнөтүштү”, – деп чийки эт менен бышкан тамактарды баштыктан алып чыккан сайын, жаш баладай бырылдап, керебетине кулады.
Урушсам, сооронуп калгансыды. Бирок баштыктардын биринен жай намазды алып чыгып өксүгөнүчү. Кудайга зары жетчүдөй асманга тигилип, бооруна жай намазын кучактап ыйлап, ичинен көпкө күбүрөндү...
***
Карапайым адамдын кайгы-касирети кандай болорун ушунда терең туйдум. А казынаны уурдап, тоногондор чыйт түкүрүп, уурдаганын “кусуп” берип баса берет экен. А буга окшогондун канчасы шорлоп абактарда, түрмөлөрдө жатышат?!
***
Темир тор артында мындайлардын далайын кезиктиреримди башынан туйганмын. Бул жакта мен байкоочу катары былк этпей отурганымдын жөнү да ошол. Эгемендик жылдарынан бери биз кандай коом курганыбызга жазуучу катары күбө болгум келген...
***
Шеригим үйүнөн келген тамак-ашты ооз тийгени эле болбосо, таптакыр жеген жок. Көбүн башка камерадагыларга таратып бердик. Болбосо мага да тамак-аш кенен келген үчүн, таратып бергенден бөлөк аргабыз болбоду.
Улам эле балбаалап ыйлап отурган болот. Жалдырап бир чекитти тиктейт, каткан немедей түрүнөн чочуладым.

Көңүлүм алаксытмакка ар нерсени сүйлөп, чыгарма окуп бергенимди кыртышы сүйбөй, “жөн эле коюңузчу” дегенинен, мен аны катуу тилдедим:

– Сен үй-бүлөңдү аябаган кандай немесиң?! Сен алдагы кейпиң менен үй-бүлөңө, жакындарыңа чоң жүк болосуң! Дарыдан башка эч нерсе ичпей отурасың! Эгер бул кейпиң менен акылың ордунан тайып кетсе, анык көргүлүктү көрсөтөсүң үй-бүлөңө. Сага күйгөндөр башка ооруңа чыдашы мүмкүн, акылыңдан айнып, жинди болуп барсаң, сага эч кимиси чыдабайт! Башка ооруңа жакындарың чыдашы мүмкүн, кокус акылыңан тайысаң, сенден баары качат! Болду, бырылдап ыйлаганыңды көрбөйүн! – деп өз колум менен кыйнап тамак ичирчү болдум.

Кудай жалгап, эки күндөн бери мен эмне берсем “кыңк” этпей жеп, күлкүсү чыгып калды.
Бүгүн эми Кудайдан тилегеним: адилеттүү сотко туш болуп калса экен!

***
Мен анын асынып өлүү ниетин уккандан кийин чочулап калдым. Чын эле мен катуу уйкуга кеткенде шейшебин айырып, өзү айткандай аркан эшип алчу болсо, ким токтотот?..

***
Шеригим кайра келди шаабайы сууп. Сот өкүмүн күчүндө калтырыптыр. Шаардык сот деле.

Башында кандай үңкүйүп келсе, так ошондой азыр. Жан киши менен сүйлөшкүсү жок. Оозуна чылымдан башка эч нерсе алып барбай, үңкүйгөн абалда...

***
Шеригимди жаңы эле алып кетишти!
– Каякка?! – деди өз фамилиясын укканда.
– СИЗО-1ге которуласыз?
Ушуну уккусу келбей отурду эле! Мусапырдын кейпин кийген бечара буга чейин да СИЗО-1ден заарканып отурган...

Ансыз да буга чейин эки ай бул жактын абагында отуруп, өзүн жеп салыптыр! Тиякка барса кантет, билбейм...

***
Башында аны менин камерама которушканда, жашы алтымышты таяп калгандай көрүнгөн. Тааныша келсек, менден үч жашка кичүү экен.
– Быйыл элүүгө келдим, – дегенин укканда, ичимден таңгалдым.
Элүүгө чыккан адам деп эч ким ойлобойт аны. Алтымыштын айланасындагыдай акыбалга аны жалган жалаа жеткирди бекен же...

***
Түштөн кийин сейилге жалгыз чыктым. Беш күн күндүн көзүн көргөнүм жок. Келгенден бери күн нуруна зар кылган мындай кырдаал болгон эмес. Өткөндө бешинчи күнү жамгыр нөшөрлөп туруп алган үчүн бизди сыртка чыгарышпады. А ишемби, жекшемби күндөрү ордубуздан чыгарышпайт. 1-2-күндөрү сыртка чыктык, бирок мен эң жек көргөн дубал түбүндөгү короого туш болуппуз. Ал жерге түш маалда күн тийбейт экен. Кашайып эки күн удаасы менен ошол короого туш келип калганыбызга абыдан кыжалат болдум.

Скамейкасын күн тийген тушка жылдырсам, төбөмө да тийбеди күн. Ага дейре эки күн күрсүлдөп жөтөлгөн үчүн күн нуруна ушунчалык зар болдум эле...

Кудай жалгап бүгүн күн тийген короого туш болдум. Ошентсе да жөтөлүмдү басыш үчүн эки күндөн бери сүттү пияз менен кайнатып, бал, май кошконум үчүн жөтөлбөй калдым. Бүгүн да жатаар маалда кайнак сүттү пияз менен кайнатам да, жөтөлдү жоготом!
18.10.23

***
Кечээ кечинде жаныма жаңы бирөөнү алып келишти. Анысы сот өкүлү экен. Ошентип бир камерада эки айдан бери үчүнчү шерик менен тааныш болдум. Анын алдында мени төртүнчү кабатка котормок болуп атышкан.

Бирөө келип:
– Сиз даярдана бериңиз, азыр бул жакка башкалар кирет, – дегенинен, көнүп калган ордуман араң козголдум. Баштык-үштүктөрүмдү жыйнап болуп келген кезде:

– Сиз ордуңузда эле кала бермей болдуңуз, – деп сүйүндүрүп коюшту...
Ошону менен жаңы шерикти алып келишти. Кыскасы, зериктирчүдөй эмес бийликтегилер...

***
Кечээ жаңы шеригим менен түн жарымына чейин кобурашып отуруп, кеч турдум. Күндүз улам уйку басып, жүрүшүнөн жаңылган жоргодой болуп отурам. Күндө эрте жатып, эрте турганым эле жакшы экен. Күндө өндүрүмдүү иштечү элем, бүгүн китеп окуу менен эле күндүн жарымы өтүп кетти...

***
Бальзактын “Шагреневая кожасын” кайрадан окуп атам. Жаш кезде окуп, көп катмарлуу көркөм маанисине мурда анча маани бербептирмин. Бул чыгарма 1831-жылы чыгары менен Бальзактын ысымын дүңгүрөткөнүндөй бар экен. Аталган чыгарманы окуп отуруп, Европанын адабият, искусство, саясаты, коому эки жарым кылым мурда эле философия, илимдин салаа-салаа түпкүрүнө түшүп чыкканына таң бересиң. Биздин бүгүнкү коомдо “саясат менен ишим” жок дечүлөргө Алиппе болор анык чыгарма ушул экен.

Адабият, искусство, илим чөйрөсү бизде эмне үчүн артта? Көрсө, биздин шартта жогорку баалуулуктардын тегерегинде кызыл чеке тартыш жаратар кыртыш калыптанбаптыр.

"Саясаттан алыс” болгусу келгенибиздин өзү жетип турган караңгылыкка алып барарын качан аңдаар экенбиз?!

Аныгында, көбү өзүн саясаттан өйдө койгусу келет. Так ошол саясат илими турмушубузду аныктаган бирден бир фактор экенин ойлонушпайт.

Саясат – бул фундамент! Ошол фундаментти кимдер түптөшү керек? Саясатчыларбы? Жок! Бул өтө опурталдуу, ишенимсиз фундамент. Ал фундаментте туруктуулук болбойт. Өз алдыбызча өлкөбүз деген эгемен жылдардан бери биз ошол жер пайыбызды – фундаментибизди бекем түптөөгө келгенде баарыбыз четте карап тургандарбыз!

Ишенген усталарыбыз – мамлекеттик кылмышкерлер, коррупционерлер, шылуундар, бийликке эптеп жетип алуунун амалын ойлонгондор!

Аткаруу бийлигинде болсун, парламентте болсун, өңчөй сабатсыздар. Интеллектуалдык өрнөгү калыптанбаган, мамлекеттик курулуш, түзүм эмне экенин билбегендер саясый партия түзүп алышкан. Алар илим-билимдүүлөрдү өз чөйрөсүнө аралаштыргылары жок! А илим-билимдүүлөргө ишеним арталы десек, дээрлик көпчүлүгү “саясат менен ишим жок”, “саясатка аралашпай эле коюңчу” деген көндүм кайталоолордон тажашпайт! Ошону менен фундаментибизди курган усталар кимдер болуп атканын бийликтин үч бутагында отургандар көрсөтүп атат ко!

***
Ал эми Бальзакты окуп отуруп, 19-20-кылымдагы Франциянын жазуучулары, философ, сүрөтчү, композитор, акын, окумуштуу, юрист, коомдук ишмер, гуманисттеринин көкбөрү талашында так ошол саясат гана баарын аныктоочу локомотив экенин аңдайсың.
Коомдун, улуттун, мамлекеттин жолун аныктаган саясатка анан биздин акын-жазуучу, илимпоз, өнөр, искусство өкүлдөрү катышпаган үчүн, бийликти бир ууч топ аныктап, бир ууч топтогулардын кылы кыйшайбаган саясый фундамент түптөлүүдө!

***
Мен ушул жашыма келгенче акын-жазуучу, төкмө ырчылар, манасчылар, театр актёрлору, режиссёр, киночулар, сүрөтчүлөр чөйрөсүндө көп эле адамдар менен аралашып жүрөм. Арасында талантуу, билимдүүлөрү жок эмес, бирок алардын чөйрөсүндө идеянын тегерегинде талкуу жүргүзүү, мамлекеттик түзүмгө, саясатка таасир этүү аракети жөнүндө сөздү кой, жөн гана саясаттын ак-карасын ажыратууга жөндөмү жоктору толтура! Анан бизде гуманизм идеясын жаратуучулар чыкпагандан кийин, биз кайдагы саясый фундаментти бекем, туруктуу курабыз?! Адабият, искусство, илим жаатында өнүгүү болбой келаткан эң башкы себеби ушул эмеспи?

Себеби өзүбүз коомдон артта жүрсөк, саясатка аралашкыбыз келбесе, кайдан анан искусство адамдарынын жашоосу оӊолот, китептердин окумдуулугу артат?! Заманга шайкеш чыгарма жаратуу үчүн эң башкы баалуулуктар эмне экенин кызыл чеке талашка салууга жөндөмүбүз жетпесе, коомго таасирибиз кайсы?
Эгерде коомго, саясатка таасир этер кудуретибиз болгондо, улуттун кайра жаралуу сезимин эбак ойготот элек го?!.
19.10.23

***
Эгин талаасындагы каракчыны баарыбыз билебиз. Киши сөлөкөтүнө окшогон каракчынын айбат, сүрү деле болбойт. Тек айла кеткендеги кедей дыйкандын амалы менен уурудан сактануу үчүн же эгинге кол салар канаттуу куштарды үркүтөр кейипте тургузуп коюшат. Бирок андан канаттуу куш да, ууру да коркпойт. Кыргыз интеллигенциясын мен кудум ошол каракчыга салыштыргым бар. Алардын да аты бар, заты жок. Киши кейипте тикелеп койгон каракчыдан бетер коомго да, бийликке да таасири жок.
20.10.23

Бүгүн да бир кыйла китептер келди, аларды УКМКнын китепканасына дүйшөмбү күнү өткөрөм. “Азаттык” аркылуу коомчулукка жана коом агартуудагы тилектеш, пикирлештерге кулак кагыш кылдым эле. Бүгүн келген китептер жөнүндө сөздү өзүнчө кылгым бар, себеби эң чоң мааниге ээ адабияттардын мазмуну жөнүндө тийди-качты жазгым жок.

Эң башкысы, учурда коом агартуу жаатында жан үрөгөн жарандык активисттердин саны арбып баратканы кубандырат. 7 млн калкыбызды ойготууга дилгир тилектештердин эмгегине колдоо көрсөткөн замандаштарыбыздын саны өсө берсе, жакынкы жылдарда өлкөбүз дүйнө элдеринин сабында чоң атаандаштыкка жарамдуу өлкөлөрдүн бири болоруна терең ишеним бар!

Буга дейре өздөрүн интеллигенция өкүлү санагандарга карата канчалык ачуу кептерди жазсам да, тек гана коомдун алдыңкы катмары саналган илим-билимдүүлөрдү жарандык активдүүлүккө кантип чакырардын айласын издейт экенсиң... Биз өз кемчилигибизди өзүбүз издеп, өз катачылыктарыбызды өзүбүз тааныбасак, кантип коомдун алдыңкы өкүлү боло алабыз?.. Өз жоопкерчилигин сезбеген коом жалпы элге канткенде өз таасирин тийгизе алат?Кеп ушунда.

Заманга шайкеш жаңы көз караштарды, жаңы баалуулуктарды, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү таанууга келгенде интеллигенциянын калың катмары кенебес, ыкшоо тартып турганын туюнтуу үчүн буга дейре ачуу тил менен жазып келгеним, мен өзүмдү алардан жогору койгонум эмес.

Тек, интеллигенция өкүлдөрүн жигердүүлүккө чакыргым келет. Коомдук-саясый процесстерге кайдыгер карабастан, мамлекеттик фундаментибизди бекем түптөөдө акын-жазуучуларыбыз, төкмө ырчыларыбыз, манасчыларыбыз, өнөрпоздорубуз, илим чөйрөсүнүн өкүлдөрү четте карап турбасак дейм.

Мамлекетибиздин пайдубалын түптөөдө биз да ашар түшүнүгү менен кол кабыш кылар болсок кана! Фундамент куйган усталар бир гана саясый топтогулар болбостон, керек болсо диний чөйрөнүн өкүлдөрү, диний ишмерлер да интеллигенция чөйрөсү менен мамыр-жумур аралашып, коомдук-саясый көчүбүздү жолго салып кетер болсок кана!

***
Жалпы улуттук кайра жаралуу сезимибизди ойготууга келгенде азырынча жарандык коом гана күч үрөп келет. Алардын аруу тилек, максатын теңирден тетири көрсөтүү саясаты соңку жылдары ачык-айкын күчөдү. Аларга кошул-ташыл боёк сүрткөндөр так ошол чыгармачыл адамдар менен илим чөйрөсүнүн өкүлдөрүнөн чыкканын көргөн сайын, жаныңды коёр жеп таппайсың! Кудум эле коммунизм доорундагы үгүттүн күүсү менен демократия баалуулуктарына көлөкө түшүрүп, Орусиянын гана бир жактуу пропагандасына жетеленгени канча?!

Ошондон улам ак-караны ажыратууга кудурети жетпеген интеллигенцияны каракчыга салыштыргандан башка эмне дешке болот?!

***
Мени 23-август колго түшүрүп, абакка алып келаткан күнү оперлердин көз карашы да таңгалдырды. Бирөө суроо узатат:
– Байке, өзүңүз адабият менен эле эмнеге тынч оокатыңызды кылбайсыз?! Эмнеге жанагы бузуку “Азаттыкка” окшогондордун таасирине киресиз?.. – деген кыязда суроо узаткандарын көрүп, демек бизде расмий бийликтин өкүлдөрү өздөрү демократиялык багытыбызды ушунчалык тайыз түшүнүктө карайбы деген ойго келдим. Болбосо президент БУУ трибунасында сүйлөсө, Кыргызстанда демократия баалуулуктары сакталат, сөз эркиндиги корголот деп сөз түрүндө гана кооз айтышы үчүнбү?..

Демек, атайы кызматтын өкүлдөрү үчүн өз оюн ачык айткандын баары эле “Азаттыктын” таасиринен чыкпаган бузукуларбызбы?! Мындай эки жүздүү саясаттын багыты эмне деги?! Президенттин айтканы башка, УКМКнын көздөгөнү башка деген кеппи?!

***
Албетте, мени бул жакка тутуп келген төрт опер жигиттин адамгерчилигине эч дооматым жок, тек бизде туура түшүнүктөр түптөлбөй келет. Өлкөбүздү өнүктүрүүдө башкы баалуулуктар эмне экенин түшүнбөгөнүбүздө кеп. Болбосо ар бирибиз өз ниетибизде мамлекетибизди түптөөгө келгенде ниетибиз ак болгону менен, бирок кайсы багыт туура экенин түшүнбөгөнүбүздөн бузуку санап келебиз.

"Бузуку" атка конгондор эле кара ниеттик менен бөтөн баалуулуктарды таңуулап жүргөндөй түшүнгөндөр четтен табылат.

Төрт жигит мени кекетип-мокотуп, опурулбады, опуза да көрсөткөн жок. Тек гана өздөрүнүн милдети боюнча тергөөчүнүн кабинетине киргизип коюшту, болду. Андан кийин алар менен көрүшкөнүм жок. Ошентсе да ал жигиттер тууралуу кайра эстеп отурганымдын жөнү: расмий бийликтегилерде болобу, жалпы коомчулукта болобу, биз өз багытыбызды аныктай элек улутпуз. Баарыбыз ар багыт, ар башка түшүнүктөрдүн рамкасынан чыга албаган бечел абалыбыз менен өзүбүздү өзүбүз муунтуп, думуктуруп, өз түбүбүзгө жеткен эл болуп калбасак экен дейсиң. Аныгында абак жайына келгенге чейин мен мындан да кейиштүү абалды элестетер элем.

Көрсө, биз мамлекетибиздин жер пайын түптөөдө баарыбыз чаржайыт түшүнүк, чаржайыт багытта экенбиз. Абакта отургандардын акыл чөйчөгүн, түшүнүгүн туюп отуруп да, биз али мамлекеттик дөөлөт эмне, улуттук баалуулуктар эмне, таптакыр баш катырбайт экенбиз! Дегеле улуттук аң-сезим калыптанбай келаткан абалда экенибизге толук көзүм жете баштады. Андыктан ар бир кыргыз урпагын өзүн таанууга чакырар элем! Биз көп учурда башкаларды айыптоого көнүп алганбыз... Көп учурда бийликтегилерди сөгөбүз. Бирок ошол бийлигибизди сырттан бирөө түптөдүбү?.. Жок! Өзүбүз түптөгөн бийлик, өзүбүз шайлаган саясый топтор!!!

Элдин көрөңгөсү, аң-сезими, билим деңгээли, маданияты кандай болсо, биз ошондой бийлик түптөдүк. Демек, ар бирибиз биринчи кезекте өзүбүздү, элибизди күнөөлөгөнүбүз туура го.

***
Бул кейиштүү абалдан бизди ким чыгарат? Биз өзүбүздү өзүбүз саздан сууруп чыгар кез бүгүн. Ооба, бүгүн! Бүгүн эсибизге келип, бүгүн өзгөрүүнү каалап, бүгүн түз жолубузду издөөгө милдеттүүбүз. Бизди сырттан келген эч бир жардам жогору көтөрбөйт. Бизди көтөрөр илим-билим, мээнет, жаратмандык, чыдамдуулук, өжөрлүк, сабырдуулук, өзүбүздүн дартыбызды аныктоо! Өзүбүздүн анык жүзүбүздү таанып, өз мүмкүнчүлүгүбүз эмнеде деген маселеге баш катыруудан башка аргабыз жок!
21.10.23

Мамлекет өз элин коркутуп башкарганга жеткирбешибиз керек. Андай өлкөлөрдүн элдерин көрүп атабыз. Маселен Орусия, Белорусия, Өзбекстандын күч органдары мылтыктарын шарактатып өз элин коркуткан, опузалаган өктөмдүк менен башкарганы эртең биздин да башыбызга келип калгандан сак бололу!
***
Коомду туура багытка буруп кетер катмарды түзүшүбүз керек. Ал катмарда кандан, бектен кайра тартпас, желкесине кылыч, чекесине тапанча кадалып турса да акыйкат кебин айтчулар көбөйгөндө гана биз улуттук аң-сезим, улуттук сапатты өстүрөбүз. Элибиз эрки, кайраты курч улуттардан кем калбаган өжөр, өткүр мүнөзүн калыптаганда гана кулдук сезимден кутулабыз.

Андыктан элдин кайра жаралуу сезимин ойготуучу жарандык коомдун багытын колдоп-буттап, зоболосун өстүрүү маанилүү. Себеби күчтүү жарандык коомдун тилектештиги артып, багыты ишенимдүү болмоюн жалпы абалыбызды туура багытка салар бийлик да, саясый топтор да жок. Тилекке каршы, жарандык коомдун канатын сындырар саясый күчтөр, кандайдыр жаатчылдар пайда болду. Алар – "даканса" атка конгон кошоматчылар, дүжүрлөр, түркөй, караңгы, ээрчиме масса!

***
Азыркы бийлик “чү” дегенде эле эмнеден ката кетирди? Сөз эркиндигине тыюу салуудан; президентке сөз тийгизгендер камалат деген опузадан; айтканы башка, кылганы башка аракеттерден; кустуруу саясатынан жийиркенбес пейилден; өз бир туугандарын, балдарын, досторун тыйгандан мурда элди тыюу, коркутуу жолу менен; камоо жолу менен тартип орнотобуз дегени бүгүн чегинен ашып калган кези! Мамлекетте мындай жол менен тартип орнотуу мүмкүн эмес.

Эгер бийлик башындагылар өздөрү башынан тартип, саясый эрежелерди бузбаган, кылдат башкаруу жолун тандаганда, абал бүгүн таптакыр бөлөкчө болмок. Бийлик башындагылардын жүрүм-туруму, тартиби бекем болгонун көргөн болсок, эл да ошол бекем тартипке тез эле келмек. Арийне, азыркы бийлик тартип орнотууну абактарга, түрмөлөргө камоо жолу менен көрсөтөбүз дегени – убактылуу гана...

Бейбаш баланы тыюу үчүн ага камчы кесеп, таяк сороктоткондой эле убактылуу көрүнүш бул.
Үч жолку мамлекеттик төңкөрүштү башынан кечирген элибиз деле бейбаш баладан көп айырмаланбайт. Убактылуу тынчып, убактылуу бугуп жаткандай азыр. А кайсы күнү бейбаштыгы кармайт – аны бийликтегилер алдын алып отурган жок. Тескерисинче, улам камчы кезеген, таяк сороктоткон опуза менен элди тыйып отурушкан жокпу?..

***
Кашаң жылкы камчынын көлөкөсүнөн жалтанып калгандай; бизде күч органдары үч жолку төңкөрүштө элден таяк жеп, ур-токмокко кабылганын азыркы бийлик эске да алган жок. Кокус элдик нааразылыктар күчөп, Ала-Тоо аянтыбызга эл кылкылдап чогула калса, күч органдары жогору жактын буйругуна кулак да салбайт. Себеби 2005-жылдан бери күч органдарында иштегендердин аксакал мууну менен орто муун, кенже мууну да, “бетеге кетет – бел калат, бектер кетет – эл калат” накылын түшүнүп калышты. “Эл күчү – сел” экенин коңшу өлкөлөрдүн күч органдары сезбеши мүмкүн, а биздикилер аны үч жолу сезип, үч жолу жалкыган жокпу?.. Биздин күч органдар дароо эл тарапка ооп кетер психологиялык фактор бар. Ал факторду узак жылдык мөөнөткө чейин өзгөртүү мүмкүн эмес.

Арийне, диктатуралык режимди орнотуу үчүн да мамлекеттик казына толо финансы болушу керек. Диктатуралык бийликти орнотуунун да оңбогондой баасы, куну бар. Жакыр мамлекетте диктатуралык система курууга азыркы бийликтин чама-чаркы да жетпейт. Эгер кустуруу саясаты менен өлкө казынасын чукул аралыкта толтурабыз деген максатты көздөгөн болсо, анда азыркы бийликтин от менен ойногон бул саясаты өтө опурталдуу...

***
Азыркы бийлик эске албаган дагы бир коркунучтуу фактор бар: ал – жаңы муундун бой сунуп коомго аралашканы. Ал эми 1980-1990-жылдардан кийинки жаңы муундун өкүлдөрү эски муундагылардай жалтак, коркок болуп өскөн жок. Алардын арасында бийлик тизгинин кага тургандар толтура. Алар эркиндик, демократия артыкчылыгын сезип өскөн муун. Коёндун териси бир күндүк чарыкка гана чыдагандай, алар да мамлекетте темирдей тартип орнотобуз деген тыюуларга убактылуу сабыр кылышы мүмкүн, бирок эркиндиктин чеги кысылган сайып, алар да бейбаш баладан бетер бир күнү жарылат. Тополоң чыгарат.

***
Коркунучтуу дагы бир фактор: бүгүн интернет желеси дүйнөгө кеңири жайылып, коомдун басымдуу бөлүгү дүйнөдөгү жаңылыктардан артта калар заман эмес. Дүйнөдө болуп жаткан тез өзгөрүүлөр, тарыхый бурулуштар, диктаторлорду бурчка такаган демократиялык инструменттер, экономикалык санкциялар, Орусия – Украина согушу соңуна жакындап калганы, мунун баары ээрден оңой шыпырар факторлор...

***
Жана бир эң талылуу факторлордун бири: жакында Путиндин Кыргызстанга келип кетиши! Эл аралык Гаага соту кылмышкер деп тапкан канкор диктатордун буту Кыргыз жергесин баспашы керек эле! Эми ага жол берген өлкө катары биз демократия дөөлөтүн аздек туткан Батыштын каарына калганыбызды бүгүн сезбешибиз мүмкүн, бирок эртең цивилизациялуу коомдордун экономикалык санкциялары жарыяланып, эч бир цивилизациялуу өнүккөн өлкөлөрдөн инвесторлорду тартууга мүмкүн болбос изоляция коркунучуна кабылып калуубуз толук ыктымал!

Темир тор артындагы жашоону көргөнүмө бүгүн туура эки ай болду. Алдыда дагы кандай сыноолор күтөт?.. Мага баары кызык. Дүйнөнү жаңы таанып баштаган жеткинчектей, эр ортону элүүдөн өткөндөн кийин эмнеден коркот элем?

Дүйнө, коом, адам дүйнөсүн таануу – мен үчүн эбегейсиз байлык, табылга, тажрыйба, нуска, үлгү, көрөңгө, билим! Ооба, чоң билим! Чоң мектеп! Улуу устат мага бул күндөр!

Ириде өзүмдүн ички дүйнөм өзгөрмөйүн мен коом өзгөрүүсүн каалагандан эмне чыкмак? Коомду өзгөртүүгө көп аракет кылгансыдым, бирок таасирин анча сезбедим. Демек, чоң тобокелчиликтерге баруудан бөлөк мурат-максатты көрбөдүм.

Бийлик болсо элди абак, түрмөлөр менен коркутуу амалын күчөткөндөн кийин, ошол коркунучтуу деген темир тор артындагы жашоону көрүүдөн кайра тартпоону чечтим.

***
Бала күнүмдө улуу максат, улуу идеялар үчүн дарга асылган, өлүм жазасына кабылган, тагдырдын таш боор сыноолорунан майышпаган каармандарга суктанар элем.

Акыйкаттыкка өз тагдырын арнаган андай каармандар керт башынын эмес, өз элинин, мекенинин тагдыры үчүн өз өмүрүн садага кылганына шыктанар элем. Көрсө, алар өз доорунун рухий жоокерлери тура. Мекенин коргоого жоокерлер өздөрүнүн көкүрөгүн тоскондой, рухий көсөмдөр да жүрөгүнүн толтосундагы улуу кыял, улуу максат, улуу идеялары, улуу эркиндик үчүн беттегенин бербептир. Алардын өжөр кайраты караламан калктык аң-сезимин калыптап, рухий азык берер кудуретке айланган үчүн кылымдар бою жалпы адамзатка акыл шооласын төгүп, бийик баалуулуктарга жол чырак тура, көрсө!

***
Абакка келген күндөн эле артымда тилектештер, санаалаштар арбын экенин адвокатым Бакытбек Автандилдин баянынан туйдум. Көрсө, көптүн катарында жүргөндөрдүн бири эмес экенмин. Сот залынан мен көздөрү жанган жарандык коомдо аралашып жүргөн, эркин көз караштагы тилектештеримди көрдүм. Баарынын көздөрүнө тиктедим улам. Алар менин канатымды күүгө келтирер дем-шык беришти, залда үн катпай отурушса да...

***
Темир тор артындагы үнсүздүк менин акылымды курчутту. Тилимди, кайратымды, эркимди курчутту. Элге, коомго таасир этер кудурет эмнеде экенин аңдадым. Терең уйкудагы калктын калың катмарына таасир этер аракеттерди темир тор артында жатсам да улай берүүдөн чарчабай турганымды туйдум. Арийне, коомдук катмар бар экен, мен аны “Азаттыкка” жарыяланган күндөлүк, эсселеримдеги тезистер коомчулукка жетип, соцтармактарда пикир жаратууга жараганына кубандым.

Албетте, менин кыялымдагы күчтүү жарандык коом азырынча бир муштумдай жыйылууга шарт боло элек. Бирок коомдун саясый аң-сезимин ойготор агартуу иштери ырааттуу, туруктуу ритмге түшүп калды, буюрса. Анын жемиши коомду көпкө күттүрбөйт. Биз чакан өлкө, чакан элбиз. Жакшылыктын жарчылары – коом агартуучулардын биригүүсү гана калды.

Мен абак жайга кабылганга чейин соцтармактарда түзгөн тайпалар кол куушуруп отурган жок. Баары аракетте. Алар бүгүнкү коомду өзгөртүүгө жан үрөгөн, илим-билим, тажрыйбаларын коомго жайылтып жүргөн прогрессчил күчтөр! Тек гана ар бир иштин сааты келет. Чыкылдаган сааттын ойготкучундай (будильнигиндей), ар нерсенин өз мерчеми бар. Мөөнөтү келгенде жарандык коом өз коңгуроосун кагып, уйкудагы улутту караңгылыктан жарыкка чакырган чоң күчкө айланат. Канында эркиндик сезими туйлаган элибиз чоң өзгөрүүгө шар суудай даяр.

Шаркыратма күчтөр, агын суулар улуу дайранын күүсүн ылдамдыкка тургандай, мен аздек туткан жарандык күчтүү коом сааты чыккан күнү сасык көлчүккө айланып бараткан жансыз сууларды жандуу кыймылга салат. Тек, улуу устатыбыз Салижан аке Жигитов айтар эле: “Тарых шашылбайт, адамдар шаша берет”...

Биздин тилектештер да азырынча шашыла турган кез эмес. Себеби илим-билимдүү, маданияттуу тилектештерим жети өлчөп, бир кескендерден. Алар удургуган топтордун өкүлдөрү эмес. Алар деңиз түбүндөгү бугуп жаткан толкундардай кубат-күчкө ээ...
23.10.23

***
Адам териси ушунчалык жука экен. Оң колум чүпүрөктөй жешилип, кызарып, териси сөөккө жабышып калгансып ачышат. Ансайын кычап, эргүү келгеничи. Калем, кагаз колду жоорутканынан жүз аарчымды, салфетканы ороп көрдүм. Болбойт экен. Сол колду жазууга үйрөтөйүн десем, жакында көнө турган эмесмин. Тыныгууда китеп гана токтотпосо, темир тор артында Салижан аке айткан анык жижиң калем мен болгону калдым...

***
Соңку жылдары коом агартуу жаатында жан үрөгөн замандаштар арбыды. Алар китеп өндүрүшүн жолго коюуда жаңыча изденип, заман талабына шайкеш адабияттарды кыргызчага сапаттуу деңгээлде которуу менен алек.

Коомдо жаңы көз караш, жаңы багыт көрсөтөр адабияттар таңсык кезде BUGUPRESS басылмасы чыгарган “Кылычсыз самурай” китеби акыркы жылдары китеп сүйүүчүлөрдүн калың катмарын аралап кеткени кубандырат.

Бул ирет УКМКнын китепканасына тапшырылган китептердин арасында “Кылычсыз самурай” менен катар “451 фаренгейт”, “Оку” басма үйүнөн чыккан Жорж Оруэллдин “Айбан чарба”, “Дил азык” басма үйүнөн чыккан “Бир өлкөнүн өнүгүү сырлары”, “Китепстан” басылмасы чыгарган Жорж Оруэллдин “1984” романы, “Оку” басма үйүнүн “Поллиана” аттуу китептери Кыргызстанда ар бир китеп сүйүүчүнүн колуна жетер болсо кана деп тилейсиң...

Кейиштүүсү, бизде мамлекеттик деңгээлде коом агартууга болгон ниет анчейин өсө элек, бирок ага карабай жогоруда аталган басма үйлөрү жана алар менен тыгыз кызматташып жүргөн котормочуларга терең алкыш!

Мен билгенден, соңку жылдары эң приоритеттүү адабияттарды чыгарууга басым койгон замандаштарыбыздан опол тоодой күч үрөгөн саналуу замандаштарыбыздан Жаныбек Абидетегин, Бакытбек Абдуллаев, Насыпбек Асанбеков сыяктуу агартуучулар – өз ыктыярлары менен эле китеп өндүрүшүнө жан үрөп келаткандар!

Улуттун сапатын, аң-сезимин өстүрүүдө үркөрдөй коом агартуучуларыбыз дүйнө адабиятынын өрнөктөрүн кыргызчага которуу менен бирге, эне тилибиздин кудурети дүйнөнүн кандай деңгээлдеги шедеврлери болбосун эркин которууга мүмкүн экенин иш жүзүндө көрсөтүп келатышканы. Мурда биз дүйнө адабияты тургай жакынкы Чыгыш адабиятын, ал тургай тектеш түрк тилдүү элдердин адабияттарын бир гана орус тили аркылуу которуп, окуп келсек, бүгүн жаңыча мүмкүнчүлүктөрүбүз толтура.

Англис, түрк, немис, француз, кытай, корей, испан, жапон тилинен болобу, “элүү жылда эл жаңы” демекчи, эгемен жылдарында дүйнөнүн төрт тарабына чабагандап жаңы муун өсүп чыкты. Алар кайсыл элдин адабиятын болсо да түп нускадан которуу доорунда жашап жатабыз.

Андыктан эне тилибизди байытууда бул ишти Мамлекеттик тил комиссиясы колго алчу жерде эле. Тилекке каршы, алардын ыкшоолугу менен кыргыз тилинин байып кетүүсү колго алынбай келгенин сезген жаш муундун сергек агартуучулары бүгүн: “Грузия кантип реформа жасай алды?” (чыккан жылы: 2018), “Балдардын тарткан сүрөттөрү эмнени түшүндүрөт?” (2020) “Сингапур билим берүү системасы: Парадокстардын күчү” (2020), “Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт” (2023) сыяктуу адабияттар бүгүнкү кыргыз коомуна аба менен суудай зарыл экенин сезген сезер, сезбегендерге не дей алабыз?!.

***
Элибиздин калың катмары китеп бетин ачпаганын ар бир үй-бүлөнүн босогосун аттаганда сезесиң! Айыл жеринде болобу, шаарда болобу, мен негедир кайсы үйдүн босогосун аттасам эле китеп текчелерден көзүмдү албайм. Карай келсең, мектеп курагындагы уул-кыздарынын эле китептери же совет мезгилиндеги качанкы жыртылып бүткөн бири-экин китептер гана колго урунбаса, дээрлик көпчүлүк үйлөрдө китеп текче аттуу таптакыр жок: Мени өтө тынчсыздандырган апаат бул! Бул кейпибиз менен биз караңгылыкка сүңгүп бараткан улут эмеспизби деген тынчсыздануу жаралат...

***
Бул жактагы абактын китепканасынан да далай китептерди алдырып көрүп, мамлекетибиз да, элибиз да китеп дөөлөтүнө таптакыр көңүл бурбаганыбызга толук көзүм жетти! Темир тор артында отурган мекендештерибиз качанкы совет доорундагы идеологиялык рамкадан чыкпаган адабияттарды окугандан көрө, азыркы заман талабына үндөгөн адабияттарды окуганы аба менен суудай зарыл эмеспи?..

***
Бизде көпчүлүгү дүйнө адабиятынан кабарым бар деп ойлошот. Эч андай эмес. Өзгөчө совет доорунда орус тилинен кыргызчага которулган дүйнө адабиятынын көбү коммунисттик идеологиянын алкагына чектеп которулган. Ошол эле Ж.Лондон, В.Гюго, О.де Бальзак, Сервантес ж.б... толгон дөө-шаалардын чыгармаларын которууда да эч кандай авторлук укуктарын эске албай бурмалап которулгандары, так эмес которулгандары канча?!

Дүйнөлүк адабияттын шедеврлерин бурмалаганы биякта калсын, улуу жазуучу Лев Толстойдун “Хажи Мурат” чыгармасындагы орус шовинизмин айыптаган, орус падышачылыгы Кавказ жергесин басып алгандагы адилетсиздигин чагылдырган эпизоддорду коммунисттик доордун редакторлору өзүм билемдик менен эле шылып салышкан! Аталган чыгармада Л.Толстой орус бийлигинин бет пардасын сыйрыган штрихтерди Кремлдин пропаганда бөлүмү таптакыр жок кылдырган.
Ошондон улам элибиз совет доорунда которулган жана жарыкка чыккан китептерди отко ыргыткандан өтөрү жок! Бүгүн бизди чоң адашууга салып келген адабияттарды түп орду менен жок кылып, ордун жаңы адабияттар менен толуктоого жапа тырмак киришер эл болсок кана, аттиң.

Тескерисинче, биз өз колубуз менен өзүбүздү муунтуп өлтүрүп аткан адамга окшош улутпуз!

***

Элдин калың катмары бүгүн диний ишенимге терең кирип кеткенинин бир себеби диний ишмерлердин, дин жайылтуучулардын тынымсыз аракетинен болду. Алар акыркы отуз жылда акын-жазуучуларга караганда иштин көзүн таап, караламан калктын муктаждыгы эмнеден экенин тезирээк баамдашты көрүнөт. Чакан диний китептерди (мазмундук сапаты начар болсо да, арабчадан начар которулса да) чыгарып жайылтуу менен катар аларды аудиолоштуруп, дисктерге чыгаруу жолу менен адамзат коомуна диндин ролу чоң экенин туюнтуп коюшту. Ошол себептен бүгүн акын-жазуучуларга караганда диний ишмерлер коомдун сыйлуу катмарына айланышты. Эл диний ишмерлердин оозун тыңшап калганын көрүп атабыз... Буга ич күйдүлүк кылыштын кереги жок. Демек, акын-жазуучулар дал ошол диний ишмерлерден кем калышпай аракет кылууга неге болбосун? Неге молдокелер калктын калың катмарын динге тартып кеткендей аракет калемгерлердин колунан келбейт?!

Эгер акын-жазуучулар да коомдун урмат-сыйын күтөр болсо, демек, элдин муктаждыгы ар дайым көркөм дөөлөт, агартууда экенин унутпоого тийиш. Учурда үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдеген кыргыз тилиндеги китептерди табуу өтө кыйын. Ажырашуулар көбөйдү. Ал эми дүйнө адабиятында эрди-катындын мамилесин ширештирген, махабатын арттырган адабияттар толтура. Эмнеге аларды кыргыз окурмандарына жеткирүүнү колго албайбыз?!

Үй-бүлөлүк мамилелерди бекемдеген психологдордун адабияттарын, балдарды туура багытта өстүрүү кеңешин берген гуманитардык эмгектер толтура. Ал адабияттарды кыргызча которууга киришкен акын-жазуучуларыбыз жок. Баары өздөрүнүн авторлук эмгектери менен гана чектелүү. Же бир алардын авторлук эмгектерине коомдон муктаждык жаралсачы. Баары өзүмчүл болуп бүтүшкөн. Дүйнө адабиятын кыргызчага которуу түйшүгүн тарткылары келбейт. Эгер котормо өнөрүнө ык коюшса, өздөрүн да өстүрүп дүйнө адабиятынын өрнөгүн өздөштүрөт эле го!

***
Кыргызстандагы китепканалардын дээрлик көпчүлүгү макулатура сакталып келаткан эле чоң кампа. Арасында коомдун көзүн ачып, аң-сезимин аңтар-теңтер абалга жеткирер таасирдүү адабияттар аз. Себеби совет доорундагы көркөм адабияттар негизинен адамды кулдук аң-сезимге тарбиялап, ал эми Батыштын дөө-шаа жазуучулары орусчага жана башка тилдерге которулуп калганынын себеби деле Батыш цивилизациясынын жапайычылык доорун, жаңыдан калыптанып келаткан баалуулуктардын чаташын, социалдык теңсиздикти чагылдырган көрүнүштөр.

Алар негизинен коммунисттер курган СССР өлкөсүнүн элдери гана дүйнөдө эң бактылуу элдерден экенин туюнткан баш сөздөр менен коштолот. Чыгыштын жана Батыштын дөө-шаа адабияттарын совет доорунда окуп койгонбуз деп компойгонубуз менен, бүгүнкү замандын көзү менен илгерки китептердин баш сөзүнө эле көңүл бурганыбыз жетиштүү. Так ошол баш сөздөр аркылуу комментарийлерде эле СССР өлкөсүнөн башка дүйнө элдеринде акыйкат жок деген идеологиялык эн тамга бадырайта басылган!

Дүйнөдө бизден башка улуттар шорлоп жашайт деген идеология бүгүн деле уланууда. Батыш цивилизациясын ушул күнгө чейин сенек (стереотиптүү) көз караштан жек көргөнүбүз ошол. Айрыкча кыргыз акын-жазуучулары арасында ушул күнгө чейин улуттук адабиятыбыздын бешиги совет адабияты дечүлөр четинен табылат. Алардыкы да туура. Ооба, совет адабияты кыргыз адабиятынын терметкен бешиги болгон. Бирок ошол бешиктен көбү майып болуп өскөн. Терметкен бешиги мээлерин чайкап салган. Кас-кас туруп, там-туң басканга чейин эле совет адабиятынын бешиги аларды майыпка, мунжуга айлантканын ушуга чейин аңдаша элек!

***
АДАБИЯТ ЖУРТУНА

Бешигиңер – советтик адабият,
Баарыңарды мунжу же майып кылган.
Бешигиңер – советтик маданият,
Маңкурттуктун үрөнүн жайып тынган!

СССР термелип бешигинен –
Мээ чайкалган “таланттар” чыга берген.
СССР гонорар кешигинен –
Халтурщиктер жамырап чыга келген!

Там-туң басып, ордуңан кас-кас туруп,
Тамтаңдаган башканы туурадыңар.
Том-том китеп жазууну максат кылып,
Сыйлык, наамын алсак деп куурадыңар!

Араңардан диссидент чыккан эмес,
Эч бирөөсү түрмөгө камалбаган.
Оозуңарга толтура тыккан кебез...
Баарың момун, жоош элең. Амал жалаң...

Жазуучулар союзу корооң эле:
Кишенетип, маара же мөөрө деген.
Коммунисттер корсулдап ороң эле,
Азоо чыкса – тебеле, жөөлө деген!

Жем-чөбүн жеп бийликтин акырынан,
Айдагынан ойт берип чыкпадыңар.
Камчы тагы кетпеген такымынан
Мал сыяктуу улутту кыктадыңар!

Кык болдуңар кыртышка, кык болдуңар!
Жазуучулар союзу бүгүн дагы
Калемгерге жасакер жыш толдуңар!
Зулум төбөл бийликке жүгүн дагы!

Жүгүнгүлө жаш, карың, жүгүнгүлө!
Наам, сыйлыкка жарыша жүгүргүлө!
Амирине бийликтин сүйүнгүлө!
Ажо айкөл, эңкейип бүгүлгүлө!

Бешигиңер – советтик адабият,
Баарыңарды мунжу же майып кылган.
Бешигиңер – советтик маданият,
Маңкурттуктун үрөнүн жайып тынган!

Жаш калемгер, эркиндик – бешигиңер!
Устакана, дөөтүң бул – адабият!
Тапкыла жол, өзүнчө кешигиңер...
Эски көчтү ээрчиген – арам, уят!
25.10.23

***
Эркиндикте жүргөндөгүм менен абакта отургандагымдын айырмасын ажыратсам мындай экен: темир тор артында кулак, мээң интригадан, ушактан тынчыйт. Бирөөнү бирөө жамандаган, каралаган көрүнүштөн алыссың. Мээңе керексиз маалыматтар топтолбойт. Соцтармакта жаныңа тынчтык бербеген канчалаган таштандылар толтура... Ошонун баарынан арыла түштүм. Күнүмдүк ыбырсыган майда көрүнүштөрдөн оолак болуп калгандын өзү да рухий ыракат экен. Көрсө, мен коомдон чарчаптырмын кыйла. Кандай коомдун арасында жашап келгенимди темир тор артында кулак-мээм тынган мезгилде сездим.

Албетте, башында көнгөн адатым боюнча дүйнөдө эмне болуп атканынан мен эле артта калгансып, интернеттеги маалымат булактардын көбүнө өзүмдү байлап таштаганымды туйдум. Айрыкча Орусия менен Украина согушу эмне менен аяктайт деген маселе эки жылдан бери кызыктырып келди. О.э. Кыргызстандын ички саясатындагы ыйкы-тыйкыларга кайдыгер карай алчу эмес элем.
Коомдогу ар кандай окуялар, көрүнүштөргө убактымды уурдатып келсем, абак жайда ошонун баарынан оолактаганым менин чоң табылгам болду.

Бул жактан өзүмдүн гана жан дүйнөмө үңүлгөн эрмек таптым. Руханий өсүш жолумду токтотуп келген азгырыктардан алыстап, абактан өзүмдү издөөгө шарт болду. Айланамда көбү мүңкүрөп, зеригип, күндү эмне кылып өткөрүүнүн азабын тартканын көрүп, андайларга боорум ачыбай калды. Кудай берген өмүрдү эркиндикте жүрүп да баалабай келип, эми темир тор артына кабылганыңа кейип-кепчигенде эмне табасың?! Эч болбосо бул жактан өзүңдү табууга эмнеге аракет кылбайсың дейм да...

“Убакытты кантип өлтүрсөм” дейт баары эле. Убакыт кимди өлтүрүп атат? Муну түшүнгөн тирүү жан көрбөдүм!

***
Абактагы байкоолорумду кээси теңирден тетири түшүнбөсүн үчүн мунун белгилегим бар: мен эркиндикте жүргөндөгү жашоомдон жадаган киши эмесмин. Мен деле үйүмө чыгып барууга эки көзүм төрт. Тек гана айтайын дегеним бул: тирүүлүктө эркиндиктин кадырын, өмүрдүн баасын ченебейт экенбиз! Өмүрүбүз менен убактыбызды ысырап кылган күндөр көп экен.

Баарыбыз күнүмдүк азгырыктарга чалынып, күнүмдүк майда көрүнүштөргө убактыбызды коротот экенбиз. Окурмандарга мен ошону туюнткум келет. Болбосо мен эркиндиктеги жашоомду чангандан улам ушул ойлорго келгеним жок. Тек баарыбыз эркиндикте жүргөндө көп нерсеге таназар салбай, көп мүмкүнчүлүгүбүздү пайдаланууга жөндөмсүз экенбиз. Өзүбүз менен өзүбүз күрөшпөйбүз. Мен өзүм менен күрөшкөн адатты соңку кезде таштап коюптурмун эркиндикте жүргөнүмдө.

Бул жакта өзүң менен өзүң күн-түн күрөшөсүң. Эч болбоду дегенде ден соолук камын ойлоп, туура тамактанууга, ар дайым кыймыл-аракетти токтотпоого, убакытты туура сарамжалдап, ар бир көз ирмемди бекер өткөрбөөгө аракет кылганым үчүн. Эң кызыгы, үйдө жүргөнүмдө өтө тынчым жок эле.

Кокус түндөсү уйкум бузулса, көз ирмөө азап болчу мага. Келинчегим менин “шырт” эткен добуштан ойгонуп кетеримди сонун билет. Ал кургур менин уйкумду кайтарган кишиге окшош. Кээде ал терезе тушунда бирөөлөр кобурашып атса же балдар ойноп жүрсө, “алыс баргыла терезеден. Олжоке уктап атат” дегенин угуп калам. Же болбосо жанымдагы телефонду өчүрүп, эшиктерди акырын жаап, айтор, мени тынч уктап алсын деген жан туйгу, жароокерлиги менен ыраазы кылат мени.

А бул жактан темир эшиктер тарс-турс катуу жабылат, арестанттар кээде кыйкырышып сүйлөшөт, күзөтчүлөр баш багып, ал-акыбал сурайт, а мен баш көтөрбөй уктап аткан болом. Ушуну менен жанымда үч шерик алмашты, ар кимиси менин тынч уйкума таң калышат.

Менин бул жактагы уйкум тынч болгон себеби эле? Жандүйнөмдө дүрбөлөӊ жок. Уйгу-туйгу санаага өзүмдү алдырбай, келген күндөн бери медитациямды үзгөнүм жок. Дене бойду чарчаткан көнүгүүлөрдү күнүгө кайталайм, ашыкча тамак жебейм. Окуйм, жазам. Китепти басып жүрүп окуганга, буттар чарчайт. Айтор, бекерпоз эмесмин, уйкум тынч болгон себеби ошондо эле. Ал эми үйдө жүргөнүмдө капкайдагы маалыматтар же коомдогу чач үрпөйткөн окуялар эле мага тынч уйку берчү эмес окшойт.

***
Күндүзү куш уйку салып, кыска убакыт уктай калмай адат таптым. Куш уйкунун жакшы жери – 2-3 саат уктап эс алгандан да артык. Уйкудан кийин эзилген, ыкшоо тарткан учурлар көп го. А куш уйкудан кийин акылың сергек, жаның сергек, өзүңдү жеңил сезесиң. Кечкисин эрте жатып, кайра таң эрте тургандан өтөрү жок экен. Баары жымжырт. Китеп окусам да, бирдеңке жазсам да, көңүлдү алаксыткан эч нерсе жок. Ошондон улам бул жактагы жакшы адаттарымды эми үйүмө барганда көндүмгө айлантсам дейм. Өзүмө темирдей тартипти өзүм гана курат экенмин, көрсө.

***
Темир тор арты мага түбөлүк жашоо эмес. Андыктан убактылуу бул жайда жашоомдун канча күнүн кечирсем да, ар бир күндү маңыздуу, максаттуу өткөрүүдөн бөлөк аргам жок. Ушул эң жөнөкөй түшүнүккө келбегендердин азабын көрүп атам. Аларда уйку жок, кекиртектеринен тамак өтпөй үңкүйүп, өздөрүн санаага мүлжүтүп отурушканына көңүлүм чыкпады. Адам башына күн түшкөндө аны көтөрүп кетүүгө даяр эмес экен көбү.

А адамзат тарыхында мындан оор азаптар болгон жок беле?.. Колу-бутуна кишен салынган, өлүм жазасына тартылар болгон адамдар менен бизди салыштыруу мүмкүнбү? Биз үйдөн бул жакта, темир тор артында убактылуу отурганыбыз эле болбосо, аппак шейшеп салынган керебетте уктайбыз.

Муздаткычыбызда толо тамак-аш. Деги биз тобо кылганга качан үйрөнөбүз? Ушул башка салган сыноого да неге шүгүр кылбайбыз?!

Эгер ушул эле менин айланамда үшкүрүнүп күйүт тартып отургандар эркиндикке чыккан күнү деле шүгүрчүлүк, тобо эмне экенин билет болду бекен?..

Ушунун өзү биздин жалпы улуттун кулк-мүнөзү болуп жүрбөсүн мүмкүн?.. Биз өтө мажүрөө, алсыз, кайратсыз мүнөздөгү элбизби эмне?! Адам баласынын тарыхында кандай гана азапты баштан кечирбеген улуттар бар. Баарын көтөргөн, чыдаган. Тескерисинче, өздөрүн курчутуп, турмушка болгон жаратмандыгын өстүрүп, өжөрлүк менен жашоо күрөшүн токтотпогон.

А бул жакта сомодой жигиттер деле, баралына келип турганы деле жүүндөрү бошоп, кейпинен азып, мүӊкүрөп алышкандарын көргөн сайын, аа, кайран эркектер деп үшкүрүнчү болдум. Силерге караганда катындарыбыз кандай чыдамдуу, кандай көтөрүмдүү?!

Бизди адам кылып жүргөн эле байкуш аялзаты окшобойбу? Байкуштар бул жакта бөлбүрөп, шөлбүрөп отурган эр бүлөлөрүн ойлоп, өздөрү ичпеген-жебегенин жөнөтүп отурса да, эр бүлө саналган жигиттерибиз башына келген сыноого кайышып отургандарын көрүп, кыргыз өзү “жомокто баатыр, жоодо жок” деген Түгөлбай Сыдыкбековдун кебине ынап калдым...

***
Кечээ, мурдагы күнү катары менен коңшу камерадагылар чакырат мени. Темир торго жөлөнүп алып күзөтчүлөр жок кезде кобурашып калабыз кээде. Кимиси менен маектешпейин, деле бир мындан өткөн оор азап жоктон бетер муңканышат. А мен муңканган, даттанган эркектер менен сөз учугун улай албайм көпкө.

Кимиси кандай кылмыш менен келбесин, колуң менен кылганды мойнуң менен тартпаска аргаң барбы дейм... Биз көп учурда өзүбүздү гана актоого жөндөмүбүз жетип, күнөөнү башка бирөөгө оодарганга маш экенибизге бул жактан көзүм жетти. Кимиси болбосун, баары апапакай, баары күнөөсүздөй актанышат. Деле бирөөнү көрбөдүм, иттик менден кетип камалдым деген. Баары “жалган жалаа” менен келишкенин угуп, өзүмчө күлөм ичимден: “Ой жаныңды жегир о-ой!”

Деги биз кандай кулк-мүнөздөгү калкпыз?! Абактарда, түрмөлөрдө чын эле баары күнөөсүздөрбү? Жок! Ар бир кыргыздын Кудай алдында күнөөсү тоодой! Ар бир кыргыз бүгүнкүдөй мамлекет түптөгөнүбүзгө күнөөлүүбүз! Керек болсо мамлекеттүүлүктү түптөөдө канча кылмыштарыбыз болду экен?! Үч мерте мамлекеттик төңкөрүш кылып да сот адилеттигин, бийликтин акыйкаттыгын түптөй албаган биздей элге убал жоктур мүмкүн?!

Болбосо эмнеге үч жолу төңкөрүштө кырчындай жаштар өмүрүнөн ажырады, канчалаган тагдыр сыздап кала берди! Бирок кыргыз көчүн туура жолго сала алдыкпы?! Бүгүнкү сот системасы, бүгүнкү бийликти өзүбүз түптөп алып, анан темир тор артында өзүбүздү жалган жалаанын курмандыгы санап отурганыбыздын өзү – улуттун, өлкөнүн шору!

***
Темир тор артында мүңкүрөп отурган эр бүлөлөр бул – жалпы кыргыз элинин мажүрөө, бечара экенин туюнткан жаркырак таза күзгү! Акыркы 30 жылда бейиштей мекенибизди гүлдөтө албай, жерге бел бүгүп береке издегендерибиз өтө аз болду. Көпчүлүгү Орусия, Казакстанга иш издеп баса берди.

Турмуштун оор жүгүн аялдарыбыздын мойнуна артып таштап, канчалаган жигиттер арактан арга издеп, аракка тоё мас болсо эле турмушу жеңилдеп калчудай шыңгытпады! Мына биздин эр бүлө көрүнгөндөрдүн бешене бейнеси! Дегеле азыркы кыргыз эркектеринде намыс-ар, эркектик касиетти мен темир тор артынан да, эркиндикте жүргөндөрдөн да көргөнүм жок.

Мындай жүүнү бош эр бүлөлөр деги кимди жыргатат?! Үй-бүлөлөрүнбү?! Мекенинби?! Бизге сырттан жоо басып келгенден кудай сактасын! Бул кейпибиз менен далай эркек катындардын этегинен астына кирип кетер абалда экенбиз!

***
Бийлик тизгинин колдоп чыгарбаган да эркектер бизде! Бирок кимиси коңшу мамлекеттер менен тең ата саясат жүргүзө алды?! Кимиси Эгемен Кыргызстан башкалардан көз каранды болууга тийиш деген саясат жүргүздү?! Биринин да рух айбаты жетпеди ага. Баары Кремлге кылчактаган жалтак, мажирөө саясатын улантып келишет! Айтор, мырзалык, жигиттик сапатты бийликтегилерден да, абактагылардан да, эркиндикте сайрандап жүргөндөрдөн да көрбөдүм!

***
Турмушка келгенде бири бириңди кекеткендер “эркексиңби?!” дегенден эле эркектик касиетиңди далилдей аласыңбы, эй арсыз?! Кыз-келинди баса калып төпөштөп, баса калып зордуктаганыңды да, мүмкүн, эркектик эрдигим деп санарсың эй, зөөкүр! Эркектигиңди далилдөө үчүн зөөкүрлүктөн башка эмне колуңдан келет?!
***
Албетте, эркектин баары зөөкүр эмес бизде. Эркектин баары арсыз эмес, бирок дээрлик көпчүлүгү бүгүн мырзалык эмне, жигиттик эмне – унутушкан. Мырзалык жоопкерчилик, мырзалык наркты тебелеп – тепсегендер болбосо дейм Эр Манастын урпагында. Эр Манастын урпагы бүгүнкүдөй адилетсиз мамлекеттик системасынын курмандыгына кабылып, темир тор артында мүңкүрөп чөгүп, жалган жалаа менен камалып отурбаган өлкөнү курууга милдеттүү! Бүгүнкүдөй Абыке, Көбөштөр тайраңдаган, жемкорлор эл ырысын тоноп сайрандаган өлкөнүн эртеңин бүгүн ойлонууга тийишпиз!

Кыргыздын эр-азаматтары адилетсиз, наадан, карөзгөй, түркөйлөрдүн колундагы бийлик тизгинин кагууга кайраты, эрки жетиш керек!

***
Мунун өзү, менимче, улуттук деградация. Улуттук деградация башкача мүнөздө болушу мүмкүнбү, жокпу – билбейм. Али күнгө патриархалдык коомдук аң-сезимде жашаган элибизде үй-бүлө тизгинин да көп учурда эркектер башкарып, бийлик тизгини да шагыраган эркектердин колунда! Эң кооптуусу ушул! Ишеним тая турган эркектердин бошоңдугун буга чейин учкай кеп кылып келдим. Демек, бүгүнкү күндө жигиттерди, мырзаларды намыска чакырып, эркектик түшүнүктөрдү, баалуулуктарды калыпташыбыз керек. Жоопкерчиликти сезген эр-азамат ойлонуш керек муну.

Кыз-келиндерибиз өз тагдырын көрүнгөн эркекке кармата бербей, ала качып барып отургузуп койсо эле тагдырга баш ийип калбай, болочок эр, бүлөнү тандоодо чыйрак болбосо, биздей мажирөө мүнөз эркек сөрөйлөр жакынкы келечекте кыргыздын затын бузат, тегин бузат! Биз майдаланып бараткан улуттун кейпин кийбешибиз керек мындан ары! Мындан бетер ар-намыстан кетпейли, мырзалар!

Илим, билим, жаратмандыкка умтулуп, улутубуздун уңгусу бөксөрүп баратканын туйган ар бирибиз башкалардын аң-сезимин ойготолу! Жоопкерчиликке чакыралы! Кыргыз урпагынын эр мүнөз кайратын чагылдырган кино тасмаларды, адабий образдарды жараталы!

***
Ооз көптүрө мактанып, ата-бабалардын наркын, акылмандыгын кайталай бергенден эле улуттук сапатыбыз оңолуп кетпейт! Улуттук көрөңгөбүздү арттыруу ар бирибиздин милдет!
Биз бүгүн улуттук кайра жаралуу сезимибизди өчүрбөй турган идеяларды турмушка ашырабыз десек, ар бирибиз отко тамызгы бололу! Ар бирибиз жалынга, отко айланып, жүрөктөгү кайратыбызды, эркибизди ойготуп, эл бийлик ээси болууга тийиш деген түшүнүктү калыптандыралы!

Кул мүнөздүктөн арылып, бийликке малай, кул болуп бербестен, эл бийлик ээси деген жоопкерчилик ойгонуш керек ар бирибизде!
Мамлекеттин жер пайын түптөөнү биз ашар жолу менен чоң үй куруу деп түшүнүүгө милдеттүүбүз! Ошол чоң үйдүн пайдубалын курууда эч ким ашардан качпай, четте карап турбай, баарыбыз жапатырмак билек түрүнгөндө гана дүркүрөп өнүккөн өлкөлөр менен атаандашабыз!

Бийликтин ар бир аракетин эл өзү тескеп, өзү көзөмөлгө алганда гана элдик бийликтин шарапаты менен коррупцияны, паракор сот системасын түп орду менен өзгөртүү мүмкүн. Болбосо төңкөрүштүн аркасы менен келген кайсы бийлик коррупциянын тамырын кыркты, сот системасын адилет жолго бурду? Тескерисинче, улам кийинки келген бийлик эл менен эсептешпеген, өзүм билемдиктен чыкпаган зулумдуктун ырайын көрсөтүп аткан жокпу?!.
26.10.23

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG