Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Бишкекте талапкердин өкүлү добуш сатып алууга шек саналып кармалды


Бишкекте бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкердин өкүлү добуш сатып алуу фактысы боюнча кармалды.

Бул тууралуу 17-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. УКМК кайсы талапкер экенин ачыктаган эмес. Расмий маалыматка караганда, шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин негизинде ("Шайлоочуларды сатып алуу") Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалды. Атайын кызмат шайлоочулар арасында акча каражаттарын бөлүштүрүү учурунда кармалган адам Бишкек шаарынын бир мандаттуу округу боюнча талапкерлердин биринин С.М.О. аттуу ишенимдүү адамы экенин билдирди.

"Талапкердин жакын тууганы болгон С.М.О. шайлоо мыйзамын бузуу менен Бишкек шаарынын райондук жана үй комитеттеринин айрым төрагаларын мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө, шайлоочуларды акчалай сыйлык алуу үчүн сатып алууга көндүргөнү аныкталды. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө соттун санкциясы менен акча каражатын бөлүштүрүү учурунда пара менен кармалган С.М.О.нун добуш сатып алуу фактылары боюнча төгүндөлгүс фактылар табылган. Кармалган кишинин унаасын тинтүүдө шайлоочулардын дареги көрсөтүлгөн тизмеси менен ири суммадагы акча каражаты алынган", - деп жазылат УКМК тараткан билдирүүдө.

Шектүү сурактын жыйынтыгы менен Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Учурда жогорудагы фактыларды аныктоо жана документтештирүү, шайлоочуларды сатып алуунун жогорудагы мыйзамсыз схемасына тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

УКМК депутаттыкка талапкерлер учурдагы шайлоо мыйзамдары жана саясий партиялар тарабынан шайлоо мыйзамдары бузулган учурда мыйзамга ылайык катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ага 21 саясий партия, бир мандаттуу округдардан 300гө жакын талапкер ат салышууда.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) өлкөдө үгүт иштери башталгандан бери шайлоо эрежесин бузган 158 факты катталганын билдирди. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG