Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

АӨБ Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн 80 миллион доллар берет


АКШ доллары.
АКШ доллары.

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын республикалык бюджетин колдоо үчүн 80 миллион доллар берет. Анын 10,7 миллион доллары грант. Калган 69,3 миллион доллар 24 жылга сегиз жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен насыяга алынып жатат.

Тиешелүү кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы 16-ноябрда жарыялады.

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 1994-жылдан бери 1,3 миллиард доллардан ашык насыя, 811 миллион доллар грант жана 69 миллион долларлык техникалык жардам берген.

Президент Садыр Жапаров 31-августта Ала-Тоо аянтында сүйлөп жатып Кыргызстан былтыр бюджетти жабуу үчүн 350 миллион доллар карыз алганын жана быйыл бюджетти колдоо үчүн бир тыйын карыз алынбаганын билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG