Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Ашым Жакыпбековго арналган айтыш өтөт


14-15-декабрда Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреты, жазуучу, киносценарист, котормочу жана манасчы Ашым Жакыпбековдун 80 жылдыгына арналган эскерүү кечеси жана төкмө акындар айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Айтыштын тандоо туру 14-декабрда Мамлекеттик тарых музейинде башталды. 15- декабрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Ашым Жакыпбековду эскерүү кечеси жана “Айтыштын” финалы жыйынтыкталат.

Жакыпбековдун биринчи китеби 1961-жылы “Жараланган көгүчкөн” деген ат менен чыккан. Ошондой эле ал “Кыйын багыт”, Шаа-Ата”, “Биз атасыз чоңойдук” деген сыяктуу терең психологиялык повесть, аңгемелердин автору. “Теңири Манас” романы 1994-жылы жарык көрүп, көзү өткөндөн кийин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Жазуучу 1994-жылы 59 жаш курагында Бишкек шаарында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.(ZA)

XS
SM
MD
LG