Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Арзан көмүр аймактарга да жеткириле баштай турганы айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Арзандатылган баадагы көмүр Бишкектен тышкары башка аймактарга да жеткириле баштайт. Бул тууралуу бүгүн 17-ноябрда “Азаттык” радиосуна “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.

Анын айтымында, өткөн түнү Кара-Кечеден Бишкекке көмүр жүктөлгөн кошумча 50 машине чыкты. Буга чейин борбор калаада ачылган эки кампадан тышкары башка жерлерде жана аймактарда да баасы 3 миң сомдук кампалар ачылат.

Суук түшкөнү көмүр Бишкекте 6-7 миң, республиканын түштүк аймагында 8-10 миң сом сатыла баштаган.

15-ноябрда президент Садыр Жапаров көмүр Бишкекте 3 миң сомдон сатыларын билдирген.

16-ноябрда Бишкекте Кара-Кече кенинен ташылган көмүрдүн бир тоннасы 3 миң сомдон сатыла баштап, алармандар миңге чукулдагандыктан кошумча кампа ачылган.

Бүгүн Интернетте тарап жаткан видеодон көмүр кенинде айдоочулар 3 миң сом деген баа алардын чыгашасын жаппай турганын айтып жатканын көрүүгө болот. Зоотбекова муну ортомчулардын көмүрдү кымбат сатуу аракети деп атап, көмүр ташуу үзгүлтүккө учурабаганын, арзандатылган баада сатуу иши улана берерин, Кара-Кечеде абал тынч экенин кошумчалады.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG