Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Мааниси кеткен мамлекеттик наам


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Маркум комузчу Руслан Жумабаевге мамлекеттик сыйлык ыйгаруу демилгеси көтөрүлдү. Маданият министрлиги комузчуга наам же сыйлык берүү жагы ал көзү тирүүсүндө эле каралып, белгисиз себептерден улам ишке ашпай келгенин, бул демилге быйыл да көтөрүлөрүн айтты. Анткен менен "эмне үчүн мамлекет эл тааныган таланттарды көзү барында баалабайт?" деген суроо коомчулукта көп берилет.

Кечээ жакында мезгилсиз дүйнөдөн өткөн залкар комузчу Руслан Жумабаевдин бир дагы мамлекеттик наамга ээ болбой келгени коомчулуктун сыйлыктар боюнча нааразычылыгын кайрадан күчөттү. Ага чейин мурдагы президенттин шопуру Икрамжан Илмияновго "Манас" ордени, Самара Каримова, Гүлжигит Сатыбеков, Мирбек Атабеков, Бактияр Токторов баштаган эстрада ырчыларына "Эмгек сиңирген артист" наамы берилгени коомчулуктун талкуусуна түшкөн.

Садык Шер-Нияз
Садык Шер-Нияз

Парламент депутаты Садык Шер-Нияз бул көйгөйдү эч ким нааразы болбогондой чечүү үчүн мамлекеттик сыйлык берүү боюнча комиссиянын мүчөлөрүн жалаң чыгармачыл адамдардан түзүү зарыл деген пикирин айтты:

- Руслан Жумабаев өтүп кеткенден кийин жер чаап калдык. Ушундай нерселер өтө көп болуп жатат. Бир кезде Майра Керим кызы менен да ушундай окуя болгону эсимде. Бизде мамлекеттик наамдар боюнча комиссия бар. Менимче биз мындай нааразычылыктардан кутулуу үчүн ошол комиссиянын курамына жалаң гана өнөр адамдарын киргизиш керек. Мисалы, Токтогул сыйлыгына талапкерлер чыгармачыл кишилердин талкуусунан өтөт. Башка эч ким киришпейт. "Сыйлыкты буга бер, буга бербе" деп өкмөт башчы да, президент да киришпейт. Ошондуктан Токтогул сыйлыгы баалуу. Бул ишти чыгармачыл чөйрөгө бериш керек. Президент милдеттүү түрдө чыккан жыйынтыкка кол койсо туура болот.

Мамлекеттик наамга көрсөтүүнүн тартиби боюнча сыйлыкка татыктуу ишмерлер алгач өздөрү иштеп жаткан мекеменин жамааты тарабынан сунушталат. Ал тизме Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин комиссиясында каралат. Министрликтен тандалган талапкерлер мамлекеттик сыйлык берүү комиссиясынын элегине салынып, андан өткөндөр президенттин жарлыгы менен сыйланат. Акыркы комиссиядан өткөн тизмени президент да өзгөрткөнгө, оңдогонго укуктуу.

Курмангазы Азыкбаев.
Курмангазы Азыкбаев.

Эл артисти Курмангазы Азыкбаев сыйлык берүүдөгү адилетсиздик негизинен саясий кызматта отурган аткаминерлер аралашкан учурда болот деген ойдо:

- Акыркы мезгилде "Эмгек сиңирген артисти" наамын алгандардын баары караокечилер болуп атат. Биздин маданиятка азыр эң катуу эволюция кылыш керек. Алтургай революция жасоо зарыл. Наамдын баары трайбализм, бюрократия болуп алган. Үстү жактан тапшырма келди деп чечип коюшат. Мындан мурда эки президент болду. Наамды алардын шопурлары башкарып жүрбөдүбү.

Азыкбаев маркум Руслан Жумабаевдин шакирттери мамлекеттик наамга жетип, тилекке каршы өзү мындай моралдык колдоодон куру калып өтүп кеткенине кейиди.

Алтынбек Максүтов.
Алтынбек Максүтов.

Мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов өзү кызматта турганда ага сыйлык сураган эки миңден ашуун өнөр адамынын документтери келгенин эстеп, эгемендик жылдары сыйлык берүү да кандайдыр бир деңгээлде коррупциялашып кеткенин кеп кылды:

- Совет доорунан бери мамлекет чыгармачыл адамдарды сыйлык берүү менен алаксытып, стимул берип келген эмеспи. Ал кезде аябай так, таза карашса керек. Эгемендик алгандан кийин бизде эки жолу төңкөрүш болбодубу. Ал бардык тармакка таасирин тийгизип, кан-жинибиз аралашып кетти. Бул наам берүүгө да келди. Ошондо бийликте тургандар наамдарды жакындарына, туугандарына же акчасы барларга берип, ал эми көпчүлүк татыктуу адамдар артка сүрүлүп калды.

Мурдагы министр мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн талапкерлерди электен өткөргөн комиссия ачык-айкын иштесе деген сунушун кошумчалады:

- Азыркы заманда тандоочу адамдардын иши тууралуу атайын онлайн көрсөтүү жасаганга болот. Бериле турган наамга талапкерлерди акырына чейин талкуулап, кимдин ким экенин иргесе бир айдын ичинде татыктууларды таап чыкса болот. Бизде наамга сунушталгандар үч электен өтөт - иштеген жеринен, министрликтен жана жогорку жактагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын элеги. Ошол жерден ал жактагылардын тааныш-билиштери аралашып кеткен учурлар көп. Элибиз азыр аябай жигердүү. "Фейсбуктан" өздөрүнүн көз карашы аркылуу эле ким татыктуу алды, ким татыксыз алды, ким тааныштары менен алды деп, мунун баары алаканга салгандай көрүнүп калып жатат.

Максүтов "Мамлекеттик наамдар жөнүндө" мыйзамдын жол-жобосунда эч кандай кемчилик жок болгону менен, аны ишке ашыргандардын адамдык абийирине байланыштуу чечимдер жогорудагыдай нааразычылыктарды жаратып келерин белгиледи.

Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Жылдыз Сманбаева "Азаттык" үналгысына наам албай көзү өтүп кеткен өнөр адамдары тууралуу мындай деди:

- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" мыйзамынын 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык аскердик, кызматтык жана жарандык милдетин аткарууда баатырдык, каармандык, тайманбастык жана эрдик көрсөткөнү үчүн "Эрдик" медалы менен сыйлоо көзү өткөндөн кийин да берилиши мүмкүн. Көзү өткөндөн кийин башка мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана ардак наамдарын ыйгарууга болбойт.

Сманбаеванын айтымында, мамлекеттик сыйлыктарды берүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү өлкөгө кадыр-барктуу инсандар. Бирок алар ким экенин айтууга болбойт. Анын ырасташынча, комиссияны акыркы мезгилдерде президент өзү түзүп жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG