Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:36

Олжобай Шакирдин иши, көз карандысыз экспертизанын бүтүмү


Олжобай Шакир сотто. Бишкек. 1-апрель, 2024-жыл
Олжобай Шакир сотто. Бишкек. 1-апрель, 2024-жыл

Көз карандысыз экспертиза жазуучу жана публицист Олжобай Шакирдин камалышына негиз болгон видеодо "жапырт башаламандыкка чакырык жок" деп корутунду чыгарды.

Мамлекеттик эксперт менен тергөөчү отурумга келбегендиктен дүйшөмбү күнгө белгиленген сот жараяны бир аптага жылды. Олжобай Шакир өзү саламаттыгы начарлап жатканын айтып, дарылануу үчүн үй камагына чыгарууну суранууда.

Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунда кезектеги отурум 1-апрелде уланды. Сот залына колунда кишен менен киргизилген Олжобай Шакир отурумга келген жакындарын кайраттуу болууга үндөдү.

Көз карандысыз эксперт корутундусун окуп, Олжобай Шакирдин камалышына түрткү болгон видеокайрылууда калайман башаламандыкка чакырык жок экенин билдирди. Эксперттин маалыматын тасмага тартууга уруксат берилген жок. Көз карандысыз адиске лингвистикалык анализ жүргүзүү үчүн адвокаттар кайрылышкан.

"Биз беш суроо бергенбиз. Анын бири "башаламандыкка чакырык барбы?" деген суроо болгон. Эксперт ага "жок" деп жооп берди. Башка суроолор боюнча ушундай эле жыйынтыкка келди", - деди жактоочу Акмат Алагушев.

Бирок отурум жарым саатка жетпей токтотулду. Мамлекеттик эксперттер (лингвист, саясат талдоочу) жана тергөөчү келбегендиктен, кийинки сот жыйыны 9-апрелге белгиленди.

Олжобай Шакирдин иши февралдын аягынан бери судья Бактияр Матраимовго өткөн. Мурдагы судья Бекболот Жаналиев башка ишке которулган.

Журналист жана талдоочу Мырзакат Тыналиев азырынча көз карандысыз эксперттин тыянагы менен ишке баа берүү мүмкүн эместигин, юриспруденцияда мамлекеттик экспертизанын тыянагы приоритеттүү болорун белгиледи. Ошондой эле журналисттердин, чыгармачыл кишилердин камакка алынышы тууралуу мындай пикирин билдирди:

"Биз көпчүлүк учурда сөз эркиндигинен улам журналисттерге сотто башкача караса, башкача мамиле кылса деген ойдо болобуз. Жөнөкөй адамга караганда журналистке жеңилдик болсо экен дейбиз. Бирок мыйзам алдында баары бирдей болушу керек. Мыйзамдардын өзүндө ишти жеңилдетүүчү же оорлото турган жагдайлар каралган. Судьялар чечимди ошол жагдайларды эске алуу менен чыгарышат".

Олжобай Шакир сот отурумунда. 1-апрель, 2024-жыл.
Олжобай Шакир сот отурумунда. 1-апрель, 2024-жыл.


Дээрлик сегиз айдан бери камакта отурган Олжобай Шакир сотто бөйрөк тушу ооруп турганын, саламаттыгын текшертүүгө тергөө абагында толук шарт болбой жатканын айтты:

"Бөйрөгүм ооруп жатканына эки жумадан ашып кетти. Муну мурдагы сот жыйынында да айтып, үй камагына чыгарууну сурагам. Себеби оорунун күчү бутума да таасир эте баштады. Улуттук коопсуздук комитетинин абагында камалгандар көп, фельдшер жалгыз. Ал кан басымды текшергенден башка эч нерсе кылбайт. Толук текшерүү үчүн камактан сыртка алып чыгышы керек. Бирок башка ооруган кишилер менен алек болуп, мага колу жетпей да жатат".

54 жаштагы Олжобай Шакирге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козголуп, 2023-жылы 23-августта кармалган. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат.

Былтыр 6-декабрда ага айыбы угузулган. Прокурор Олжобай Шакир интернетте адамдарды “жапырт башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келгенин” айтып, “булардын тизгинин кагыш керек” деген сөзү “бийликтин кадыр-баркына шек келтирген, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган” деп билдирген.

Жазуучу коюлган айыпка макул болгон эмес. Ал камалганга чейин президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди дебатка чакырган. Өкмөттүн азыркы саясаты демократиялык баалуулуктарга туура келбестигин белгилеп, 2023-жылы 31-августта онлайн митинг өткөрүү демилгесин көтөргөн. Мындай аракети калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин айткан.

"Мен муну да көрүшүм керек экен. Мамлекеттин келечеги үчүн агартуучулук ишти уланта берем. Килемдин алдында калган чаңды көрбөгөндөй, коом байкабай жаткан маселелер бар. Жазуучу катары, агартуучу катары андай маселелерди биз байкашыбыз керек", - деди ал 1-апрелде "Азаттыкка" комментарий бергенде.

Олжобай Шакир деген адабий ат менен ишмердик жүргүзгөн Олжобай Эгембердиев 2017-жылы “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтын негиздеп, иштетип келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG