Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:16

Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт


Кыргызстан.
Кыргызстан.

18-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен , Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.​

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -3…+2;

Талас жергесинде түнкүсүн -4...-9, күндүз -4…+1;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5;

Бийик тоолордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -7…-12;

Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 0…-2 градус.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG