Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:37

Прокуратура Эмил Жамгырчиевди 15 жылга соттоону суранды


Эмил Жамгырчиев. Архивдик сүрөт.
Эмил Жамгырчиев. Архивдик сүрөт.

Мурдагы Каржы полициясында жетекчинин орун басары болуп турганда пара алган деп айыпталып жаткан Эмил Жамгырчиевдин сотунда жарыш сөз жыйынтыкталып, анын акыркы сөзү калды. Ишти карап жаткан Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна 17-ноябрда билдиргендей, прокуратура Жамгырчиевди 15 жылга эркинен ажыратып, 250 миң сом айыппул салууну сурап жатат.

Коюлган айып боюнча Жамгырчиевдин адвокаты комментарий берүүдөн баш тартты.

Кийинки сот отуруму 19-ноябрга белгиленди.

2020-жылдын 20-октябрында ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев Жазык кодексинин «Пара алуу» деген беренесинин негизинде кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлаган. Мурдараак анын аты Финполдун Чүй облусундагы башкармалыгында Кытайдан 2018-жылы ташылып келе жаткан контрабандалык өрдөк этине байланыштуу козголгон кылмыш иши жана 50 миң доллардык пара боюнча окуяда аталган.

Жамгырчиев Финполдо жетекчинин орун басары болуп 2018-жылдын апрелинен 2020-жылдын 17-октябрына чейин иштеген. Ал административдик башкаруу боюнча штабды жетектечү.

50 миң долларлык пара тууралуу айыптоолорду Жамгырчиев адегенде «ыплас ушак» деп атаган, бирок кийин мамлекетке 20 миллион сом төлөп берген, быйыл февралда үй камагына чыккан.

Жамгырчиев 28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоого “Альянс” партиясынын тизмеси боюнча талапкер катары катышууда.

Өзгөчө көп өлчөмдө пара алууга шектүү катары Жамгырчиев менен кошо өкмөттүк аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов да кармалып, кийин үй камагына чыгарылган. Ага да прокуратура ушундай жаза чарасын сурады. (RK)

XS
SM
MD
LG