Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

Токтогул сыйлыгы: талант менен таасирдин талашы


Токтогул сыйлыгы: талант менен таасирдин талашы
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:23 0:00

Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы ишмерлерге берилчү Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээлери жакында белгилүү болору күтүлүүдө. Токтогул сыйлыгы боюнча социалдык тармактардагы талкуулар эки-үч ай мурун эле кызуу башталган. ​Айрымдар бул сыйлыкты таланттуулар эмес, таасири барлардын тааныштары алып жатат деп нааразы.

Сыйлык кандай критерийлер менен берилет? Жобосу кандай, алар өзгөртүүгө муктажбы же жокпу? Бул суроолорду Эл артисти, Токтогул сыйлыгын ыйгаруучу комиссиянын төрагасы Түгөлбай Казаков жана жазуучу, публицист Олжобай Шакир менен талкууладык.

- Түгөлбай агай, бул жолу Токтогул сыйлыгы менен бериле турган акчанын суммасы жүз миңден бир миллион сомго көбөйгөнү белгилүү болду. Сыйлыктын жол-жобосуна дагы өзгөрүүлөр кирген экен. Мурдагы жободон эмне артыкчылыгы бар?

Түгөлбай Казаков: “Комиссияга акыркы жылдары абдан жагымсыз сөздөр илешип жатат, төрага болуп бер, бул ишти жөнгө салып оңдойлу, жобону өзгөртөлү” дешип президенттик администрациядан мени чакырышкан. Анан мен төрага болуп келсем, комиссияда 16-17 китеп жатыптыр. Бул жазуучуларга гана тиешелүү эмгектер экен. Башка тармактан да иштер көрсөтүлүп, бирок алар да каралбай жатыптыр. Ошол кездеги комиссиянын төрагасы Бексултан Жакиев да 7-8 ай ооруп калып, комиссиянын башка мүчөлөрү да “акы төлөнбөсө, көз майыбызды коротуп окумак белек” деп карашкан эмес экен.

Анан мени төрагалыкка сунуштагандар “комиссиянын айрым мүчөлөрү 20 жылдан бери алмашпай иштеп жүргөндүктөн, негативдүү сөздөрдүн баары ушуларга айтылып жатат. Ошондуктан буларды таратып, жаңы комиссия түзөбүз, силер болсо бул жакта атайын топ бар сыйлыктын жобосун кайра карайлы” дешти. Анан мурдагы жобону карап чыксак, сандырак пункттар бар экен. Мен жанаша жазылып, бирок бири-бирине каршы турган төмөнкүдөй эки пунктту мисал келтирейин:

Бир жерде “эски чыгармалар каралбайт” деп турат дагы, андан кийин эле “эгерде эски чыгармалар кайра көрсөтүлө турган болсо, анын үчтөн эки бөлүгү кайра иштелип чыгышы керек” деп жазылган. Мисалы, Болот Шамшиев “Ак кеме” тасмасын сыйлыкка көрсөтсө, аны кайра тартып келеби? Ушундай кантип болсун? Төлөгөн Касымбеков айтылуу “Сынган кылычын” да бул сыйлыкка көрсөткөндө, “үчтөн экисин кайра жаңылап кел” дешкен. Ошондо ал байкуш М. Фрунзе менен Токтогулду классташ кылып коё жаздаган.

Олжобай Шакир: Бир кезде жазуучу Талип Ибраимов “Токтогул сыйлыгы эмне деген залкар жазуучубузду пенде кылып койду” дегени бар. Сыйлыкты алыш үчүн жобого ылайыктайм деп капкайдагынын баарын кошо берип, шедевр чыгарманы бузуп койду деди эле.

Түгөлбай Казаков: Омор Султанов да мурда бир поэмасын көрсөткөн экен ушул пункт жолун тороптур.

- Эми жаңы жободо эмне артыкчылыктар болду?

Түгөлбай Казаков: Көп нерсе өзгөрдү. Мурда комиссиянын курамында жыйырма беш киши болсо, анын он беши сыйлыктарды кароого катышса кворум бар деп эсептелчү экен. Ош бешинин сегизи добуш берсе, Токтогул сыйлыгы көрсөтүлгөн адамга берилип кете берчү экен. Биз азыр курамды он сегиз кишиге түшүрдүк. Алар алты тармак боюнча келет: адабият, музыка, сүрөт, кино, театр жана архитектура. Ар бир тармактан үчтөн комиссия болот дагы, анын экөө добуш берсе, саналат. Мурда комиссиядагы жыйырма беш кишинин сегизи добуш берип, 30% менен сыйлык чечилип келсе, бул ирет он сегиз мүчөнүн он үчүнөн көп добуш албаса, сыйлык берилбейт деген чечимге келдик. Антпесе, адилеттик болбой калат.

Экинчиден, мурда сыйлыкка көрсөтүү укугу, орой айтканда, коомдук ажаатканалардан башкасынын баарына эле берилип келиптир. Бир адамдан турган фонддордун да азыр өзүнүн мөөрү бар. Алардын баары каалаган адамын сыйлыкка сунуштай берген. Ошондуктан биз сыйлыкка сунуштоо укугун чыгармачыл союздарга бердик. Себеби, адистердин баары ошол жерде. Жазуучу, сүрөтчү, киночуларда да ошондой. Анан эки чыгарманы көрсөтүүгө токтолдук.

- Олжобай мырза, сиз социалдык тармактарда “жобосу жок Токтогул сыйлыгы” деген тема коюп, талкуу чыгардыңыз. Жобо тууралуу маалыматыңыз бар беле?

Олжобай Шакир: 2003-жылдары “Кыргызстан маданиятында” иштеп жүргөн учурда да Токтогул сыйлыгынын жобосу өзгөрүүгө учурап, жарыяланган эле. Ошондо деле чыгармачыл чөйрө ыраазы болгон эмес.

Бул сыйлык чыгармачыл адамдардын эле интрига уюгуна айланып калды. Татыктуу талапкер алган күндө деле нааразычылыктар дайыма жаралып келген. Бул жолу деле Түгөлбай агабыз төрага катары кара кылды как жарып калыстык кылса деле, баары бир нааразы болгон сөз тарайт. Түгөлбай ага айтып жатпайбы, “мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү укугун чыгармачыл союздарга бериш керек” деп.

Менин соболум бар эле: Негизи азыр чыгармачыл союздарга зарылчылык барбы? Себеби, алар 1932-жылы большевиктик коммунисттер курган идеологиянын рухий аскерлери эле да. Бийликтин гана саясатын жүргүзүп келишкен. Бүгүнкү күндө да аларга бийлик эркиндик бербей, бакма тоок кылып койгон жокпу?

Түгөлбай Казаков: Бул туура эле болду. Мурдагыдай сегиз киши эле жармакташып алып иш кыла бергенден көрө, көз карандысыз адамдардан комиссия түзүлгөнү жакшы болду. Курамдагылар ханды да, бекти да укпай турган кишилерден деп айта алам. Мисалы, мен төрага болгонум менен, мени да таптакыр укпай тургандар көп ичинде. Анткени аларды мен түзүп, шайлаган жокмун. Мурдагыга караганда азыркы комиссиянын мүчөлөрү төрагага көз каранды эмес. Төрага модератордун гана милдетин аткарып, жыйын өткөрөт, добушка коёт.

Чыгармачыл союздар тууралуу айтайын, СССРдин учурунда чыгармачыл союздар өнөр адамдарына абдан чоң көмөк кылган. Маселен, Жазуучулар союзу жазуучулардын, акындардын китебин чыгаруу үчүн басмаканага сунуштама берет эле.

Олжобай Шакир: Бирок, кол караган тооктой болуп жатпайбы. Чыгармачыл чөйрө качан алгыр куштай болуп сыйлыкка көз каранды болбой өз жемин таап жейт?

Түгөлбай Казаков: Алар өзү эле Ак үйгө баш ийип турса бир жөн. Ак үй мисалы союздарды көзмөлдөп, ишине киришкен жок да. Мындан башка кандай эркиндик болот?

- Айрым байкоочулар Токтогул сыйлыгына татыктууну тандоо кеминде эки баскычта жүрүшү керек, адегенде чөйрөнүн (мисалы, адабият чөйрөсүнүн) жалпы талкуусуна, андан иргелгендерди тармактык комиссиянын тандоосуна коюп, алар сунуштаган эмгектерди гана комиссиянын сынына коюуну ылайык көрүшүүдө. Канткенде сыйлык аброюн сактап кала алат?

Түгөлбай Казаков: Бул жободо бар. Биринчи тандоо чыгармачыл союзда болот. Анан коомдук талкууга чыгат. Коомдук талкууда ал чыгарманын таш-талканы чыгышы мүмкүн. Бирок ошол эле учурда буюртма пикирлер да болушу мүмкүн. Ошондуктан талаш-тартыш маселе чыкчу болсо, башка көз карандысыз эксперттерди чакырып, алар менен эмгектерди бирге караганга комиссияга укук берилген. Алешемдик болуп кетпесин деп жатабыз да. Жакшы жери - биз азыр жыйынтык чыгарганы турабыз, бирок Ак үйдөн “баланчаны көрсөткүлө” деген өңдүү бир да кийлигишүү боло элек. Биз эркин иштеп жатабыз.

- Олжобай мырза, жогорку кызмат адамдары мамлекеттик сыйлыктарга аралашып, кадырын салган учурларга күбө болдуңуз беле?

Олжобай Шакир: Жашырып-жаап эмне кылабыз. Бизден сынды туура кабыл алган Султан Раевге ыраазы болдум. Султан Раев, Кожогелди Култегин баш болгон чыгармачыл чиновниктер кызматта турганда өздөрү менен үзөңгүлөш жүргөндүн барын кошоматчы кылып алгандай болду да, айрымдары рецензия да жазып жүрүштү. Анда ошолордун эле китеби окулуп, ошолор эле коомдо сөз болуп жаткансыды бир кезде. Ал эми чыгармачыл адамдар бийликтин кандай тепкичинде турбасын, эгерде ошол маалда сыйлык алышса, өздөрүнө аброй деле алып келбейт. Мен өткөндө бул боюнча азыркы президенттин кеңешчиси, Токтогул сыйлыгына талапкерлердин бири Арслан Койчиевге да кайрылдым. “Дос күйдүрүп айтат принциби менен сүйлөшөлү, биз ушул салтты качан бузабыз, качан тарыхый бурулуш жасайбыз” дедим.

Маданият чөйрөсү коомдун ирип-чиригенине кейип жатабыз, бирок биз өзүбүз үлгү болбой жатабыз. Жадагалса жарандык позициясын билдире албай жүргөндөр арбын. Сын өнөрү өнүксө, тааныш-билиштик токтомок да. Анан ким кадырлуу болсо эле сыйлык ала берсе, туура болбойт. Токтогул сыйлыгын кимдер гана албады.

- Сиз сыяктуу талдап, сындап жаткандар сыйлыкка көрсөтүлгөн эмгектер туууралуу эмес, көбүрөөк автор жөнүндө талкуулап жаткандай болууда. Жараксыз эмгек болсо, ошону көрсөтүп бергенге болобу? Комиссиянын калыстыгынан күмөн санабаш үчүн эмне сунушуңуз бар?

Олжобай Шакир: Көп жылдык тажрыйбалуулардан башка да, адабият, искусство астанасын жаңы гана аттаган, жарк эткен таланттар көп болушу мүмкүн арабызда. Эмне үчүн ошолор Токтогул сыйлыгын алса болбойт? Мисалы, Жеңишбек Ысманов деген опера ырчысы бар, Европаны дүңгүрөтүп жүрөт. Өткөндө Германияда концерти болду. Италияда да ырдап жүрөт. Концерттери аншлаг менен өтөт экен. Мындай таланттарды санасак, башка тармактарда да бар. Биз өз казаныбызда кайнап эле, кудуктагы бакадай болуп жатабыз. Түгөлбай агабыз калыс киши, бирок эртең сыйлык ээлери аныкталгандан кийин баары бир ага көө жабышат.

Түгөлбай Казаков: Жыйынтыгы чыга электе эле жугунду куюп жатышпайбы. Бул сыйлык элге кеңири белгилүү болгон, резонанс жараткан, жарандардын жан дүйнөсүн козгой турган гана чыгармаларга берилиши керек. Бирок эч ким билбеген чыгармаларды деле алып келип жатышпайбы. Мисалы, бирөөлөр келет “мен алтымыш китеп жаздым” деп. Азыр, тилекке каршы, баалуулуктар алмашып кетти бизде. Арабызда көп жыл иштегенин, көп жаза бергенин татыктуу эмгек деп эсептеп алгандар көп. Мисалы, андайлардын алтымыш китебинен Ашым Жакыпбековдун “Теңири Манас” китеби төөлүк жогору болушу мүмкүн. Жакыпбековго да сыйлык өлгөндөн кийин берилди.

- Сиз өзүңүз да бул сыйлыкка көрсөтүлүп, бирок илинбей калгансыз. Ошол кезде комиссияга нааразы болдуңуз беле?

Түгөлбай Казаков: Мени алар бир пункт менен эле жыга чабышкан. Жүйөлөрү – "сенин ырың эски, эч нерсеге жарабайт" дешти. Себеби, эски чыгармалар жарабайт деген жобосун көрсөтүштү. Эми ал кез өттү, кетти.

- Ушул тапта белгилүү акын Омор Султановго адабият тармагы боюнча Токтогул сыйлыгын берүү тууралуу демилгелер байма-бай айтылып жатат. Сыйлыкка сунушталбаса деле, айрым шарт-жагдайды эске алып кимдир бирөөгө сыйлык берүүгө мүмкүнбү?

Түгөлбай Казаков: Мындан көп жыл мурун анын жобого туура эле чыгармасы көрсөтүлгөн. Бирок угушумча мурдагы комиссиянын төрагасы менен анын мамилеси өтө начар экен. Анан Султановду да жобонун “эски чыгарма көрсөтүлсө үчтөн экиси жаңыланышы керек” деген пункту кулаткан экен. Мен Омор аганын өзүнөн да “эмне үчүн сизге берилген жок” деп сурасам, “сага болбойт дешти, болбосо болбойт да” деп жооп берген. Мен учурунда идея айткам, “көрсөтүлгөн чыгармаларды жаңы-эски деп бөлбөй эле, жалпы чыгармачылыгын жыйнап туруп берсе эмне болмок” деп. Анан “Мындай болсо сыйлыкка Токтогул Сатылгановдун өзүнөн баштап көзү өткөн көп таланттын баарын көрсөтүшөт, анан отурасыңар” деп коюшкан. Өткөндө Омор Султанов боюнча абдан эле аракет кылышты, акыркы жылдары чыккан китептери болсо сунуш кылалы деп. Ал тургай комиссиядагы айрымдар үйүнө чейин барып келишти.

Олжобай Шакир: Мунун эң оңой механизми, бир топ барак жобо жазбай эле, интернеттин заманында башкача кадамга өтүшүбүз керек. Дүйнөлүк тажрыйба рейтинг деген бар. Андан өткөн жакшы нерсе жок. Жобону эки эле бет кылып, театр, адабият, кино жана башка тармактагы сынчыларга ачык сынак жарыялап коюшсун. Анан коом да ачык талкуулайт эле.

Түгөлбай Казаков: Комиссиянын баарын жоюп, сыйлыкка көрсөтүлгөндөрдү комчулукка алып чыктык дейли, анда чыныгы башаламандык жаралат. Кыйкырган, чыңырган, каралаган макалаларды ким жазат? Аны таланттуу кишинин адамдары жазбайт эч качан. Аны талантсыздардын тарапташтары жазат. Анан рейтинг аныктоодо да соода башталат. Болбойт мындай!

Олжобай Шакир: Өнүккөн өлкөлөр деле шайлоону онлайн түрдө өткөрүп жатпайбы. Чыгармачыл уюмдар жашыруун иш кылгыдай диний уюм эмес да. Комиссия эле талант тагдырын чечип койгон болбойт. Элдин баары азыр адис эмес, сынчы, искусство изилдөөчү дегендер жок. Ошон үчүн Токтогул сыйлыгын ыйгаруучу комиссия ушул иштерди уюштурушу керек.

Түгөлбай Казаков: Ушул учурда көзү тирүү мыкты акын, жазуучу же драматург ким деп аныктап көргүлөчү. Бир пикир болмок беле ошол жерде?

“Азаттык”: Сыйлык 2017-жылы берилген боюнча токтоп турат. Өткөн жылдары эмнеге берилбей калды эле?

Түгөлбай Казаков: Анын себеби ошол кезде мурунку төрага (ред. Бексултан Жакиев) ооруп калганына байланыштуу болду жана комиссия мүчөлөрү эмгектин баарын караган эмес. Азыр документ кабыл алган кеңсебиз башка жакка көчүп жатат. Документтердин укуктук жагын да тактоо иштери бар. Чыгармачыл союздардан келген документтердин барын карап чыгып, анан комиссия чечет. Айрым мүчөлөр сырт жакта жүрөт, ошолордун баары чогулгандан кийин чечебиз.

Токтогул мамлекеттик сыйлыгы 1965-жылдын 16-июнунда Кыргыз ССР Министрлер советинин токтому менен кыргыз адабиятын жана искусствосун өнүктүрүү, адабият, музыка, искусство, театр жана кино жаатындагы көркөм чыгармалардын авторлорун сыйлоо максатында, ошондой эле улуу кыргыз совет акыны Токтогул Сатылгановдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата негизделген.
Сыйлык алгачкы жолу Токтоболот Абдумомунов, Гапар Айтиев, Муратбек Рыскулов, Виктор Виноградов, Аалы Токомбаевге ыйгарылган.
Кыргызстан эгемендик алган соң өкмөттүн 1995-жыл 13-ноябрындагы токтому менен аталган сыйлык кайрадан түзүлгөн.
  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG