Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:34

Чүйдө жол кырсыгынан үч адам мерт болуп, алты киши жаракат алды


Жол кырсыгы Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунда болгон.
Жол кырсыгы Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунда болгон.

17-ноябрда Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Чүйдүн Ысык-Ата районундагы тилкесинде УАЗ үлгүсүндөгү автоунаа менен "Тойота Ипсум" кагышып, унаалардын бири өрттөнүп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен үч адам мерт болуп, алты киши жаракат алды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) куткаруучулар жабыркагандарды автоунаадан чыгарып, “Тез жардам” кызматкерлерине өткөрүп беришкенин билдирди.

16-ноябрда эле Кара-Суу районунда ири жол кырсыгынан сегиз адамдын өмүрү кыйылып, 14 киши жараат алган. Бир ай мурун Таластагы аварияда тогуз киши набыт болгон.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, Кыргызстанда быйыл тогуз айда 5437 жол кырсыгы катталып, 600гө жакын адам көз жумду. Жабыркагандардын саны сегиз миңден ашык. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG