Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:04

Кыргыз киносунун жана Болот Шамшиевдин 80 жылдыгы белгиленди


Бүгүн, 17-ноябрда кыргыз кино кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленип жатат. Буга байланыштуу Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда кыргыз киносунун жана белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдык маарекеси чогуу белгиленди. Иш-чара концерттик программа жана сүрөт көргөзмө менен коштолду. Ага белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер, кино өкүлдөрү катышты.

"Бейне" аталышындагы көргөзмө.
"Бейне" аталышындагы көргөзмө.

Кыргыз киносунун 80 жылдык салтанатында Болот Шамшиевдин чыгармачылык жолуна басым жасалып, ал тасмага түшүргөн каармандардын образдарын белгилүү актёрлор сахнада тартуулашты. Ошондой эле Шамшиев тарткан бир катар тасмалардын үзүлдүлөрү көрсөтүлдү.

1941-жылы 17-ноябрда Кыргыз ССР Эл комиссарлар кеңеши тарабынан Фрунзе кинохроника студиясын уюштуруу тууралуу токтомго кол коюлган. 1961-жылы киностудия "Кыргызфильм" деп аталган. 1994-жылдан тартып 17-ноябрь - Кыргыз улуттук киносунун күнү катары белгиленип келет.

Болот Шамшиев СССРдин, Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы «Манас» ордени жана башка ата мекендик, чет элдик сыйлыктардын ээси.

Ал 1941-жылдын 12-январында туулуп, 2019-жылдын 21-декабрында дүйнөдөн кайткан. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG