Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:29

Абак күндөлүгү: Ачык коом, дин, адабият тууралуу ойлор...


Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.
Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.

Олжобай Шакир - жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист. Учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен кылмыш иши козголгон. Ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан.

Олжобай Шакир абактан жазган үчүнчү катын адвокаты аркылуу берип жиберген.

Адамдар убакыттын, эркиндиктин убалынан коркпойт. Убакытка, эркиндикке баары кесир мамиле кылышканын ойлонбойт. Жада калса абактагылар эркиндикке канчалык зар болуп отурушса да, бул жакта деле эптеп эле убакыт өткөрүү менен алек.

Бирине бири камерадан кыйкыргандар:

- Эмне кылып отурасың?

- Убакытты өлтүрүш үчүн китеп окудум. Өзүңчү?..

- Мен да убакытты өлтүрүш үчүн уктадым баятан.

Ушундай кептерди уккан сайын ай кемпайлык дейсиң. Баарыбызды убакыт өлтүрөт. Эч ким, эч качан убакытты өлтүрө албайт. Убакытты уктап жаткан киши кантип өлтүрөт? Китеп окуганды да кантип убакытты өлтүрүү деп түшүнсөк болот? Китеп окуунун өзү дүйнөгө саякат. Тарыхка саякат. Адам аткырдын жан дүйнөсүнө үңүлөр саякат го. Эгер убакытты өлтүрүү үчүн эле китеп окусаң, демек, сен кара тамгаларга гана көз жүгүртүп, өзүңө кол салып, өзүңдү өлтүргөнүң. Өз убактыңды, өмүрүңдү сыйлабагандык. Өмүрдү сая кетирүү - кудай алдында кечирилгис күнөө!

***

Изденген адамдарга убактылуу абак жай – рухий деңгээлиңди өстүрөр улуу мектеп.

***

Жанымдагы жигит менин баш көтөрбөй жазып отурганымды же китеп окуганымды көрүп, мени алаксытпоого аракет кылат. Анан бир убакытта эригип кеткенде темир каалганын түбүнө барат да коңшу камерадагылар менен кобурашып убакыт өткөрөт. Эгер мен керебетте жөн гана көздү, бутту эс алдырып, тулку бойду керип чалкалап жаткан болсом, жаныма отурат да:

- Сиз менен эми сүйлөшсөм болобу? - дейт.

- Жок, - дейм. – Өзүң менен өзүң сүйлөш. Мен айтканды аткар, анан сүйлөшөбүз. Мага окшоп күнүгө 30-40 мүнөт же бир саат сүкүт чалсаң, менин да, башкалардын да кереги жок сага.

- Сиз айткандай болбой атпайбы баары.

- Болот акыры. Медитация ыракатын дароо сезбейсиң. Ага убакыт керек. Медитация аркылуу өзүңдү изде, тап, анан өзгөрө баштайсың.

- Буюрса, ушул жактан чыкканда кесибимди өзгөртөм. Сиздей болууга аракет кылам.

- Оболу адам өзүн өзгөртүүгө тийиш. Кесибиңди канча өзгөртпө, баары бир баягы эле сенсиң. Сен бул жердеги адаттарыңды эркиндикке чыкканда да таштабайсың. Ар ким менен бабырашып сүйлөшкөндү койбосоң, үйүңө барганда деле ар ким менен жолугушуу, сүйлөшүү менен өтүп кетет өмүрүң. Андан көрө медитация кылып, өзүң менен өзүң көбүрөөк жолугуш, көбүрөк сүйлөш. Албетте, азырынча медитация кылууда өзүң менен жолукпайсың, сүйлөшпөйсүң. Тек гана былк этпей отур. Өз демиңди тыңшагандан башка эч нерсе кылба. Бардык концентрация ошол. Дем алып, дем чыгарууга гана кунт кой, - дейм да кепти үзөм...

***

Абактагы кишинин бир өзгөчөлүгү:

Бир жакка шаштырган иши жок үчүн эмне кылбасын баарын тыкан, шашпай, болгон дитин коюп жасоого үйрөнөт экен. Үйдөн келген тамак-аштын кенедей күкүмүн ысырап кылбай түгөткүң келет. Тамак-аш кандай мээнет менен табылып, кандай азап менен бул жакка киргизилгенин ар бир арестант билет. Кээде эки көзүңдү төрт кылган, керектүү оокатың келип калар болсо, андан өткөн кубанычың да жок. Көрсө биз эркиндикте жүргөндө кенедей нерсеге кубанганды унутат экенбиз. Кенедей, майда көрүнгөн нерселерге көңүл бурбайбыз.

***

Өткөндө үйдөн бал келди. Желим идишке тыкыйта оролгон бал бир аз төгүлүп калган экен, бирок мен пакетке төгүлгөн балды кашык менен шашпай сыдырып салып отурганымды тиктеген жигит мага таңгалгансып отурганынан:

- Байкуш аарылар муну да чоң мээнет менен жыйса, эч болбосо талаа түздөн чоң мүшкүл менен жыйылган аарылардын түйшүгүн да сыйлайлы, - дегеним жанымдагы жигитке катуу таасир этти көрүнөт: Кудай-таала жараткан ар бир майда жандыктын да мээнетин сыйлоо зарыл экенин ойлонуп калды.

***

Абак адамды эмнеге гана үйрөтпөйт. Мени сарамжалдыкка, жаратмандыкка үйрөтчүдөй. Бул жакка батинкенин боосун дагы киргизишпейт. Кур, жип-шуунун баарын алып коюшат. Анан камерадан кириңди жуусаң, аны кургатуу азап. Керме тарта турган эч нерсе жок. Кир-когуңду керебеттин башына жайсаң болот, бирок жаздыгың, төшөнчүң суу болот. Ошон үчүн мен тамак-аш салынып келген майда пакеттерден өйдө чогулта бердим эле, эми аларды бир-бирине бекем түйүп, кермелерди жасап отурам. Бири узун, бири кыска. Кыскасын эки керебеттин ортосуна кере тартып, ич кийим, байпактарды кургатсам болот. Узунун дубалдан тартып, терезенин темир торуна тартып барсам болчудай. Ага сүлгүлөрүбүздү, көйнөк, шымдарыбызды жайсак болот. Кокус арестанттардын коопсуздугун текшерүүчүлөр камерабызга келип, тинтип калышса да биздин желим баштыктардан жасаган кермебизге тийбесе деле керек. Себеби ага адам асынып өлүшү мүмкүн эмес.

***

Апелсин менен лимондун кабыгын ыргытпайм. Алардын ичин жеп, кабыгын майдалап, кумшекерге чылап коюп жейбиз. Биз витаминдүү тамактарды жемейин ден соолугубуз сакталбайт.

***

Бир саат тренажер залында болдук. Көл-шал тердегенден кийин душка жуунган кандай ыракат. Үйдө кээде ваннага түшкөндөн эригет элем, бул жакта бир саат жуунгандын өзү чоң ыракат. Андан соң камерага келгенден кийин терезеден кирген таза абанын көңүл сергиткеничи.

***

Мен негизи бул жакка келгенден тартып эле абактагы абалдын жакшы жактарын гана көрүүгө ниет кылганмын. Абактын жаман жактары өзү менен калсын. Мен бул жактан дайыма таза абаны сезем. Анткени УКМК имараты борбор калаабыздын Эркиндик паркынын аягында болгондуктан, бактагы бак-дарактардан бөлүнгөн таза кычкылтек түз эле биздин терезе тарапка согуп тургансыйт.

***

Акыркы жылдарда Бишкекти каптаган ыш коомчулуктун көңүл чордонунда. Шаардын экологиялык абалы өтө начар. Жайдын ысыгында иттен көлөкө талашкандай абалды баарыбыз билебиз. Тилекке каршы, шаар бийлиги калааны көрктөндүрүү, бак-дарак тигүү зарылчылыгын ойлонбой келет. Шаар ортосунан шарылдап аккан эки-үч дарыя суусун тизгиндеп, сууну туура пайдалануу саясаты болгондо, борбор калаабызды көлөкөгө чүмкөп коюшпайт беле, аттиң. Абасы да тазарат эле. Жан сергитер бак-дарактар, газондор суу жетпей соолуп жатат. Мөңкүп аккан суулардын пайдасын биз көрбөй, далай суу Казакстандын чек арасынан ары кирип кеткенине бир да аткаминер тынчсызданганын көрө элекмин.

***

Эркиндик паркынын этегинде жайгашкан УКМК имараты чынында шаардын башка жайларына караганда ыштан алыс болсо керек кыш мезгилинде. Борбор калаабызда жайдын күнү деле транспорттун түтүнүнөн думуккандар толтура. Бул жакта болсо транспорттун үнү да угулбайт, түтүнү да келбейт. Тек гана арестанттардын чеккен чылымына уугасың кээде.

***

Короого сейилге чыккан маалда ар ким кыйкырышып сүйлөшүп калышат, бирок нөөмөттө тургандардын көзүнчө сүйлөшмөй жок. Бирөөлөр менен сүйлөшкөнүң үчүн короодогу сейилдөө укугуңдан ажырайсың.

Бүгүн бир аял менен бир эркек короодо бакылдашып калышты.

- Эркек: "Сыртта митингге чыкчулар деле калган жок ко ээ?.."

- Аял: "Калбады окшойт".

- Эркек: "Мен саясий аракетим үчүн абакка түшкөнүмө бир жылдан ашып калды. Ошого сырттан кабарым жок да. Элдин митингге чыгар түрү барбы?"

- Аял: "Чыкпайт го эл. Баары эле үйлөрүндө коркуп жатышат. Бирок баары бийликке нааразы".

- Эркек: "Аялдар чыга берсе болмок. Бийлик аларды бир аз аямак".

- Аял: "Аябай калышты го. Журналисттерди тыйгандан кийин ушундай тура саясат".

- Нөөмөтчү: "Дагы сүйлөшчү болсоңор, экөөңдү тең камераңарга кайра киргизип салам".

Муну уккандан кийин экөөнүн тең үндөрү тып басылды...

***

ӨКҮТ

Жаздалып колуң мойнумда,

Жатыпсың жаным койнумда.

Кунунан ашып өмүрдүн,

Кусалуу кылып койдуң да.

Көздөрүң жанып мөлтүлдөп,

Көңүлүм балкып, көлкүлдөп:

Төгө албайм десең дартымды,

Төгө албас ичте өртүм көп...

Камалып жаткан кезимде

Капкайда баары эсимде.

Түрмөгө чейин жөн жүрбөс,

Түгөйүң элем эсирме.

Кооптонуп келдиң кыйладан,

Корс мүнөз менден туйлаган.

Койдура албай адатым:

Кор болдуң жаным, ыйлаган.

Сыгылдым коомго, батпадым,

Сыгылып өзүм таппадым.

Тар экен дүйнө мендейге,

Тартканым азап, тартканым...

19.09.23

Камерада күзгү жок. Дегеле абак жайга айнек буюмдар таптакыр киргизилбейт. Жанымдагы жигит күзгүгө каранганды эмне мынча жакшы көрөт, билбейм. Терезеге келет, айнекке каранат. Жүзүн сылап каранат, чачын сылап таранат. “Сен экөөбүздү караган эч ким жок. Эмне эле сылаңкороздоносуң?”, - деп канча айттым. Болбойт. Терезенин айнегинен адам жүзүн даана көрүү мүмкүнбү? Жок. Болбой эле карана берет. Эгер терезе жакка мен туруп алган болсом, муздаткычтын үстүндө турган электр чайнекти колуна алат да, ошого каранат. Таранат. Оң жагынан, сол жагынан тиктейт жаактарын...

Ал эми тренажер залга барганда күзгүнүн түбүнөн кетпейт. Дубал бетиндеги күзгүдөн келгенден кеткенче көзүн албайт. Бир саат убакытта мүмкүн болушунча дене-бойду керип, булчуңдарды ишке салуу менен алектенгиң келет. Себеби күнү-түнү көчүк айланбаган камерада кенен-кесир кыймыл жасоо кайда?

- Байке, - деп калды бир маалда. – Өткөндө сиз чачымды кырганда бир тал чач калыптыр кулагымдын үстүндө. Баятан бери ушуну жула албай атам. Жулуп коюңузчу.

Деги көзгө илинсечи бир тал чачы. Эч көрүнбөдү. Ачуум келди анан:

- Сенин бир тал чачың тургай, камеранын күңүрт жарыгында китепти араңдан зорго окуп жүргөнүмдү көрүп атасың го күндө. Койчу ошо бир тал чачыңды!

Бир маалда карасам, тултуюп таарынып калганын туйдум.

- Иним, - дедим анан, - мен сага канча айтам... сырткы өң-келбетиңе көңүл бурганчалык ички жан дүйнөңө көңүл бурганды качан үйрөнөсүң? Сага канча айтам медитация жөнүндө. Эгер медитация жасаганыңда, ички дүйнөңө үңүлүп, сырткы көрүнүшкө мынчалык убакыт коротпойт элең куурап, - дедим.

Үңкүйгөнү көпкө чейин жазылган жок бирок...

***

Анын чачын өткөн жумада тасырайтып кырып бергенмин. Мына анан көрүп ал, коридордо ары өткөн, бери өткөндүн баарынан сурайт десең:

- Чачымда кырдырганда кандай болуп калат экем?

- Сонун, сонун. Жылтырайт, - деп канчалары мактады. Болбой эле улам бирөөнү көрүп калса, тасырайган башы жөнүндө комплимент уккусу келген кургурга бир эле күлкүм келет. Бирок жинимди көбүрөөк кайнаткан үчүн мен аны ички дүйнөңө көбүрөөк үңүл деп тилим тешилгени калды...

***

Үйдө экенде кечки тамактан кийин Назгүл экөөбүз жетелешип алып сейилге чыгар элек.

Абакка келгенден бери кечки тамактан кийин колума китеп алам да, эки керебеттин ортосунда 1-2 саат ары-бери басып, “сейилдегенди” адатка айлантып алдым.

***

Бүгүн таң эрте саат 5те туруп, 4 саат ичинде абак жөнүндө кызыктуу бир пьеса жазып бүтүрдүм. Ушунчалык шыр жазылганына таң калдым. Бүгүн бүтөм деп да ойлогон эмесмин. Бир-эки күн идеясы мээмде бышкан үчүнбү, отурарым менен токтоосуз жазылды. Калемим менен акылым тең жарыша иштегени күтүүсүз болду.

***

Үйдө жүргөнүмдө кайсалактап кайсы иштин башын кармоону билбеген учурларым көп болчу. Бул жактан иштин майын чыгарганга машыгып атам.

***

Мен башкаларга сыртымдан толкунданып, токтоно албаган адамдай көрүнүшүм мүмкүн. Бирок мен эбак токтолсом керек. Мен муну төрт жолку сотко барганда сездим. Себеби сот алдында бир да жолу толкунданганым да жок, сестенгеним да жок. Конвойлорго сотко алып баратканда да, чыгарып баратканда да камаарабас мүнөзүм бар экен. Ал эми бул жактагы арестанттар сотко барар алдында өтө тынчсызданып, чочулап турарын туйдум.

20.09.23

Келген күндөн эле чыгармачылыкка шыр кирип кеткеним абийир болуптур. Болбосо мен да башкаларга окшоп уйкусуздуктан азабын тартмак экем.

***

Күндө таңкы 5те, кээде андан эрте турам. Кечкисин 9-10дордо жатам. Күндүзү жарым саат, бир саат уктайм. Мунун баарын мактаныч үчүн жазып отурганым жок. Тек адам өзүн кандай шартта болбосун колго алса болорун мен абакта өз башымдан өткөрүп атам. Албетте, биринчи күндөрү жаман түштөр кирип, жаман уктап, санаа баскандай болдум. Бирок өзүмдү өзүм жебеш үчүн өзүмдү алаксытууга чыгармачылык чоң түрткү берди. Китеп окуп өзүңдү алаксытуу да анчейин туюлду. Себеби китепти окуп атканың менен ой-санаа ээрчип алат. Ал эми чыгармачылык процесс таптакыр башка.

Сен ар бир секундда концентрация издейсиң. Чыгармачылык процесс баарынан маанилүү болуп калат. Мына анан абак мага ыңгайлуу шарт, ыңгайлуу жагдай түзгөн тынч лаборатория болуп калды. Мен ошентип абактын азабын тарткандан тез кутулдум.

***

Адам жашырынбашы керек экен. Мен муну өз турмушумдан көп байкадым. Айрыкча уулум Алик транс-жигит экенин коомчулукка ачык айтып чыккандан башта мурда мени жеп келген ой-санаадан тез кутулганымды билем. Көрсө, биздин шорубуз “Эл эмне дейт?” түшүнүгүнөн кутулбаганыбыздан экен. Айлана-чөйрөбүздөн күйүтүбүздү жашырган үчүн өзүбүздү жейт окшойбуз. Мен муну жанымда жаткан жигиттин мисалынан да туйдум. Башында ал кабагы ачылбай, терең санаага чөмүп, үңкүйүп жүрдү. Ал мени аны менен ачык сырдашуу аркылуу көңүлү ачылып, баягы мен көргөндөгү үтүрөйгөн кабагы ачылып, экөөбүздү күнүгө күлкү коштогон атмосфера жаратып алдык. Бирибизге бирибиз жан тартышып, аяшып, колубузда болгонду тең бөлүшүп, кадимки үй-бүлө мүчөлөрүндөй тирлик кылабыз.

***

Эгер биз ачык коом, ачык бийлик курганга жеткен эле болсок, ар бирибиз бактылуу жашоону үйрөнөт элек. Биз азырынча ачык коом курмак тургай, үй-бүлөсүндө ачыктык болбогон үчүн бири-бирибизди билбейбиз. Ишеним жок. Бизге бакыттын ачкычы бир гана ачыктык болорун түшүнсөк дейм.

Качандыр бир убакта тибеттик даанышмандардын китебин эки сыйра окуганым бар. Анда да ачыктык гана адамды кубанычка бөлөп, бактылуу жашоонун ачкычы болорун окугамын. Биз ал үчүн балалык мүнөзүбүзгө кайтышыбыз керек. Өзүбүздү баладай ачык мүнөздө алып жүргөндө гана наадандык, арамдык, кара ниеттикти жеңебиз.

***

Азыркы бийликтин шору да жашырып-жапмай саясатына өтүп алганында. Болбосо башынан эле эл менен ачык саясат жүргүзсө, азыркы кырдаалдан оңой чыкмак. Мамлекеттик маанидеги иштердин баарын эл менен макулдашпай, бийликтеги бир ууч топтун акылы менен чече бергендиктен туюкка камалган абал түзүлдү. Эл менен бийликтин ортосунда диалог түзүү кыйындап баратат. Авторитардык бийликтин мүнөзү акыры ушул туюкка кептемек.

Эгер биз парламенттик башкаруудан кайтпай, баары коомчулук менен ачык талкууланып, ачык саясат жүргүзүлгөндө - эл менен бийликтин ансамбли жуурулушуп, коомдук гармонияны жаратмакпыз. Тилекке каршы, жеке бирөөнүн соло концерти кандай тажатма болсо, жеке адамдын бийлиги да элди тез жадатып, элдин кыжырына тиери белгилүү.

***

Адвокатым Бакыт Автандилдин билимдүү, өткүр, кылдат баамчылдыгын көргөндөн тарта мындай ишенимдүү юрист менен азыркы мамлекеттик машинеге каршы туруштук берсе болоруна көзүм жетти. Тарыхты өзгөртүүгө котологон чоң топтун кереги жок, тарыхты саналуу адамдар деле өзгөртө алат. Тек гана жаркын идеяң болсо, ошол идеяң үчүн чогуу күрөшөр бирин-экин тилектеш адамдар жаныңда таяныч болгону жетет. Мага азыр эптеп эле абактан чыгып кетүү маанилүү эмес. Мага маанилүүсү – ачык-айкын коомду калыптандыруу. Коомдун аң-сезимин, кайратын курчутуу. Чыгармачыл чөйрөлөр менен илим-билим чөйрөсүндө жүргөндөрдү коомдук процесстерге кайдыгер болбой, активдүүлүккө үндөө.

***

Бизде улуттук, мамлекеттик масштабда ой калчагандар өтө саналуу. Көбү топ башкарууга жарайт, эл башкарууга жарамсыз.

***

Динди бурмалай тургандардын көбү абактарда, түрмөлөрдө отурат. Алар убакытты кандай өткөрөрүн билбей, кудайга жалынышат. Анан кудайга жакындоонун жалгыз жолу ушул деген түшүнүк менен билсе-билбесе дагы намаз окууну үйрөнүп башташат экен. Өзү билбегенди темир тордон башын чыгарып алып коңшу камерада отургандардан сурашат. Тигиниси өзү билгенди дөөрүйт. Беркиниси “а ошондой беле”, - дейт да, тигинин айтканын айныгыс чындыктай санап, ошону менен дин жолуна түшкөндөрдү абактар, түрмөлөр фабрикадай эле даярдайт экен.

***

Эгер дин жолуна түшүү ушул деңгээлде улана берсе, жакынкы жылдарда биздин коомду диний фанаттар каптайт...

Буга дейре абактан, түрмөдөн келгендин көбү намазга жыгылганды үйрөнүп келишкенин көп уктум, көп көрдүм. Көрсө, бул жакта абакта убакыт өткөрө албагандын көбү диндин асылдуулугун тайыз түшүнгөндөрдүн жолун ээрчип, абак жайлар диний лагер болуп калыптыр өзүнчө!

***

Кечээ бирөө биздин камерадан китеп сураганынан, макул берели десек, “Жок мага диний китеп болсо бергиле башка китепти окуй албайм”, - дейт. Башка китептерди окуй албаган адам динди жыргатабы? Адам дүйнөсүн тааныгысы келбеген пенде динди кантип тааныйт?

***

Абак жайларындагы бул абалды жолго койбосо, мамлекеттик саясат өтө опурталдуу тагдырга тез эле кабылат. Жакынкы жылдарда эле ислам динин тайыз, тайкы түшүнгөндөрдүн армиясы пайда болот.

***

Биздин коомдо диндин асыл наркын терең таануу маселеси жолго коюлбай келет. Билими, түшүнүгү терең диний көсөмдөрдү гана бул маселе тынчсыздандырбаса, караламан калың массанын арасындагылар мени исламга каршы аракетин абакта отуруп да токтотпоптур деши мүмкүн. Жок. Мен эч качан исламга каршы аракет кылган акмактардан эмесмин. Тескерисинче, ислам дөөлөтүн бурмалагандарга караманча каршымын. Ислам баалуулуктарын тааныбагандын тотукушка айланганына каршымын. Исламдын асылдыгын тааныбагандардын "билермандыгына" каршымын. “Ар ким билген намазын окусун” деген түшүнүк бекеринен чыкпагандыр. Мен ушул түшүнүк менен абактан кезигиштим. Буга чейин дин жолунан алыс жүргөндүн көбү абакка түшкөндөн тартып эле намаз окууну ниет кылганын туура түшүнсө да болот. Бирок өзүнө окшоп кайсы бир кылмышка шектүү арестанттардын "билермандыгы" менен дин жолуна түшкөндүн өзү канчалык ишенимдүү?

Өткөндө бир жылдан ашык абакта жаткан арестант жаңы келип камалган бирөөнү намазга үндөп атат: “Эй үкам, мен айткандын баарын кайталай берсең эле дин жолуна түшөсүң. Мен мурда "биссимилла" дегенден башканы билчү эмесмин. Мен деле намаз окуганды ушул жерден үйрөндүм. Мен айтканды кыла бер”, - дегенин угуп, таң калдым.

Динге ушунчалык жеңил мамиле кылуу менен Кудайга жакса болобу?

***

Ушундан улам мен президент С.Жапаровго, ЖК депутаттарына, УКМК төрагасы К.Ташиев жана Муфтиятка атайы билдирер элем!

Эгерде өлкөбүздүн эртеңин ойлосок, бүгүндөн калтырбай турган аракеттердин бири ушул: абак жайлар менен түрмөлөрдөгү өзүм билемдиги менен дин жайылтуучуларга мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу зарыл! Муфтият жетекчилигиндегилер менен расмий бийликтин ортосунда эриш-аркак аракеттер көрүлүп, абактарга, түрмөлөргө ислам баалуулуктарын туура түшүндүргөн, эң жөнөкөй намаз окууну туура багытта үйрөткөн рухий дааватчылыкты уюштуруу зарыл! Бийлик тобунда намаз окуган депутат, министрлер абактардагы, түрмөлөрдөгү абал менен жакындан таанышып, жогоруда айтылган көйгөйлөргө көңүл бурубаса, жакынкы жылдарда биз ислам дөөлөтүн тайыз, тайкы түшүнгөндөр менен тил табыша албас коомду түптөп алабыз. Ошол опурталдуу коркунучту алдын алуу үчүн парламент депутаттары коомчулукка салар чоң көйгөй...

Мамлекеттик катчы С.Касмамбетов жүргүзөр саясат болууга тийиш.

***

Мамлекеттик катчы үчүн дагы бир приоритеттүү маселе: түрмөлөрдө, колонияларда гуманитардык багытта иш жүргүзүү. Кылмышкер деп таанылган өз жарандарыбыз түрмөлөрдө жатса да адам экенин унутпай, аларга кам көрүшүбуз керек. Алар өз мөөнөтү бүткөндө коомго кайрадан аралашат. Бирок совет доорундагыдай түрмөдөн чыккан адамдар дискриминацияга кабылбасы үчүн алардын да, коомдун да аң-сезимин, психологиясын өстүрүп, баарыбыз гуманизм багытында иш-аракет кылуу менен гана улуттук сапатыбызды, иденттүүлүгүбүздү калыптайбыз, бекемдейбиз.

***

Колония, түрмөлөрдө түбөлүк отурбайт өз жарандарыбыз. Демек манасчылар, төкмө акындар эмнеге ал жактарга барып өнөр тартууласа болбойт? Акын-жазуучуларыбыз адабий жолугушууларын колония, түрмөлөрдө өткөрсө эмнеге болбосун? Гуманизм жарыгын чачар чыгармачыл адамдар колония, түрмөлөрдүн босогосун аттап, китеп жайылталы, чыгармачылык өнөрүбүздү тартуулайлы. Театрлар гастролдоп барса жаманбы? Айтор, биз Кыргызстандын эли “бир үйдүн мүйүзү сынса, миң үйдүн сөөгү зыркырайт” принцибине келмейин, коомду өстүрүү мүмкүн эмес. Мамлекетти алга жылдыруучу күч - өлкөбүздүн ар бир жараны! Өлкөдө кылмыштуулукту азайтуунун жолу түрмөлөргө баарын камай берүү эмес. Бир гана гуманизм идеяларын жайылтып, гуманизм аркылуу кылмыштуулукту токтотушубуз керек.

***

Түрмөдөн бошонуп келгендер коомдон өз ордун оңой табышы үчүн аларга гуманисттик долбоорлор аркылуу алдын ала иш-аракет кылууну Мамлекеттик катчы колго алуусу зарыл. Эртең эмес, бүгүн!

***

Темир тор артында отурган адамга китеп окуудан өткөн жакшы эрмек жок. Тил үйрөнүүгө да абак жайлары жакшы шарттарды түзсө болот. Бизде көпчүлүк аттуу-баштуу жазуучулардын, акындардын китептери миң тираждан ашпайт. Андыктан түрмөлөргө, колонияларга китеп окуу саясатын жолго койсок неге болбойт? Себеби китепкөй улуттун аң-сезими, билими тез өсөт, демек, андай эл дүйнөлүк атаандаштыкка да тез эле жөндөмдүү болуп чыга келет. Мамлекеттик ишмерлерибиз, саясатчылар элдин билимин, аң-сезимин өстүрүүнү азыртан ойлонмоюн, Кумтөргө окшогон кен байлык казуучу жайлардын ону болсо да өнүкпөйбүз. Биз адам ресурсун өстүрмөйүн – ыйык Ала-Тообузду оюп, чукуп кен байлык издегенден пайда жок!

***

АБАКТЫН САБАГЫ

Арестанттар аппак жүзү, өңдөрү –

аптасына беш маал күндү көрмөгү.

Ошондо да бир саат гана буюрат,

Мунун өзү чексиз бакыт туюлат.

Сейил үчүн короо беттеп жүгүрөт,

Күнгө чыгып көйнөк, билек түрүнөт.

Көргөн жокмун арестантты сугалак,

Бир тал чылым бергениңе кубанат.

Бул тагдырдын башка түшүп нак сыны,

Абак жайдан тыйган көбү напсини.

Боштондукта көп жеп-ичип тойбостор,

Ач көздүгүн, жемкорлугун койбостор.

Эл ырысын тоноп жүрүп шүдүңдөп,

Темир тордон үйрөнүшкөн шүгүр деп.

Үйлөрүндө кылбагандар каниет,

Абак жайдан тапкан ыйман, ариет.

Байлык, мүлккө акыл-эси чаңдаган

Кээси мында напси эмне - аңдаган.

Тойбогондор доллар, акча, тыйынга,

Тобо дешет чексиз бир тал чылымга.

21.09.23

Сөз эркиндигинин абалы: Олжобай Шакирге жеткен берене
please wait

No media source currently available

0:00 0:48:39 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG