Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Президент сот бийлигинин ишин жөнгө салган мыйзамдарга кол койду


Садыр Жапаров. Архивдеги сүрөт.
Садыр Жапаров. Архивдеги сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын сот бийлигинин ишин жөнгө салган төрт конституциялык мыйзамга кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы 17-ноябрда билдирди.

Биринчи «Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө» мыйзам. Документ Кеңештин статусун, түзүү тартибин аныктайт. Анын тогуз мүчөсүн президенттин, Жогорку Кеңештин, Элдик курултайдын жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү түзөт.

Экинчи «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» мыйзам. Ал судьялардын статусун, көз карнадысыздыгынын кепилдиктерин, судьяларды шайлоо, дайындоо, кызматтан которуу, бошотуу сыяктуу жоболорду аныктайт.

Үчүнчү «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» мыйзам. Бул документте Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун ишин уюштуруу, соттордун жана судьялардын ыйгарым укуктары жазылган. Жогорку соттун судьялары парламнн депутаттарынын жалпы санынын кеминде жарымынын макулдугу менен курагынын чегине жеткенге чейин шайланат. Жергиликтүү жана Жогорку соттун судьяларын парламенттин макулдугу менен президент дайындайт.

Төртүнчү «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзам. Ал соттук өз алдынча башкаруунун жалпы түшүнүктөрүн жана принциптерин аныктайт, судьялар коомдоштугунун жана соттук өз алдынча башкаруу органдарынын иш тартибин аныктайт.

Бул мыйзамдарды Жогорку Кеңеш 30-сентябрда кабыл алган. Документтин демилгечиси катары президент көрсөтүлгөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG