Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:39

Коопсуздук кеңешине 700дөн ашуун арыз жана кайрылуу келип түштү


Коопсуздук кеңешине жарандардан жыл башынан бери 700дөн ашуун арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Алардын басымдуу бөлүгү укук коргоо органдарынын иш-аракеттерине байланыштуу.

Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Мелис Сатыбалдиев бүгүн, 17-ноябрда Бишкекте өткөн "Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун аймагында терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдөгү адам укуктарынын сакталышы" деген аталыштагы талкууда билдирди. Ал ар бир арыз дыкат текшерилип, тийиштүү мекемелердин жетекчилерине сунуш берилип жатканын кошумчалады.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда кыйноо фактылары негизинен кылмышка шектүү адам жаңы кармалганда, милиция бөлүмүндө катталат. Ички иштер министрлиги мындай окуялар жок эмес экенин, кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирип келет.

Кыргызстанда кыйноого кабылгандардын 97% милициядан запкы жегенин айтса, калганы Улуттук коопсуздук комитетинин, Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүнүн колунан азап чеккенин билдирген. Укук коргоочулар балдар үйлөрү менен интернаттарда, карылар үйлөрүндө жана психиатриялык стационарларда кыйноо фактылары барын белгилешет.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2019-жылдан 2021-жылдын сентябрына чейин кыйноого кабылганы тууралуу жарандардан 63 арыз келип түшкөн. Алардын 12и кылмыш курамы жоктугунан кыскартылган, 41 иш иликтенген. Арыз жазгандардын бешөө аял, экөө жашы жете элек өспүрүм.

2012-2021-жылдар аралыгында кыйноо фактысы менен 79 кишиге каршы 26 кылмыш иш ачылган. Алардын 57и акталып кеткен. 18 киши соттолгон жана төрт иш кыскартылган. Сот кыйноо көрсөткөн 12 кишини жети жылдан 12 жылга чейин кескен. Эркинен ажыратылгандардын 14ү ИИМден, төртөө Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү болгон.

Кыргызстанда кыйноого каршы бир айлык башталганын 15-ноябрда Кыйноолорго каршы улуттук борбор билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG