Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:45

COVID-19: Бразилия менен Мексикада өлгөндөр көбөйдү


Бразилия. 18-май, 2020-жыл.
Бразилия. 18-май, 2020-жыл.

Коронавирустун очогуна айланган Латын Америкасында бейшемби күнү өлгөндөр көбөйдү. Бразилия бул жагынан Италиядан ашып өттү.

Карантин шарттары жумшартылып, расизмге каршы нааразылык акцияларынын кучагында калган АКШда вирус кайрадан күч алышы мүмкүн деп кооптонгон пикирлер туш-туштан айтылууда.

210 миллион калкы бар Бразилияда 4-июнда COVID-19дан 1 473 киши көз жумду. Жоготуулардын жалпы саны 34 021 киши болду. Ошентип өлкө кайгылуу статистикада АКШ менен Британиядан кийинки үчүнчү орунга чыкты.

Бразилиянын президенти Жаир Болсонару пандемия коркунучун көзгө илбей, ишканаларды ачууга чакырып келатат.

Жаир Болсонару.
Жаир Болсонару.

«Бразилияда пандемиядан улам кабыл алынган чараларды карасаңар. Кедейлер өлбөстүн күнүн көрүп калышты, орто класс жакырланып жатат. Бразилиялыктардын баары ушундай абалда. Бул качан аяктай турганын эч ким билбейт окшойт», - деди ал.

Рио-де-Жанейро шаарынын мэри көчөдө соода кылган 10 миңдей кишиге 4-июндан тартып кайрадан ишке кайтууга уруксат берди.

Латын Америкасында миллиондогон адамдар формалдуу эмес тармактарда иштегендиктен, социалдык жактан корголгон эмес.

Мексикада бейшемби күнү 816 бейтап коронавирустун кесепеттеринен каза болду, алдынкы күнү бир миң киши өлгөнү маалымдалган.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Уго Лопес Гателл​ COVID-19 эпидемиясы өлкөдө туу чокусуна жетип турганын бейшембиде билдирди:

«Борбор шаардын айланасындагы аймакта инфекциялангандар, ооруканага түшкөндөр жана илдеттен өлгөндөр өтө көп болуп жатат. Коронавирус жугузуп алгандар азая элек. Өткөн дүйшөмбүдө төмөндөө тенденциясы байкалганын айттык эле, бирок канчалык ылдам жүрүп жатканы так эмес».

Мындай кырдаалга карабай, президент Андрес Мануэл Лопес Обрадор өкмөттүн пандемияга каршы чараларын сындагандарга жооп кайтарып, калкты өтө эле тынчсызданбоого, «психозго» алдырбоого чакырды.

Өлкө бийлиги кендерди, курулуштарды, заводдорду акырындык менен ачууга уруксат берди. Көптөгөн ишканалар АКШда чыгарылган машинелердин тетиктерин жасашат.

Мехико. 26-май, 2020-жыл.
Мехико. 26-май, 2020-жыл.

Негизги эмес деп саналган тармактар дагы эле жабык турат. Бирок башка бир топ мамлекеттерден айырмаланып, Мексикада өзгөчө абал, коменданттык саат же үйдөн чыгууга чектөө киргизилген эмес.

Бир нече убакыт мурун пандемиянын очогу болгон Нью-Йоркто акыркы күндөрдө коронавирустан көз жумгандардын саны күнүнө 50 кишинин айланасында болуп келатат.

Штаттын губернатору Эндрю Куомо Нью-Йорк шаарындагы нааразылык акциялары вирустун жайылышына алып келет деп тынчсызданганын 4-июнда билдирди. Ал акцияга катышканарды жоопкерчиликтүү мамиле кылууга үндөдү.

Калаада экономикалык ишмердикти жандантуунун биринчи баскычы эмки дүйшөмбүдө башталмакчы.

Кошмо Штаттарда бейшембидеги маалыматтарга ылайык, 24 саатта COVID-19дан өлгөн 1 021 киши катталып, жалпы саны 108 120 кишиге жетти. Өлкөдө бир миллион 870 миң киши коронавирусту жугузуп алды, 485 миңге жакыны айыкты.

Ал арада жер-жерлердеги окумуштуулар вакцинаны табуу боюнча аракетин улантышууда. 4-июнда Лондондо өткөн виртуалдык саммитте бул үчүн 8,8 миллиард доллар топтолгону кабарланды. Каражат COVID-19га каршы вакцинаны чыгаруу жана пандемиядан улам токтоп калган эмдөө программаларына жумшалмакчы.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG