Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

Кош бойлуу аялдарга COVID-19га каршы вакцина алууга уруксат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги 16-18 жаштагы өспүрүмдөрдү, кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды коронавируска каршы эмдөө жөнүндө чечим кабыл алды. Министрлик мындай чараны көбүрөөк адамды эмдөөдөн өткөрүү максаты менен түшүндүрдү.

16-ноябрга карата өлкөдө коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын калктын 46%, экинчи дозасын 37% алды.

Ушул күндөрү жашы 18ден өткөн жарандарга Sinopharm, Pfizer/BioNTech, Astra Zeneca, KazVac препараттары акысыз сайылууда. Саламаттык сактоо министрлиги “Sputnik-V” вакцинасы түгөнгөнүн билдирген.

12-ноябрда Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы Орусиянын “Спутник Лайт” вакцинасынын 200 миң дозасы алынып келген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG